Өз саламаттыгына көз салуу, бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылуу - адамдагы эң баалуу сапаттардан. Медицина илимдеринин доктору, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, анестезиология боюнча адис Жамиля Чынгышева “Азаттыктын” студиясына келип дарыгерлик кесиптин түйшүгү менен жоопкерчилиги, жаңы тажрыйбаларды кыргыз медицинасына алып келүүнүн оош-кыйыштары, коомчулуктун саламаттыкты сактоого, дарыгерлерге мамилеси өңдүү маселелердин айланасында кеңири маек курду.
Алты адамдын өмүрү кыйылып, 20дан ашык киши жараат алган Аксы окуясына 22 жыл толду. Адатка айлангандай эле быйыл да бийликке каршы чыккан элге ок атылган Боспиек айылында окуяда курман болгондор эскерилди. Алардын жакындары ошол кездеги бийликтин куралсыз элге ок атканына укуктук баа берилген жок деген пикирин айтышты.
Кыргызстанда Фейсбукка пикир жазганы үчүн айыпка жыгылып же абакка кесилген окуялар уланууда. Узап бараткан жумада оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаровду колдогон билдирүүлөрдү жазып жүргөн Нурбек Кайназаровду Жалал-Абад шаардык соту үч жылга абакка кескени маалым болду.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Чүйдөгү Куттуу-Сай-2 жана Калесай кендерин “Чоң-Кемин” улуттук жаратылыш паркынын аймагынан чыгаруу боюнча Министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости