Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2021

Новости за 01.11.2021

Тажикстандагы база: "Бээжинди өз коопсуздугу ойлондурат"

Azattyk.org 

Тажикстан Кытайдын каржылоосу менен аскердик база курууну жактырганын шардана кылуу менен талибдерге Бээжиндин колдоосуна ээ болгонун көргөзгүсү келгендей. Ал эми тажик-ооган чек арасындагы стабилдүүлүк Орусиянын да кызыкчылыгына төп келет. Аймак боюнча эксперт Франциско Олмос ойлору менен бөлүштү.

Facebook Казакстанга ички системасын колдонууга укук берди

Azattyk.org 

Казакстан Facebook социалдык түйүнүнүн мазмун (контент) тууралуу даттанууга мүмкүнчүлүк берген ички системасын колдонууга уруксат алды. Бул тууралуу казак өкмөтү менен Facebook түйүнүнө ээлик кылган Meta Platforms компаниясынын 1-ноябрдагы биргелешкен билдирүүсүндө айтылды.  "Facebook Казакстанга мазмунга даттануу системасын колдонууга түз жана эксклюзивдүү укук берди. Бул система казак өкмөтүнө Facebook түйүнүнүн саясатын жана Казакстандын жергиликтүү мыйзамдарын бузган контент тууралуу кабарлап турууга жардам берет"... Читать дальше...

Президент Жапаров шайлоону таза өткөрүү боюнча жарлык чыгарды

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгонун басма сөз кызматы кабарлады. Жарлыкта Министрлер кабинетин жана аймактардагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шайлоону таза өткөрүү боюнча талаптар жазылган. Анда бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү жана мамлекеттик кызматкерлердин үгүт иштерине кийлигишүүсүнө тыюу салынган. Борбордук шайлоо комиссиясы жана бардык... Читать дальше...



COP26: Садыр Жапаров саммитте экологияны коргоо маселесин көтөрөт

Azattyk.org 

Шотландиянын Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2-ноябрда сөз сүйлөйт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. “Мамлекет башчы иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын климаттын өзгөрүүсүнөн эле эмес, абийирсиз чарбалык ишмердүүлүктөн да сактап калуу маанилүү экенине көңүл буруп, айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине токтолот”, - деп айтылат билдирүүдө. Шотландиянын Глазго шаарында... Читать дальше...

Дүйнөдө COVID-19дан өлгөндөрдүн саны 5 миллиондон ашты

Azattyk.org 

1-ноябрда дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгентүүчү COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны 5 миллиондон ашты. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 2019-жылдын декабрь айында Кытайда коронавирус адеп аныкталгандан бери бул инфекцияны жугузуп алгандардын саны 247 миллионго жетти. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун курмандыктарынын чыныгы саны расмий айтылгандан 2-3 эсе көп болушу мүмкүндүгүн билдирип келет. Коронавирустан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн сап башында АКШ (745 миң өлүм)... Читать дальше...

Жолдон жоголгон 934 миллион

Azattyk.org 

Азыркы учурда Бишкек шаарынын бийлиги 934 млн. сомдун эсебин таппай жатат. Бюджеттен жоголгон 1 миллиард сомго жакын каражат борбор калаадагы жолдордун курулушуна жумшалмак. Мисалы, “Кудайберген” базары тараптагы Волкова көчөсүнө 2017-жылы 33 млн. сом бөлүнгөн, бирок жол азыркыга чейин оюлуп, чаң басып жатат. Бишкекте акчасы бөлүнүп, бирок салынбай калган жолдор ондоп саналат. “Азаттык” Бишкек шаарындагы ири коррупциялык схеманы иликтеди.

Глазго: Дүйнө лидерлери планетанын камын көрөт

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин административдик сотунун Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов боюнча чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко кайрылды. Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери абакта отурган Жеңиш Молдокматовду көрүп чыкты. Шотландиянын Глазго шаарында Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган жыйыны башталды.



"Кыйноолорго каршы коалиция" БУУга өзүнчө баяндама даярдады

Azattyk.org 

Ушул жылдын 10-11-ноябрь күндөрү Кыргызстан кол койгон Конвенцияга ылайык, Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кыйноо жана башка кысым көрсөткөн мамилеге каршы иштер боюнча баяндама жасайт. Кыргызстандагы “Кыйноолорго каршы коалиция” уюму кыйноого байланышкан өлкөдөгү абал жөнүндө альтернативдүү баяндама даярдады. Бул тууралуу уюмдан кабарлашты. Ал баяндамада өлкөдөгү кыйноого каршы аракеттердин натыйжасы жана кемчиликтери белгиленген. Көйгөйлөрдүн бири катары кыйноого кабылганы аныкталган жарандарга... Читать дальше...

Түркия: лиранын куну дагы түштү

Azattyk.org 

Жыл башынан бери Түркияда доллар 29% кымбаттады. Өлкөдө доллардын кымбатташы азык-түлүккө, жол киреге жана виза төлөмдөрүнө да таасирин тийгизүүдө. Айрым кыргызстандык мигранттар аз айлыкка кайыл болуп иштөөгө мажбур экенин айтып жатышат.

Молдованын президенти өлкөдө газ кризиси аяктаганын айтты

Azattyk.org 

Молдованын президенти Майя Санду көгүлтүр отундун импортуна байланыштуу орусиялык "Газпром" компаниясы менен беш жылга келишим түзүлгөнүн, өлкөдө энергетикалык кризис аяктаганын жарыялады. Жаңы келишимге ылайык, Орусия 1-ноябрдан тарта Молдовага кайра газ бере баштады. Эки өлкөнүн ортосундагы көгүлтүр отундун баасына байланыштуу пикир келишпестиктен улам Молдовада газдын тартыштыгы пайда болгон эле. "Молдовагаз" менен "Газпромдун" ортосунда келишимге кол коюлушу менен газ кризиси аяктады деп ишенем", - деп билдирди Майя Санду. Читать дальше...

Элчилик: Орусиядагы кош бойлуу келин мекенине кайтарылат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги социалдык тармактардагы “кош бойлуу кыргызстандык келин көчөдө калды” деген кабар жөнүндө маалымат таратты. Анда видеодогу келин аныкталып, жакын арада Кыргызстанга кайтарылаары айтылат. Элчиликтин маалыматына ылайык, видео социалдык тармактарга тарагандан кийин кыздын жакындары издеп тапкан. Туугандары анын бардык документтери жайында болгондуктан жакын арада Кыргызстанга жөнөтүлөөрүн билдиришкен. Элчиликтин маалыматына ылайык, келиндин беш айлык боюнда бар. ... Читать дальше...

Беларус-поляк чек арасын бузгандар көбөйдү

Azattyk.org 

Польшанын чек арачылары өткөн суткаларда беларус-поляк чек арасын 700дөн ашуун бузуу аракеттери болгонун каттады. Польша чек ара көзөмөлүн күчөтүп, Беларус тараптан келип жаткан мигранттардын агымын токтотуу чараларын көргөнүн чек ара кызматы жарыялады. Евробиримдиктин чек арасын кайтаруу күчөтүлдү Польшанын чек ара кызматы 30-31-октябрь күндөрү беларус-поляк чек арасын кесип өтүп, Евробиримдиктин аймагына кирүүгө 727 жолу аракет жасалганын билдирди. Алардын арасынан Ирактын төрт жараны кармалганы кабарланды. Читать дальше...

COP26: Глазгодо дүйнө лидерлеринин саммити башталды

Azattyk.org 

Шотландиянын Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммити башталды. Ага катышуу үчүн 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери Улуу Британияга келди. Алардын арасында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да бар. Дүйшөмбүдөгү саммиттин ачылышында сөз сүйлөгөн британ премьери Борис Жонсон дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшүн токтотуу үчүн убакыт аз калганын айтты. “Биздин ишибизге баа бере турган балдар жана алардын балдары азырынча төрөлө элек. Жаңы муун... Читать дальше...

Абактагы Молдокматовго басым болгонбу?

Azattyk.org 

Октябрь окуялары боюнча абакта отурган саясатчы Жеңиш Молдокматовдун тарапташтары ага №1 тергөө абагында басым болуп жатканын билдирип чыгышты. Жаза аткаруу кызматы, укук коргоо органдары жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Молдокматовдон абакта басым болуп жатканы тууралуу эч кандай арыздануу болбогонун билдирди. Жети айдан бери октябрь окуялары боюнча абакта отурган саясатчы Жеңиш Молдокматовдун тарапташы, “Туран” партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу анонимдүү булактар ал отурган... Читать дальше...

Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын сотто кароо 3-ноябрга жылды

Azattyk.org 

Саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын сотто кароо 3-ноябрга жылды. Отурум 1-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда болмок, бирок судья ооруп калгандыктан башка күнгө жылдырылганын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Тергөө абагында отурган Равшан Жээнбековду Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттаган. Буга байланыштуу адвокат анын бөгөт чарасын өзгөртүп, камактан чыгаруу боюнча сотко арыз жолдогон. Жактоочу ал камактан бошотулуп, талапкер катары... Читать дальше...

Машыктыруучу Крестинин "Дордой" футболдук клубунан кетти

Azattyk.org 

Александр Крестинин Бишкектин "Дордой" футбол клубунун машыктыруучусу кызматынан кетти. Ал кызматтан кетүүгө өзү өтүнүч келтиргени клубдун сайтында кабарланды. Крестинин команданы 2017-жылдан бери машыктырып, башкы насаатчы катары 169 беттеш өткөргөн. 42 жаштагы Александр Крестинин мурда "Нефтчи" футбол клубунун башында турган. 2014-жылы Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын башкы машыктыруучулук кызматына келген. Ага удаа Бишкектин командасын да машыктырган. Быйыл август айында Кыргызстандын... Читать дальше...

Президенттик администрация: Жапаров Глазгого менчик учак менен барды

Azattyk.org 

Президенттин администрациясы Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган конференциясына менчик учак менен барганын ырастады. Анда "мамлекет башчы учуп жүргөн "Борт номер бир" катары таанылган "ТУ-154" учагы Европа Биримдигинин жана Британиянын техникалык нормаларына жооп бербейт, ушундан улам кыргыз тарапка мындай үлгүдөгү учак кондурулбасы кабарланган. Талапка жараша кыргыз делегациясы менчик учак менен барары тууралуу чечим кабыл алынган", деп айтылат билдирүүдө. Читать дальше...


Музыкальные новости
Black Sabbath

Как бы это звучало, если бы Black Sabbath записали песню Долли Партон (Dolly Parton) "Jolene"?





Rss.plus
#123ru.net

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о реконструкции крымской Алупки




Детский кружок ракетного моделирования отметил юбилей в Клину

В Москве снежный покров сформировался 9 мая впервые в истории наблюдений

Жёсткий демарш. Послы Запада пошли наперекор Вашингтону

Песков: Ни одна страна антигитлеровской коалиции не пригласила Россию на торжества в честь разгрома нацистов




Түндүк Македония: оппозиция чукул парламенттик шайлоо өткөрүүгө үндөдү

Azattyk.org 

Түндүк Македониядагы бир нече шаарда өткөн мэр шайлоону улай оппозициядагы "Македониянын ички революциялык уюму – Македония элинин биримдиги үчүн демократиялык партиясынын" (ВМРО-ДПМНЕ) лидери Христиан Мицкоски бийликти мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды. Ал өз партиясы жекшембидеги шайлоолордо ишенимдүү жеңишке жеткенин айтты. "Бийликтеги партия эми легитимдүү болбой калды. Бул жаңы реалдуулук. Азыр эң жакшы жол - бул чукул шайлоо", - деди Мицкоски. 31-октябрда 44 шаар... Читать дальше...

Тарых музейин ачылышын кечеңдеткен карыз төлөндү

Azattyk.org 

Бишкектеги Улуттук тарых музейинин ачылышын кечеңдетип жаткан карыз германиялык адистерге төлөндү. Кыргыз тарап эми немис адистеринин келишин күтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" музейдин директору Гүлбара Абдыкалыкова билдирди: "Немис компаниясында да майда компаниялар иштеген. Алардын бош учуру ар кандай убакытка туура келүүдө. Ыңгайлуу күндү тандап, алып келебиз. Музейдин ачылышынын так күнү алардын келишинен көз каранды". Келишим боюнча акы толук төлөнгөндөн кийин немис адистери келип, музейдеги заманбап программаларды ишке киргизишет.

Жапониядагы шайлоодо бийликтеги партия жеңишке жетти

Azattyk.org 

Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида өзүнүн Либерал-демократиялык партиясы жекшембидеги парламенттик шайлоодо жеңишке жеткенин жарыялады. Бийликтеги бул партия жапон парламентинин 465 орундуу төмөнкү палатасында 261 мандатка ээ болуп, коалициялык көпчүлүктү сактап калды. Бир ай мурда эле премьер-министрлик кызматка келген Кисида 1-ноябрдагы билдирүүсүндө пандемия шартында экономиканы калыбына келтирүү, Кытайдын саясатына каршы туруу жана климаттын өзгөрүүсүн алдын алуу сыяктуу дымактуу планын жарыялады. Читать дальше...

Акин Токталиевдин президентке каршы жазган арызы сотто каралат

Azattyk.org 

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Акин Токталиевдин президент Садыр Жапаровдун жана анын мурдагы басма сөз катчысы Галина Байтеректин үстүнөн жазган арызы сотто каралат. Иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 16-ноябрда караларын аталган соттун басма сөз кызматы билдирди. Токталиев соттон келген чакыруу кагазын "Азаттыктын" кабарчысына көрсөтүп, арызы үч жолу артка кайтарылып, оңдоп-түзөтүүлөр менен төртүнчү жолкусунда, 14-октябрда кабыл алынганын айтты. Ал "Дин иштери... Читать дальше...

"XXI кылымдын духун чагылдырган чыгармаларды жаратсак"

Azattyk.org 

Жакында эле кыргызстандык белгилүү жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин "Добул-Таштык Заратустранын аңгемеси" аттуу чыгармасы түрк тилинде жарык көрдү. Евразия жазуучулар бирлиги анын бет ачарын Бишкек шаарында өткөрдү. Өткөн жылы Арслан Капай уулу Койчиевдин "Мисмилдирик" (Беделдеги каргыш) романы Евразия жазуучулар бирлигинин "Бенгү" басмаканасынан "Bedel gecidindeki lanet" деген аталыш менен жарык көргөн эле. Андан мурун "Бакшы менен Чынгыс хан" романы түрк тилине которулган. Биз жазуучу Арслан... Читать дальше...

Камактагы айыл чарба министринин орун басары иштен бошотулду

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Илич Марсбек уулун айыл чарба министринин орун басары кызматынан бошотту. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Марсбек уулу менен айыл чарба министринин мурдагы орун басары Амангелди Исаевди өткөн аптада камаган. Анда айыл чарба азыктарын сыртка тоскоолдуксуз экспорттоодо материалдык пайда алуу максатында өз ара бири-бири менен сүйлөшүп алып жасалма тоскоолдуктарды жараткан кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталганы кабарланган. Читать дальше...



Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Подольске отразили атаку летевшего на Москву дрона ВСУ



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

Мы продолжаем знакомить вас с артистами цирка Бурятии: Саян Дондоков - Театр и дети, Культура и Россия




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения

Футбольный турнир «Вызов» для студентов станет частью праздничных мероприятий ко Дню Победы

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»


Анна Блинкова

Россиянки Аванесян и Блинкова вышли во второй тур турнира в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Часть электричек из Твери изменит свое расписание, некоторые будут отменены



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России