Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Курьерден актерго айланган Нурбол

0
Курьерден актерго айланган Нурбол

28-октябрда кыргызстандык курьер тартылган "Жакын аралыкта" ("На близком расстоянии") деген орусиялык режиссер Григорий Добрыгиндин фильми экранга чыгат. Тасманын премьерасы быйыл "Кинотавр" фестивалында болгон.

Белгилүү орусиялык актриса Ксения Раппопорт менен бир фильмде тартылуу Нурбол Кайратбек уулунун үч уктаса түшүнө кирген эмес.

Коронавирус пандемиясы башталып, дүйнөдө карантин киргизилип, элдин баары үйдө отуруп калган маалда Нурболдун жумушу күчөгөн. Ал Москвада буйрутма менен тамак-аш жеткирүүчү компанияда иштечү. Компаниядагы курьерлердин мессенжерде тайпасы бар. Ал жакта 3-4 миңдей киши катталган. Мына ошолордун арасында режиссер Григорий Добрынский да болгонун эч ким байкаган эмес.

Добрынский курьерлик ишти ичинен билип, өз фильмине каарман табыш үчүн атайын компанияга жумушчу болуп орношкон. Тайпадагы миңдеген адамдардын сүрөттөрүн карап отуруп Нурбол Кайратбек уулун тандап алат.

Нурбол режиссердун көзүнө илингенин орус тилин башкалардан жакшыраак билгеним үчүн болсо керек деп ойлойт. 

"Курьер болуп иштеп жүргөм. Биздин ички чатыбыз бар. Ал жакта кыргыз, тажик, өзбектер көп. Айрымдары орус тилин жакшы билбейт. Кээде чатта "маянамды кантип сурайм?" деген суроолорду берип калышат. Мен ошолорго жооп берип, кеңештеримди айтып турчумун. Аккаунтумдун сүрөтү да жок эле. Бир күнү сүрөтүмдү койдум. Ошонун эртеси күнү эле мага дароо жазышты. "Киного тартылгыңыз келеби?" деген сунуш түштү. Мен буга ишенген жокмун, ошондуктан олуттуу деле кабыл албадым. Эртеси досума айтып берсем, ал "макул боло бербейсиңби, эмнең кетмек эле?" деди. Ошондон кийин жазып, сүйлөштүм".

20 жаштагы Нурболдун Москвага барып иштеп жатканына эки жылдан ашты. Ал жүздөгөн башка мекендештерибиздей эле мектепти бүтөрү менен чет жакка акча тапканы жөнөгөн.

"Өзүм Ош облусунун Кара-Кулжа районунан болом. Бирок Казакстандын азыркы Нур-Султан, мурдагы Астана шаарында туулуп-өскөм. Ошол жактан орус мектепти аяктагам".

Фильмдин сюжети тууралуу айтсак, Италиядан Санкт-Петербургга көчүп келген бир кездеги белгилүү актриса Инга карантин башталганда үйүндө камалып, зеригип отурган болот. Бир күнү ага буйрутма аркылуу тамак-аш жеткирип келген курьер жигит эшигинин алдында эсин жоготуп, кулап түшөт. Ооруну жуктуруп алуу тобокелдигине карабай актриса мигрант жигитти үйүнө алып кирип, ага кам көрүп, атургай бул үчүн курьерге акча да төлөп бермей болот. Бирок бул үчүн курьерге кандайдыр бир шарт коет.

Мына ушундай миграция менен адамдын жалгыздыгын чагылдырган режиссер Григорий Добрыгиндин фильминде баш каарман Инганын ролун актриса Ксения Раппопорт ойногон. Ал эми Нурбол Кайратбек уулу Орусияга жакында эле келген, тилди жакшы билбеген курьердин ролун аткарган. Ал кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн эле жашоодогу образын ойногон.

"Башында бир аз тартынып, уялдым. Бирок мен ойлогондой оор болгон жок. Режиссер, кино тарткан команда абдан күчтүү экен. Мага түшүндүрүп, колдоп турушту. Ошолордун айтканын эле аткарып аттым. Акырындап көнүп кеттим", - дейт Нурбол. Ал фильмди тартуу учурунда белгилүү актриса менен ойноп жатканын деле билген эмес.

 

Журтташыбыз эми актерлук кесип тууралуу ойлоно баштады. Ал бул жаатта билим алсам деп кыялданат.

"Көп эле кыялдарым бар. Америка, Европаны кыдырып, саякаттасам деп кыялданам. Анан билим алыш керек эле. Мектепти аяктагандан кийин эле Москвага кеткем. Жогорку билимдүү болсом дейм. Кыргызстанга киного тартылууга чакырса деле бармакмын".

Нурбол Кайратбек уулу учурда мурдагыдай эле курьер болуп иштеп аткан экен. Өзүн издеп жатканын билгенден кийин тасманын режиссеруна жолукканын билдирди. Григорий Добрынский буга чейин Нурболду издеп жатканын билдирген.





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал, как Москва развивает новые цифровые решения по программе КРТ





Москва

Энергетики «Россети Центр» и «Россети Центр и Приволжье» стали участниками полумарафона «Забег. РФ»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

Мама Тимати рассказала, как относится к нынешней девушке рэпера




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В полуфинале конкурса «Это у нас семейное» в ЦФО победили 74 семьи

Азербайджанцев оправдали за убийство спортсмена Евгения Кушнира в Самарской области. Делом заинтересовался глава Следкома РФ А. Бастрыкин

Бились лопатами, палками и бейсбольными битами: Мигранты устроили массовую драку в Новой Москве


WTA

Потапова проиграла на старте турнира WTA-500 в Страсбурге



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Проект реконструкции дорог в Северной промзоне обсудили в Ленинском округе



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России