Кыргызстандын футбол командасы Бахрейнге жеңилип калды
Кыргызстан алгач алдыда болчу, бирок Бахрейн биринчи таймдын аягында жана экинчи таймдын башталышында топ киргизе алды.
Кыргызстан алгач алдыда болчу, бирок Бахрейн биринчи таймдын аягында жана экинчи таймдын башталышында топ киргизе алды.
Тажикстандын Жийделик айылында жашаган Кыргызстандын жараны Сайдахмет Артиковдун (Саидакмат Артыков) камалганына туура эки айдын жүзү болду. Жакындары аны бошотууга көмөктөшүүнү өтүнүп, кыргыз бийлигине кайрылды. Жакындары Артыков абакта кыйноо көрүп, ооруканага жатып чыкканына кабатыр болууда. 44 жаштагы Артыков ушул жылдын 16-сентябрында "чек арадан мыйзамсыз өттү" деген кине менен кармалган. Учурда Тажикстандын Кожент шаарындагы тергөө абагында отурат. Жакындарынын айтымында, ал камалгандан кийин саламаттыгы кескин начарлап... Читать дальше...
Ирактын Орусиядагы элчилиги билдиргендей, Евробиримдиктин аймагына кирүүнү көздөп Беларуска келген 200 ирактык кайра мекенине кайтууну өтүнүп элчиликке кайрылышкан. Бул тууралуу "Интерфакс" жазып чыкты. Эвакуациялык рейс 18-ноябрда уюштурулат. Ирак дипломатынын айтымында, мекенине кайтып барууну каалагандардын саны дагы өсүшү ыктымал. Кайрылгандардын арасында аялдар, балдар жана жубайлар бар. Алардын баары учурда Минскиде рейсти күтүүдө. Эки миңдей мигрант 14-ноябрда поляк-беларус чек арасындагы "Бружи-Кузница" өткөрмө бекетине келип... Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путин "Донецк жана Луганск элдик республикалары" деп аталган жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардын жашоочуларына гуманитардык жардам көрсөтүү тууралуу буйрукка кол койду. Буйрук Орусиянын укуктук маалыматтардын расмий порталына жарыяланды. Буйрукка ылайык, жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарда өндүрүлгөн товарлардын Орусиянын аймагына кирүү шарттары жеңилдейт. Жеңилдетүүлөрдү Орусиянын өкмөтү бир айдын ичинде аныктоого тийиш. Ал товарлар мамлекеттик сатып алууларга да катыша алат. Читать дальше...
Ош облусуна караштуу Алай шайлоо округундагы беш талапкердин төртөө атаандашы Улан Пиримовдун үстүнөн даттанды. Ноокат шайлоо окуругунун талапкери Бакытбек Мариповдун үгүтчүсү Мелисбек Төлөнбай уулу ур-токмокко кабылганын айтып чыкты. 15-ноябрга чейин Ош облусунда үгүт өнөктүгүндөгү мыйзам бузууга байланыштуу 34 арыз катталып, алардын бирөө сотко өткөрүлүп, 18 иш тергөөдө. Калгандары далил жоктугунан улам кыскарган. Беш талапкердин төртөө атаандашын айыптады 15-ноябрда бир мандаттуу №11 Алай... Читать дальше...
Армения Азербайжандан коргонуу үчүн Москвадан жардам сурап кайрылды. Эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаал кайра курчуп баратат. 16-ноябрда Азербайжандын коргоо министри аскердик күчтөр Калбачар жана Лачын аймактарындагы Армениянын "ири провокациясын" алдын алды деп билдирүү таратты. Аталган аймактар Армения менен чектеш жайгашкан. Министрдин айтымында армениялык аскерлер Азербайжандын аскерлери жайгашкан аймакты ар кандай колибрдагы миномет жана артиллерия менен аткылап, эки жоокерди жарадар кылган. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешев Коопсуздук комитетинде суракка алынды. Бишкекте бир кампада көмүр 3 миң сомдон сатыла баштады. Беларус-Польша чек арасында эки миңдей мигрант тосмону бузууга аракет кылды.
Саламаттык сактоо министрлиги 16-18 жаштагы өспүрүмдөрдү, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды коронавируска каршы эмдөө жөнүндө чечим кабыл алды. Министрлик мындай чараны көбүрөөк адамды эмдөөдөн өткөрүү максаты менен түшүндүрдү. 16-ноябрга карата өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын калктын 46%, экинчи дозасын 37% алды. Ушул күндөрү жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги “Sputnik-V” вакцинасы түгөнгөнүн билдирген. Читать дальше...
Кыйноолорго каршы улуттук борбор Бишкектеги №1 тергөө абагында алдамчылыкка шек саналып камакта отурган блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялаганын билдирди. Маалыматка караганда, ал системага нааразылыгын билдирип 14-ноябрдан тарта тамак-аштан баш тарткан. Мындан тышкары Жаза аткаруу кызматынын жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) мекемелериндеги кармоо шарттарына даттанган. "Айыпталуучунун пикиринде, ага негизсиз айып тагылып жатат жана анын маселеси жарандык тартипте каралышы керек болчу. Читать дальше...
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин алгачкы жыйынында 2021-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы саясаттын стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу чечими кабыл алынды. Бийликтин коррупцияны жеңүү идеологиясы Бизнес чөйрөсүн жүдөткөн паракорчулукту кыскартуу үчүн беш ай мурда түзүлгөн президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи жыйынында мамлекет башчы Садыр Жапаров жең ичинен акча алмай адатын жоюуга жогорку кызмат адамдарынан тартып, карапайым калкты дагы каршы турууга чакырды. Читать дальше...
Парламент депутаты Дастан Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында 15-ноябрда үч сааттан ашык сурак берип чыкты. Атайын кызмат депутаттыкка талапкер Дастан Бекешев үгүт ишине жашы жете элек балдарды тартып, аларга шайлоо фондунан тышкары каражат менен эмгек акы төлөп бергени тастыкталганын айтууда. Ал тапта бийликти сындап келген депутаттыкка талапкердин үгүт маалындагы суракка алынышын басым катары сыпаттагандар да чыкты. Жогорку Кеңештин депутаты... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдарга карата бир катар облустарда ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүздү. Мурда-кийин сот жообуна тартылган бир катар адамдар 8-12-ноябрь күндөрү атайын кызматтын органдарына жеткирилип, аларга шайлоого кийлигишүүгө жана кайсы бир талапкердин же партиянын кызыкчылыгын колдоого болбой турганы эскертилди. Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система менен парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу... Читать дальше...
Орусиянын Иркутск облусундагы Залари айылында тажикстандык мигранттар жашаган вагон өрттөлүп, эки киши мерт болду. Облустук прокуратура бул факты “Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү” беренеси менен тергеле баштаганын кабарлады. Орусиялык басылмалар тергөө органдарына шилтеме кылып билдиргендей, 12-ноябрда Залари айылынын тургундары менен мигранттардын ортосунда уруш чыккан. Анын натыйжасында тажикстандык беш мигрант жабыркаган. Иркутскидеги тажик диаспорасынын башчысы Алишер Ширинов тажикстандык... Читать дальше...
“Бружи-Кузница” чек ара өткөрмө бекетине чогулган мигранттар беларус-поляк чек арасындагы тосмону бузууга аракет кылып, Польшанын аскерлерине таш жана бөтөлкө ыргытышты. Аскерлер мигранттарды көздөн жаш агызуучу газ жана суу менен аткылап таратты. Польшанын Коргоо министрлиги кабарлагандай, мигранттар поляк арачыларына кулак тундуруучу гранаталарды ыргытышууда. Буга чейин “Бружи-Кузница” өткөрмө бекетине эки миңдей мигрант келип топтолгон. Алар постту курчоого алып, Еврошаркеттин аймагына өткөрүү талабын коюшкан. Читать дальше...
Бүбүзуура Ажымүдинова 60 жылдан бери саймачылык менен алектенет. Ал бул өнөрдү чоң апасынан, апасынан үйрөнгөн. Бүбүзуура апа кесиби боюнча мугалим. Жашы жетимиш бештен ашып калса да өзү жашаган Сарбан айылындагы орто мектепте али күнгө чейин химиядан сабак берип иштейт. Байбиче кыргыздын жоголуп бара жаткан оймо-чиймелеринин, уникалдуу саймалардын түрүн сактап келе жаткан уздардын бири. Бүбүзуура апа биз барганда баркыт кездемеге илме шибеге менен кезектеги түркүн түстүү саймасын сайып жаткан экен. Читать дальше...
АКШнын президенти Жо Байден жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпин алгачкы виртуалдык саммит өткөрүшүп, чыңалган мамилелерди жөнгө салууга аракет кылышты. Ак үйдүн басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүү учурунда Байден Гонконгдогу жана Тибеттеги демократиялык эркиндиктердин алсыздашын, Кытайдын түндүк-батышындагы уйгурлардын көйгөйүн көтөргөн. Саммиттин алдында Кытайдын расмий өкүлдөрү негизги талкуу Тайвандын айланасында болору күтүлүп жатканын билдиришкен. Тайван АКШ тарабынан колдоого алынган аралча. Читать дальше...
Украинанын омбудсменине грузин түрмөсүнүн ооруканасында жаткан саясатчы Михаил Саакашвилини көрүүгө уруксат берилген жок. Грузиянын юстиция министри Рати Брегадзе 16-ноябрда билдирүү таратып, Украинанын омбудсмени Людмила Денисова Саакашвилинин абалын көрүү үчүн абактын ооруканасына кире албай турганын, андай жагдай “грузин мыйзамдарында каралбаганын” билдирди. “Эч кандай муктаждык жок жана бизде да андай милдеттенме жок. Саакашвилинин ден соолугу канааттандырарлык жана тынчсыздануу негизсиз”, – деди Брегадзе. Читать дальше...
“Адилет” укуктук клиникасы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун бийликтин бейөкмөт уюмдар менен мамилеси жана кызматташтыгы тууралуу айткандары боюнча билдирүү жасады. 16-ноябрда жарыяланган билдирүүдө Байсаловдун “жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкер катары айткан сөздөрү кооптонуу жаратып жатканы”, анын “кесиптик компетенциясынын төмөндүгү”, “объективдүү маалыматты таптакыр билбей турганы” белгиленди. Жарандык коом өкүлдөрү жаңы Баш мыйзамды жазган конституциялык кеңешменин курамында иштегенин... Читать дальше...
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө абагында отурган аясатчы Жеңиш Молдокматовдон кабар алышты. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматы кабарлады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Молдокматов күч түзүмдөрү үй-бүлөсүнүн телефондорун тыңшап жатканын, бул конституциялык укукту бузуу болуп саналарын билдирген. Ошондой эле жашы жете элек эки баласы болгонун эске алып бөгөт чарасын өзгөртүү үчүн сот органдарына кайрылып, жардам берүүнү Акыйкатчы институтунан суранган. Читать дальше...
АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусияны “кооптуу жана жоопкерчиликсиз” ракета сыноосун айыптады. Ракета Жердин орбитасындагы орусиялык спутниктердин бирин атып түшүргөн. Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайс сынактын натыйжасында 1500 майда урандылар пайда болгонун жана алар Эл аралык космостук станциясына кооптуу болушу ыктымал экендигин билдирди. НАСА билдиргендей, Эл аралык космостук станциясында жүргөн төрт америкалык, немис жана эки орусиялыктан турган экипаж сыноо учурунда атайын капсулага кирип... Читать дальше...
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну Гүлмайрам Карабаева короосуна эки кабат күнөскана куруп, анда 500 жүздөн ашуун сейрек гүлдүн түрүн өстүрөт. Арасында 20 миң сомдук гүлдөрү да бар. Ишкерлик кылган Гүлмайрам айына 30-40 миң сом киреше табарын айтат. Элет жеринде иштин көзүн билип, киреше тапкан айым тууралуу кийинки материалда.
Регби федерациясынын президенти Нургазы Кулжаев акыркы жылдары регбиге кызыккан жаштардын саны өсүп, акырындык менен күчтүү курама команда топтолуп жаткандыгын айтты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешевдин шайлоо штабы үгүт ишине окуучуларды пайдаланганы аныкталганын билдирди. Атайын кызмат бул окуяга байланыштуу Жазык кодексинин 194-беренесинде каралган "Шайлоолорду же референдумдарды өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу", шайлоо мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш иштерин териштирүүдө. "Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бекешевдин шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары келишим түзбөстөн... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлери борбор калаада жер тилкелерин ээлеп алышкан. Бул тууралуу 16-ноябрда президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди. Зулушевдин айтымында, жер маселелери, шаар куруу, архитектура, уруксат берүү тутуму боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөдө прокуратура органдары мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары мыйзам бузганы аныкталган... Читать дальше...
Украинада вакцинанын эки дозасын алган жарандарга мамлекет миң гривнядан (3200 сом) төлөп берет. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Владимир Зеленский өзүнүн видео кайрылуусунда билдирди. "Программа мындайча иштейт: эки жолу вакцина алгандарга миң гривнядан төлөнөт. Ал "Дия" деген тиркеме аркылуу тез жана ыңгайлуу ишке ашат. Ал акчага спортзалга же фитнес-клубга абонемент алса болот, кинотеатрга, театрга, музейге же концертке барса болот. Же өлкөнүн ичинде саякаттоого билет сатып алса болот", - деди Зеленский. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости