Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2018

Новости за 19.12.2018

Якуп: Футбол ынтымакты бекемдейт

Azattyk.org 

Түркиялык Якуп Мингсар эки жыл мурун Бишкекте “Анадолу” спорт клубун ачкан. Клубда жаш курагы төрттөн 14 жашка чейинки балдар спорттун ар кыл түрү менен машыгат. Түрк жараны түптөгөн клубдун негизги максаты Кыргызстандын атынан дүйнө кубогуна катышчу чебер оюнчуларды даярдоо болуп саналат.

Жээнбеков: Жалал-Абаддын мэринин окуясы териштирилет (видео)

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин шаардын 72 жаштагы тургуну Урниса Турдиевага мэрия имаратында кылган мамилеси териштирилет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 19-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында журналисттин суроосуна жоп берип жатып билдирди: - Мэрдин бул аракетин териштирейин, эгерде 72 жаштагы адамга андай мамиле кылса мыйзам чегинде жооп бериши керек. Урниса Турдиева “Азаттык” радиосуна жиберген билдирүүсүндө 28-ноябрда шаар мэри Мураталы Тагаевге социалдык... Читать дальше...

Ош шаары 2019-жыл үчүн “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланды

Azattyk.org 

Ош шаары 2019-жыл үчүн “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланды. Мындай чечим 18-декабрда Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн Туруктуу кеңешинин 36-отурумунда бир добуштан кабыл алынды. Ош шаарынын “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" болууга толук татыктуу экендигин эл аралык жыйында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов баяндама жасаганда айтып өтүштү. Алар бул сунуш... Читать дальше...



Казак министри ЕАЭБдин бирдиктүү валютасына каршы чыкты

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, Казакстандын улуттук экономика министри Тимур Сулейманов Евразия Экономикалык Биримдигинде (ЕАЭБ) бирдиктүү электрондук валютаны киргизүүнү колдобой турганын журналисттерге бүгүн парламентте билдирди. “Бул менен жеке да, саясатчы катары да көз карашым. Гимн, желек, герб сыяктуу эле улуттук валюта биздин эгемендиктин символу. Биз аны ар тараптан коргоп, сактап, өнүктүрүшүбүз керек. Кандайдыр бир башка квази, прокси валюталарга жол бербешибиз керек”, - деди казак министри. Читать дальше...

Баш калаанын спорт комитети жыл жыйынтыгын чыгарды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети жыл ичинде өзгөчөлөнгөн спортчуларга, машыктыруучуларга, спорт ардагерлерине, баш калаадагы спорттук мектептерге “Жылдын мыктысы” наамдарын, ардак грамоталарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бишкек шаардык спорт комитетинин тандоосу менен бильярдчы Дастан Лепшаков, жеңил атлет Дарья Маслова, оор атлет Ызат Артыков, балбан Жоламан Шаршенбеков, дзюдочу Эрлан Шеров, паралимпиадачы Жыргал Оросбаев, сууда сүзүүчү Владислав Шулико, шахматчы Шаадат Момуналиева... Читать дальше...

КСДП: Жээнбеков Бабановго байланыштуу туура эмес маалымат берди

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубева президент Сооронбай Жээнбеков "Өмүрбек Бабанов боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес" деп туура эмес сүйлөгөнүн билдирди.  Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун жана Өмүрбек Бабановдун ортосунда сүйлөшүү болгонун айтты:  -Муну экс-президент өзү интервьюсунда айткан, аны Бабановдун жакын партиялашы Руслан Казакбаев да тастыктаган. Демек, эки киши айтып жатса, үчүнчү киши "жок" десе, кимисине ишениш керек? Читать дальше...

ЭВФ Украинага 3,9 миллиард доллар насыя бөлдү

Azattyk.org 

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) бул чечими президент Петро Порошенко үчүн келерки жылдагы президенттик шайлоо алдындагы чакан жеңиш деп эсептелүүдө.  ЭВФ 18-декабрда жарыялагандай, бул насыянын 1,4 миллиард доллар өлчөмүндөгү биринчи бөлүгү 25-декабрда, калганы кийинки жылдын май, ноябрь айларында берилет. 18-декабрда Дүйнөлүк банк да Украинанын өкмөтү эл аралык каржы базарынан бир миллиард доллар насыя ала алышы үчүн 750 миллион доллардык насыя кепилдигин бере турганын жарыялады.  ЭВФ насыясы... Читать дальше...

20-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

20-декабрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында бурганак болушу мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5, Талас жергесинде түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...-6, Жалал-Абад, Баткен... Читать дальше...



Абу-Дабиде “Талибан” менен сүйлөшүүлөр өтүп жатат

Azattyk.org 

“Талибан” менен АКШнын ортомчулугу астындагы сүйлөшүүлөргө катышканы кечээ Бириккен Араб Эмираттарына ооган өкмөтүнүн чабармандары да барды. 17-декабрда башталган үч күнкү сүйлөшүүлөр “Талибан” менен ооган өкмөтүнүн ортосунда расмий тынчтык жараянын баштоодогу маанилүү кадам деп каралууда. Бул ирет жолугушууларга “Талибанга” олуттуу таасири бар өлкөлөрдүн: Сауд Арабиясынын, Пакистандын, Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлдөрү да катышууда. Алар 2001-жылы АКШ Ооганстанда аскердик операция баштаганга... Читать дальше...

Жээнбеков: Мөөнөтүм бүткөндөн кийин президент да, депутат да болбойм (видео)

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы кызматынан кеткенден кийин кайрадан бийликке талапкерлигин койбойт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди: - Мен кийин президенттикке, депутаттыкка талапкерлигимди койбойм. Партия лидери да болбойм. Алты жылдан кийин президенттиктен кеткенден кийин кызматымды эсен-аман тапшырып, эл арасында жакшы-жаманда чогуу болуп, аралашып жүргөндү каалайм. Ошону менен катар мамлекет башчысы өзүнөн кийин бийликке келүүнү каалагандарга бирдей... Читать дальше...

Турсунбеков: Президент Текебаев жана Бабанов боюнча туура сүйлөдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков мамлекет башчы Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановдун маселесинде сүйлөгөн сөзүн колдойт. Мындай пикирин ал "Азаттык" радиосуна билдирди:  - Мыйзамга, Конституцияга таянып иш кылсак, анда туура айтты. Анткени мыйзам боюнча күнөөлүүлөрдү сот аныктайт жана атайын кызматтар бар. Бир сөз менен айтканда, Конституциянын негизинде абдан туура айтылды. "Баары мыйзамдын чегинде болушу керек" деген пикирге кошулам. Жээнбеков 19-декабрдагы басма сөз... Читать дальше...

Сасык тумоо күчөп баратат

Azattyk.org 

Кыргызстанда сасык тумоо күчөп баратат. Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 10-16-декабрда сасык тумоо менен катталган адамдардын саны 9077 болду, бул ага чейинки аптага караганда 16% көп. Санэпидкөзөмөл мекемесинин Жугуштуу ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаеванын айтымында, ооруканаларда кошумча орундар ачылып жатат. Оорунун көрсөткүчү былтыркыдан 1,6 эсе жогору болуп жатат. (RK)

Кочкордун ооруканасынын жандандыруу бөлүмү жаңыланды

Azattyk.org 

Кочкордун аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн жабдуусу жаңыланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, бул үчүн бюджеттен 610 миң сом бөлүнгөн. 250 адам иштеген оорукана бир жылда 6-7 миң бейтапты тейлейт. Учурда төрөт, балдар, инфекциялык илдеттер бөлүмдөрү жаңыланып жатат. Кыргызстанда медицина тармагындагы абал каржылоонун жетишсиздигинен эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп эсептелет. (RK)

Жээнбеков: Бизге Орусиянын бир эле базасы жетиштүү

Azattyk.org 

Кыргызстанга Орусиянын дагы бир базасын ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн жок. Бул тууралуу бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди. - Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин буга өзгөчө маани берет. Азыр Канттагы базаны бекемдөө жана кеңейтүү жагы каралып жатат. Бизге Орусиянын бир эле базасы жетиштүү го деп эсептейм, - деди ал.  Канттагы авиабаза 2003-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы келишимдин негизинде 23-октябрда расмий ачылган. ... Читать дальше...

Жээнбеков: Жогорку Кеңеш мөөнөтү бүткөнчө иштеши зарыл

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин азыркы курамы мөөнөтү бүткөнчө иштеши керек. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ушундай пикирин билдирди. Президент Жогорку Кеңештеги партияларды эл шайлаганын айтып, парламенттин сапаты бара-бара жакшырарын, буга убакыт керек экенин белгиледи. - Табыгый жол менен кетишибиз керек. Азыркы жолубуз эң туура жол, - деди Жээнбеков. Жогорку Кеңештин азыркы, алтынчы чакырылышы 2015-жылы беш жылдык мөөнөткө шайланган. Анда 120 депутат бар. (EBM)

Жээнбеков: АКШ-Кыргызстан макулдашуусун даярдоого убакыт керек

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташтык тууралуу макулдашуу боюнча иш жүрүп жатканын билдирди. Президенттин айтымында, бул маселе АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Луга ишеним грамотасын тапшыруу учурунда талкууланган. - Тапшырма берилди. Иш жүрүп жатат. Убакыт керек. Улуттук кызыкчылык эске алынышы керек, - деди президент.  Кыргызстан АКШ менен кызматташтык тууралуу 1993-жылы кабыл алынган эки тараптуу макулдашууну 2015-жылы бир тараптуу токтоткон. Читать дальше...

Жээнбеков: Коррупционерлердин тизмеси узарат

Azattyk.org 

Кыргызстанда жазага тартылышы керек болгон коррупционерлердин тизмеси дагы узарат. Бул тууралуу бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди. Журналисттер ага шайлоо маалында 35 адамдан турган коррупционерлердин тизмеси бар экендиги тууралуу сөзүн эске салышты. Анда Райымбек Матраимов канчанчы орунда экени боюнча суроо берилди. Жээнбеков бул тизме узара турганын айтты. Бирок анда Матраимов бар же жок экенин айткан жок. (EBM)

Жээнбеков: Кол тийбестик боюнча мыйзам мага да тиешелүү

Azattyk.org 

Кол тийбестик боюнча мыйзам Атамбаевге каршы жазылган эмес. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков билдирди: - Бул Конституцияга шайкеш келтирүү боюнча мыйзам. Ал мага да тиешелүү. Ар адам кийинкисин ойлош керек. Менин атам “мамлекеттин укуругу узун” деп айтчу. Баарыбыз мыйзам алдында бирдей болушубуз керек. Экс-президентти кандай учурда жоопко тартуу жобосу даана ,так жазылышы зарыл. Мен эч кимди жоопко тартпайм, мыйзам, тиешелүү органдар жоопко тартат. Читать дальше...

Жээнбеков: Кытайдагы кыргыздар маселесине аяр мамиле кылыш керек (видео)

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кытайдагы кыргыздар боюнча маселеге этият мамиле кылыш керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты. - Ал жердеги биздин туугандарыбыз - Кытай мамлекетинин жараны, ал мамлекеттин мыйзамдарына баш ийет. Ачык айтпаганыбыз менен биз буга байланыштуу тиешелүү иш-аракетибизди жүргүзүп жатабыз. Мунун өзүнүн эрежеси бар. Эки тараптуу келишимдер бар, ошонун негизинде иштеп жатабыз. Коңшулар менен жакшы мамиледе болуп, маселени сүйлөшүү жолу менен чечиш керек, - деди ал. Читать дальше...


Музыкальные новости
Николай Цискаридзе

Артист Цискаридзе признался, что любит Пугачеву и не может без нее жить





Rss.plus
Культура

Бурятский театр кукол "Ульгэр": Россия, Культура, Театр, Дети, Новости - выступление в Иволгинском буддийском дацане на конкурсе по бурятскому языку




Петросян вышел в свет с актрисой Степанян, оставив дома жену с детьми

Смерть до востребования. Знаменитости, в чьей гибели винят «темные силы»

Вильфанд пообещал, что понедельник в Москве станет самым прохладным днем недели




Равшан Жээнбеков: президент журналисттерди бөлүп-жарбаганы жакшы көрүнүш

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз жыйынына журналисттердин тегиз чагырылышын саясатчы Равшан Жээнбеков жакшы көрүнүш катары баалады:  - Оппозициялык маанайдагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Апрель" телеканалынын журналисттери чакырылганы маанилүү. Экинчиден, курч, ага жакпаган суроолор берилип жатат. Анын баарын угуп жатканы, мүмкүнчүлүгүнө жараша жооп берип жатканы жакшы көрсөткүч. Мурдагы президенттердин учурунда да баштапкы жылдары журналисттер тандалбай, баарына суроо узатканга мүмкүнчүлүк берилчү. Читать дальше...

Бишкекте Өмүрбек Текебаевге арналган сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевге арналган сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. "Манас" кинотеатрындагы иш-чараны партия жана саясатчынын тарапкерлери анын декабрь айындагы туулган күнүнө карата уюштурду.  Текебаев өткөн аптада №47 колониядан Улуттук кардиология борборуна которулган. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "орусиялык ишкерден пара алган" деген айып менен былтыр февралда камалган. Ошол жылы августта Бишкектин Биринчи май райондук... Читать дальше...

Жээнбеков: Райымбек Матраимовдун байлыгы текшерилет

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосунун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун байлыгы тууралуу телеберүүсүндө келтирилген жүйөлөр текшерилет. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Коомчулукта "Раим миллион" деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов былтыр ноябрь айында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган.  Өткөн айда "Апрель" телеканалындагы маегинде мурдагы президент... Читать дальше...

Кыргыз-өзбек алакасынын келкели

Azattyk.org 

Ош шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын башчыларынын кеңешинин жыйыны эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын төрагалыгы алдында өттү.

Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлер дене тарбия менен машыгууга милдеттендирилди

Azattyk.org 

Өзбекстандын мамлекеттик мекемелеринде иштегендер мындан ары күн сайын дене тарбия менен алектенүүгө тийиш. Президент бул боюнча жарлыкка 18-декабрда кол койгонун "УзА" агенттигине таянып "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлады.  Аталган жарлык "Жугуштуу эмес оорулардын профилактикасын, сергек жашоону колдоо жана элдин кыймыл-аракетин арттыруу" деп аталат.  Жарлыкка ылайык, мамлекеттик мекемелерде күн сайын гимнастика сааттары, жумасына бир жолу "саламаттык күнү" уюштурулат.  Кызматкерлер чуркоо... Читать дальше...

Жээнбеков: Текебаевдин ишине кийлигише албайм, мунапыс гана бере алам (видео)

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албайт, бирок мыйзам боюнча мунапыс бере алат. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында айтты.  - Бардык соттук инстанция бүткөн, - деди ал. - Жогорку сот караган, бул боюнча өзүнүн чечимин чыгарган. Мен аны буза албайм. Мыйзам боюнча менин бир гана укугум бар – мунапыс берүү. Жазса берейин. Башка укугум жок. Сот чечими мага чейин эле чыккан да. ​ "Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку... Читать дальше...



Москва

Исполнитель хита “На Заре 2020” Сергей АРУТЮНОВ оживил ещё один хит из 20-го века и выпустил песню “Лететь” вместе с её создателями - группой Амега.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Уникальные сервисы в центре "Профессии будущего" упрощают поиск работы



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

Спектакль Бутмана и Хабенского пройдет на Moscow Jazz Festival




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Подмосковье прошли соревнования Кубка Kramar Motorsport по автокроссу

Завершилась сап-экскурсия на фестивале «Москва — на волне. Рыбная неделя»

«Адвокат Валиевой: ей подсыпали допинг и сделал дедушка». Серьёзное расследование.


Ролан Гаррос

Теннисист Рублев вышел во второй круг Открытого чемпионата Франции



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Политика: Эксперты назвали главные направления сотрудничества России и Узбекистана



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России