Ноокатта милиция жаш баланы сүзүп кеткен окуя териштирилүүдө (видео)
Ноокат шаарында жаш баланы сүзүп кеткени айтылган милиция кызматкерлеринин үстүнөн кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев “Азаттыкка” билдирди: - Окуя 20-февралда болгон. Ноокат райондук ички иштер башкармалыгынын ошол күнү кезекте турган кызматкерлери атайын автоунаа менен жолдун четиндеги машинелерди алдырып жүргөн. Алардын айтуусу боюнча көчөнүн жээгиндеги турган тосмодон бир бала секирип өтүп, жолго жүгүрүп чыгыптыр. Ал жерде жөө өтмөк болгон эмес. Читать дальше...