"Нарындын Дездемонасы": театрдагы кызыктар
Өткөн доордун 80-жылдары Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры Шекспирдин “Король Лир” трагедиясын койгон. Спектаклдин финалдык бөлүгү. Сахнада Лир падыша кичүү кызы Корделияны көтөрүп алып, көздөн жашын агызып монологун айтып келатат. Бери жакта турган жарык берүү цехинин башчысы Күстөбай аба: - Деги артисттер, бир азап жан болосуңар,-деп калды. - Эмне болду? - Илгери Капар аба (Медетбеков) Отеллону ойноп, Дамираны (Дездемона) аз жерден муунтуп сала жаздаган. Читать дальше...