Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2021

Новости за 07.11.2021

COVID-19: Австрияда жаңы чектөөлөрдү утурлай вакцинага суроо-талап өстү

Azattyk.org 

Дем алыш күндөрү Австриядагы вакцина борборлорунда коронавируска каршы вакцинага болгон суроо-талап кескин жогорулап кетти. Буга өлкөдө илдетти ооздуктоо үчүн кабыл алынган жаңы чаралар себеп. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, вакцина борборлорунда узун кезектер пайда болду. Ишемби күнү эле 10 миңдей киши коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алды. 8-ноябрда тартып Австрияда COVID-19га каршы эмдөөдөн өтпөгөн адамдар ресторандарга, мейманканаларга, чач тарачтарга кире албайт жана коомдук иш-чараларга да катыштырылбайт. Читать дальше...

Пермь шаарында түрмөдөгү кыйноону айыптагандар кармалды

Azattyk.org 

Пермь шаарында Орусиянын Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызматына (ЖАФК) каршы акция уюштурган эки активист кармалды. Бул тууралуу "ОВД-Инфо" укук коргоо порталы билдирди. Маалыматка ылайык, "Эдуард Лимоновдун башка Орусиясы" аттуу каттоодон өтпөгөн партиянын эки активисти жекшемби күнү федералдык кызматтын Пермдеги башкармалыгынын имаратынын кире беришине "ЖАФК - бул тозок" деген баннер илишкен. Алар Орусиянын Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызматын реформалоону талап кылган кагаздарды да таратышкан. Читать дальше...



Иранда ири аскердик машыгуу башталды

Azattyk.org 

Иран Ормуз кысыгынын чыгыш жагында жыл сайын өтүүчү ири аскердик машыгуусун баштады. Өлкөнүн мамлекеттик телеканалы 7-ноябрда билдиргендей, бул машыгууга Ирандын кургактагы аскерлери, деңиз флоту жана аба күчтөрү да катышууда. "Золфагар-1400" деп аталган машыгууга аскердик учактар, тик учактар, деңиз алдында жүрүүчү кемелер жана пилотсуз дрондор тартылды. Ирандын мамлекеттик телеканалы бул аскердик өнөктүк "чет өлкөлөрдүн коркунучуна жана Иранды басып алуу аракетине каршы турууга болгон даярдыкты жакшыртууну" көздөрүн билдирди. Читать дальше...

Ирактын премьер-министри дрон чабуулуна кабылды

Azattyk.org 

Ирактын премьер-министри Мустафа ал-Казыминин Багдаддагы резиденциясы дрон чабуулуна кабылды. Андан өкмөт башчы өзү жабыркаган жок, бирок анын жансакчылары жараат алды. Бул окуя Иракта парламенттик шайлоодон бери чыңалуу өкүм сүрүп жаткан учурда болду.

Казакстан: шахтадагы кырсык боюнча комиссия түзүлдү

Azattyk.org 

Казакстандын Караганды облусунун Абай шаарындагы көмүр шахтасында 7-ноябрда болгон кырсыкты иликтөө үчүн атайын өкмөттүк комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильин жекшембиде журналисттерге айтты. Ал шахтада таңкы саат 8:24тө кокусунан метан газы көп өлчөмдө чыга баштаганын, каза тапкан жумушчулар коргонуу каражаттарын колдонууга үлгүрбөй калганын кошумчалады. Шахтаны иштеткен «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы кырсыкка газ жана көмүр жарылуусу себеп болгонун маалымдады. Читать дальше...

Шайлоо: Партиялардын тиреши күч алды

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоонун үгүт иштеринин алкагында партиялардын бири-бирине кескин чабуулдары каттала баштады. Жарышка түшкөн саясий топтор анын алдында эле өз ара каралоодон кармануу боюнча меморандум кабыл алышкан. Үгүт өнөктүгүнүн алгачкы он күнүндө партиялардын ичинде ынтымагы ыдырап, талапкерлердин тизмеден чыга баштаган учурлар да айтыла баштады. Ачыкка чыккан чабуулдар Интернетке тараган тасмада "Багыт" саясий партиясынын талапкери "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын талапкерине жана лидерине каршы үгүт жүргүзүп жатат деген себеп менен... Читать дальше...



“Акаевге шакирт, Ташиевге устат болгом”

Azattyk.org 

"Бийлик сырлары" берүүбүздүн мейманы Кыргыз Республикасынын мурдагы вице премьер-министри Бекболот Талгарбеков болду. Ал маегинде айыл чарба реформасына бут тоскондор, Австралиядан келген кочкорлордун тагдыры, губернатор кызматынан алынышы, Ташиевге жасаган устаттыгы жана саясатчылар Акаев, Атамбаев, Танаев, Жумагулов, Аманбаев жөнүндө пикирлери менен бөлүшөт. - Бекболот мырза, ошентип Карыпбек Асанов кызматтан алынды, анын ордуна сиз айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыңыз. Читать дальше...

Күндүн мыкты ыкмасы! Кыргызстандык балбанга жогорку баа беришти. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Белград шаарында Жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө (U23) чемпионаты өтүп жатат. United World Wrestling мыкты деген ирмемдердин топтомун жарыялады. Анын арасынан кыргызстандык Тайырбек Жумашбек уулунун да видеосун көрүүгө болот.

Иракта премьер-министрге кол салуу аракети болду

Azattyk.org 

Иракта премьер-министр Мустафа ал-Казимиге кол салуу аракети болду. Премьер-министрдин кеңсеси билдирүү жасап, 7-ноябрдын таңында ал-Казиминин Багдаддагы резиденциясына жардыргыч заты бар дрон чабуул жасаганын билдирди. Резиденцияга ракета да атылган. Жардыруудан премьер-министрдин коопсуздук кызматкерлери жабыркашты. Өзү жаракат алган эмес. Ал-Казими мамлекеттик телеканал аркылуу элди тынчтанууга чакырды. Чабуул үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Бул окуя иранчыл саясий күчтөрдүн өлкөдөгү... Читать дальше...

Бишкекте цехтер жайгашкан имаратта өрт чыгып, сегиз адам жабыркады

Azattyk.org 

Бишкек шаарынынын Свердлов районунда кийим тигүүчү цех, эмерек жасаган цех жана желим иштеткен завод жайгашкан имаратта өрт чыкты. Кырсыкта сегиз киши жараат алып, экөө ооруканага түштү. Жабыркагандарга жардам берген медицина кызматкеринин айтымында, өрттү өчүрүүгө көмөктөшкөн жигит экинчи кабаттан кулап, омурткасы сынган. Дагы бирөөнүн колун, башын айнек тилип кеткен. Айрымдар иске ууланып, кээ бирлеринин кан басымы көтөрүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгын башчысы... Читать дальше...

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул датага байланыштуу президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасады. Кайрылуунун тексти мамлекет башчынын сайтына жарыяланды. "Улут катары калыптанып, мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшүндө жаратман инсандардын эмгеги менен тарыхка өчпөс из калтырган окуялардын орду чоң. Алардын бири соңку жаңы тарыхта болуп өткөн 1916-жылдагы улуттук-боштондук үчүн күрөш жана 1917-жылдын 7-ноябрындагы Улуу Октябрь социалисттик революциясы Кыргыз мамлекетинин... Читать дальше...

Бишкектин четиндеги жол кырсыгы боюнча толук маалымат берилди

Azattyk.org 

Бишкектин четинде эл ташыган кичи автобус менен Honda Odyssey үлгүсүндөгу жеңил машине кагышканда, бир киши көз жумган. Мурдараак эки адам өлгөнү тууралуу маалымат жаңылыш берилгенин Чүй облустук жол коопсуздугу башкы башкармалыгынан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Каза тапкан адам кичи автобустун айдоочусу. Андан сырткары, 18 киши ар түрдүү жараат алышты. Кырсык  7-ноябрда Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде түш ченде болгон. Ички иштер министрлигинин октябрга чейинки маалыматына караганда... Читать дальше...

Корбашыны колго түшүргөн Булатов

Azattyk.org 

Кыргыз окурмандары Омор Султановду залкар акын деп билишет. А бирок анын мыкты прозалык чыгармалары деле бир топ. Кыргыз аңгемесинин классикасынан анын белгилүү чекист Хасан Булатов тууралуу баянын сунуш кылсакпы деп турабыз. Жаш кызматкер Хасан Булатов геолог болгусу келчү. Бирок аны Москвада рабфакта окуп жүргөн жеринен ГПУнун мектебине жөнөтүшкөн. Ошону менен анын басмачыларга каршы күрөшү башталган. Кийин Кытайдын Шиңжаңына өтүп, коопсуздук кызматынын бир топ тапшырмаларын аткарган. 30-жылдардагы... Читать дальше...

Тышкы иштер министрлигинин аталышы кайра өзгөртүлдү

Azattyk.org 

Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин аталышы өзгөртүлдү. Президент Садыр Жапаров 6-ноябрда кол койгон жарлыкка ылайык, эми Тышкы иштер министрлиги деп кыскача эле аталат.  Мекеме быйыл октябрга чейин Тышкы иштер министрлиги деп аталып келген.  Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин жаңы курамы бекитилгенде "тышкы соода жана инвестициялар" деген сөздөр кошулган болчу.  2021-жылы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөнүнө 75 жыл болду.  Жыл башында Саламаттык... Читать дальше...

Хьюстондо музыкалык фестивалдагы тыгылышта бир канча адам көз жумду

Azattyk.org 

Американын Техас штатынын Хьюстон шаарында Astroworld музыкалык фестивалындагы тыгылышта онго жакын адам каза таап, 300дөн көбү жараат алды. 6-ноябрдын кечинде популярдуу рэпер Травис Скотт ырдай баштаганда эл сахнага карай агылып, тыгылыш жаралган. "Дүрбөлөң жаралып, тыгылышта адамдар эсин жоготуп, кулай баштады", - деди Хьюстондун өрт өчүрүү бөлүмүнүн башчысы Сэмюэл Пенья басма сөз жыйынында. Анын айтымында, ооруканага 17 адам жеткирилген. Кырсык учурунда NRG Park концерттик аянтында 50 миңдей адам болгон. Читать дальше...


Музыкальные новости
Comedy Club

Гарик Мартиросян прокомментировал беременность Анны Хилькевич в Comedy Club на ТНТ





Rss.plus
Саммит

Саммит Евразийского экономического союза в Москве. Главное




Заслуженному тренеру России Василию Шестакову вручили орден «Достук»

Евгений Аверин. Объекты инверсивной силы

Собянин сообщил об отражении ночной атаки беспилотника в районе Подольска

Педиатр рассказала об опасности укуса гадюки для ребенка




Бишкекте шахмат боюнча балдар мелдеши башталды

Azattyk.org 

7-ноябрда Бишкекте алты жаштан 14 жашка чейинки окуучулар арасында шахмат боюнча президенттин кубогу башталды. Ага Кыргызстандын бардык аймагынан чогулган 350 бала катышып, күч сынашууда. Мелдеш “Газпром Кыргызстан” мектебинде өтүп жатат. Турнир 14-ноябрда жыйынтыкталат. (GT)

8-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Гидрометагенттиги 8-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Кээ бир райондордо туман түшөт.  Абанын температурасы: Чүй, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9, Талас жергесинде түнкүсун -3...-8, күндүз 4...9, Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 11...16, Нарын облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 3...8, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -2...-7°. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -3...-5, күндүз 7...9°.

Токиодогу оюн чоң сабак болду. Эрназардын жеңиштен кийинки маеги чыкты. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиевдин 23 жашка чейинкилер арасында (U23) өткөн дүйнө чемпионатын уткандан кийинки алгачкы интервьюсу чыкты. Маек United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюмунун Youtube каналына жарыяланды.

Казакстанда шахтадагы кырсыкта алты киши каза болду

Azattyk.org 

Казакстандын Караганды облусунун Абай шаарындагы шахтадагы кырсыкта алты киши каза болуп, экөө оор абалда ооруканага түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 7-ноябрда таңкы саат 8:00 чамасы шахтадагылар газга ууланып калышкан. Кырсык болгон учурда шахтада 64 адам болгон, алардын 56сы сыртка эвакуацияланган. Бийлик куткаруу иштери уланып жатканын кабарлады. Окуянын себеби иликтенүүдө. Атайын мамлекеттик комиссия түзүлдү. 2008-жылы да “АрселорМиттал Темиртау” компаниясынын... Читать дальше...

Эл ташыган кичиавтобус жол кырсыгына кабылды

Azattyk.org 

Бишкектин четинде эл ташыган кичи автобус менен Honda Odyssey үлгүсүндөгу жеңил машине кагышып, эки киши өлүп, ондон ашуун адам жараат алды. Авария 7-ноябрда Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде түш ченде болгонун Чүй облустук жол коопсуздугу башкы башкармалыгынан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген. Толук маалымат тактоо иштеринен кийин берилет.  Ички иштер министрлигинин октябрга чейинки маалыматына караганда, Кыргызстанда жол кырсыгында набыт болгондор жыл башынан бери 500дөн ашты. Читать дальше...

COVID-19: Pfizer компаниясы PAXLOVID дарысы 89% жыйынтык берерин билдирди

Azattyk.org 

Pfizer компаниясы коронавируска каршы чыгарган жаңы  PAXLOVID таблеткасы 89% жыйынтык берерин жарыялады.  Компания тараткан маалыматта айтылгандай, таблетканы сынап көрүүгө коронавируска чалдыккан жеңил жана орто даражадагы 1200 бейтап катышты.  Эгер дары диагноз коюлгандан соң үч күн ичинде ичилсе, дарттын оорлоп кетиши же өлүм коркунучу 89% азайганын адистердин байкоолору көрсөткөн.  Учурда компания PAXLOVID таблеткаларын колдонууга уруксат алууга документ даярдап жатат.  Октябрдын башында... Читать дальше...



Москва

"СВЯТОЙ ЛЕНИН" расшифровал смысл "ДНК В.И. Ленина".


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал, как Москва заботится о ветеранах Великой Отечественной войны



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Ольга Бузова

Дава разоткровенничался перед Ольгой Бузовой в шоу “Сокровища императора” на ТНТ




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Федерация бокса России почтила память героев в День Победы в Чехове

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»


Андрей Рублёв

В России назвали подвигом победу Рублева на "Мастерсе" из-за болезни



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Александр Зверев

Александр Зверев раскритиковал график соревнований в туре



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России