Президенттик администрациянын "пара алды" деген кызматкери иштен алынды
Таалайбек Апенов Президенттик администрациянын Ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы 26-октябрда билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Апенов соттолгон адамды ырайым алчулар тизмесине киргизүү үчүн 170 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын 18-октябрда маалымдаган. Кылмышка шектүү кызматкер камакка алынган. Анын жактоочулары же тарапкерлери атайын кызматтын айыптоосу боюнча комментарий берген эмес. Читать дальше...