Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2018

Новости за 19.12.2018

Президент бир тууганы сөз болуудан коркуп сессияга келбей калганын айтты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков сөз болуудан коркуп парламенттин сессиясына келбей калганын айтты.  19-декабрда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы басма сөз жыйынында "Апрель" телеканалынын журналисти "Асылбек Жээнбеков кадрдык маселеге кийлигишип жатканы" тууралуу берген суроосуна мамлекет башчы төмөнкүчө жооп берди: - Асылбек Шариповичтин кеңселери болсо, мага факт бергиле. Кеңсеси жок, үйдөн чыкпай отурат, сөз болот деп коркконунан сессияга да келбей калды... Читать дальше...

"Коопсуз шаар" үчүн 37 аппараттык комплекс келип түштү

Azattyk.org 

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 37 аппараттык комплекс келип түштү, анын ону Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү жолчырактарга орнотулат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 19-декабрда Жогорку Кеӊеште билдирди: - 2012-жылдан бери болбой жаткан жумушту биз алты ай ичинде ишке ашырдык десек болот. 37 аппараттык комплекс келип түштү. Биринчи этапты сынактан утуп чыккан компания менен бирге май айына чейин толук ишке киргизели деп турабыз. Жаңы жылдан кийин орното баштайбыз. Өкмөттүн маалыматына караганда... Читать дальше...



Жээнбеков: Бабанов боюнча сүйлөшүү болгон эмес (видео)

Azattyk.org 

“Өмүрбек Бабанов боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес” деп билдирди бүгүн 19-декабрда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында. - Мен Бабановду КТРКдагы дебаттардан көргөм, ошондон кийин көрө элекмин. Экс менен экөө эмне деп сүйлөштү, эмне макулдашуулар болду, аны билбейм. Бирок айтып коеюн, мен шайлоого кетип жатканда келечек боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес. Менин артымдан эмне деп сүйлөшүштү, эмне сценарий түзүштү - ал менин проблемам эмес, - деди ал. Жээнбеков “мени "саткын" деген атка кондурушту. Читать дальше...

Жээнбеков: КСДПнын азыркы абалын көрүп жүрөгүм ооруйт

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков "Атамбаевсиз КСДП" аттуу жыйындардын өтүшүнө, аны уюштурууга тиешеси жок экенин билдирди. 19-декабрда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы басма сөз жыйынында бул тууралуу айтып жатып, ал Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын азыркы абалына зээни кейип турганын белгиледи. - Мен бул партиянын катардагы мүчөсү эмес, оор мезгилде ошол партиянын башында турган жетекчилердин биримин. Бир кездеги абдан күчтүү, чоң, ийгиликтүү партиянын азыркы абалын көрүп, жүрөгүм ооруп жатат. Читать дальше...

Жээнбеков: Василивецкий маселесинде Фарид Ниязов жооп берсин (видео)

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков жакында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий технологу катары аты аталган Алексей Василивецкийди 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин көргөнүн, башында анын чет элдик экенин билбегенин айтты:  - Бул киши Фарид Ниязовдун жакын адамы, кеңешчиси болгон. Мен премьер-министр болгондо деле мага телефон чалып, аны "жакшы кеңешчи" деп айтканынан кабыл алганмын. Менин эки кеңешчим бар эле, алар аны менен иштөөдөн баш тартышкан. Андан кийин деле эки-үч кат келген... Читать дальше...

Жээнбеков: Аймактарды өнүктүрүү мөөнөтүм бүткөнчө токтобойт

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылында башталган аракеттер анын бийликтеги мөөнөтү аяктаганга чейин уланарын билдирди. 19-декабрда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы басма сөз жыйынында бул тууралуу айтып жатып, ал 2018-жыл бул багыттагы иштердин башаты болгонун белгиледи.  Кыргызстанда 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Коомчулукта бул жыл максатына жетпегени тууралуу сын пикирлер көп.  Басма сөз жыйынына жергиликтүү жана эл... Читать дальше...



Жээнбеков: 2018-жыл саясаты көп жыл болду

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бир жылдык ишине өзү баа берди. “Бул жыл саясаты көп жыл болду. Мамлекеттин өнүгүшү үчүн, өзүмдүн программамды ишке ашыруу боюнча чоң иштерди баштадык. "Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык" деген принцип менен иштедик, көп сүйлөшүү болду, көп маселелерди чечтик. Мамлекет башчылар менен бардык деңгээлде ишенимдүү иштер болуп жатат" деди мамлекет башчысы 19-декабрда өткөн басма сөз жыйынында. Ошону менен катар мамлекет башчысы Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүп алганын белгилеп... Читать дальше...

Рысалиев Атамбаевге: Жээнбековду Аккулага мингиздиңиз, камчысын да бербейсизби

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев Кыргызстандын мурдагы жана азыркы эки президентине кайрылуу жасады. Бүгүн 19-декабрда парламенттин жалпы жыйынында борбордук трибунадан сөз алган депутат экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өлкө башчысы кезиндеги жакшы иштери катары “Үркүндү ордуна коюп кеттиңиз, Көчмөндөр оюндарын көтөрдүңүз, президенттик кызматты ыктыярдуу тапшырып эрдик кылдыңыз” деди. Ошону менен катар ал Атамбаевди башкарууну толук өткөрүп бергиси келбей жатат деп сындады... Читать дальше...

Бишкекте алыш күрөшүнөн эл аралык мелдеш башталды

Azattyk.org 

Бишкекте 19-декабрда алыш күрөшүнөн эл аралык мелдеш башталды. Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп жаткан таймаш Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Абсамат Масалиевдин элесине арналат.  Мелдешке Борбор Азия мамлекеттеринен, Монголиядан, Беларустан, Ирандан жана Орусиядан 300дөн ашык балбан келерин "Азаттыкка" Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын басма сөз катчысы Максат Кутманбеков билдирди.  Бир күндүк турнир жашы 18ден өйдө эркектер жана кыз-келиндер ар кандай салмакта күч сынашат. Читать дальше...

Жүргүнчү күткөн бекет

Azattyk.org 

Жалал-Абад-Анжиян темир жол каттамын кайрадан жандандыруу аракети жүрүп жатат. Каттам ишке кирсе, Анжиян аркылуу Москва жана Самарага поезд менен барууга жол ачылат. 1999-жылдан бери Жалал-Абад темир жол бекетине жүргүнчү ташыган поезд келе элек. Станция учурда жүк ташуу менен гана алектенип калды.

Майкл Флиннге карата сот чечимин чыгаруу кийинкиге калды

Azattyk.org 

Вашингтондо, Колумбия округунун федералдык сотунда судья АКШ президенти Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси Майкл Флиннге карата чечим чыгарган жок. Маселени кийинкиге калтырды.   Буга чейин Американын атайын прокурору Роберт Мюллер Майкл Флиннди эркинен ажыратпоону сотко сунуштаганы кабарланган. Айыптоо тарап Флинн тергөөгө Орусиянын 2016-жылда АКШда өткөн президенттик шайлоого киришкени тууралуу маанилүү маалымат бергенин билдирди.   Атайын прокурор көрсөткөн документтерде Флинн он тогуз жолу суракка алынганы жазылган. Читать дальше...

Орусия: Өспүрүмдөрдү каршылык акцияларына тарткандар жазаланат

Azattyk.org 

Орусиянын Мамлекеттик думасы 18-декабрда жашы жете электерди  каршылык акцияларына тарткандар үчүн жаза камтыган мыйзам долбоорду үчүнчү окууда кабыл алды.  Документте өспүрүмдөрдү акцияга катышууга чакырган уюштуруучуларга 50 миң рублга чейин айыппул салуу, он беш күнгө чейин камакка алуу каралган.   Мыйзам долбоор оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын коррупцияга каршы митингдеринен кийин Мамлекеттик думага киргизилген. Байкоочулар бул митингдерге өспүрүмдөр көп катышканын билдиришкен. Читать дальше...

Башкы прокуратура мамлекеттик сатып алуулар боюнча 125 кылмыш ишин козгоду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мамлекеттик сатып алуулар боюнча 125 кылмыш ишин козгоду. Мындай маалымат 18-декабрда башкы көзөмөл органынын координациялык жыйынында айтылды. Маалыматка караганда, мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бузуулардан казынага 43 миллион сомдон ашык каражат кайтарылган. Кыргызстанда буга чейинки көз карандысыз иликтөөлөр жемкордук мамлекеттик сатып алуулар тармагында көп экенин көрсөткөн. (NT)

Жогорку Кеңеш "Коопсуз шаар" долбоорун талкуулайт

Azattyk.org 

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул маселе бүгүн, 19-декабрдагы сессиянын күн тартибине биринчи болуп киргизилди. Депутаттар долбоорду ишке ашыруу тууралуу өкмөттүн маалыматын угушат.  Буга чейинки сессияларда долбоорду талкуулоо күн тартибиндеги эң акыркы маселе болуп, улам артка жылып келаткан. Ага чейин долбоор тууралуу учкай гана сөз болуп, депутаттар арасында бул маселе "атайын акыркы болуп коюлуп, кенен талкуулоого мүмкүнчүлүк берилбей жатат" деген нааразылык чыккан. Ошондой... Читать дальше...

Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйын өткөрөт

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйын өткөрөт. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы бүгүнкү жыйында жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү каттоодон өткөн. Президент быйылкы иштер тууралуу айтып, андан соң журналисттердин суроолоруна жооп бермекчи. Жээнбековдун бийликке келгенине бир жылдан ашык убакыт өттү. Ал 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоодо алдыга чыгып, ошол эле жылы 24-ноябрда ант берип, расмий түрдө кызматка киришкен. Читать дальше...

Бишкекте Текебаевге арналган сүрөт көргөзмөсү өтөт

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 19-декабрда “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевге арналган сүрөт көргөзмө болот. "Манас" кинотеатрындагы иш-чараны "Ата Мекен" партиясы жана саясатчынын тарапкерлери анын туулган күнүнө карата уюштуруп жатышат. Текебаев өткөн аптада №47 колониядан Улуттук кардиология борборуна которулган.  “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийден... Читать дальше...



Москва

«Адвокат Валиевой: ей подсыпали допинг и сделал дедушка». Серьёзное расследование.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Уникальные сервисы в центре "Профессии будущего" упрощают поиск работы



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Юрий Лоза

Лоза назвал Пугачёву женщиной с другим лицом и другим голосом




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Завершилась сап-экскурсия на фестивале «Москва — на волне. Рыбная неделя»

«Милан» сыграл вничью с «Салернитаной» в Серии А

«Адвокат Валиевой: ей подсыпали допинг и сделал дедушка». Серьёзное расследование.


ATP

Российский теннисист Сафиуллин опустился на две позиции в рейтинге ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Желдорреммаш

Делегация АО "Желдорреммаш" приняла участие в выставке «Металлообработка – 2024»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России