Германия кара куурайды колдонууну мыйзамдаштырышы мүмкүн
Германия марихуананы мыйзамдаштырышы мүмкүн. Бул тууралуу азыр жаңы өкмөттү түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан Бундестагдагы үч партия өз ара макулдашканын Politico басылмасы жергиликтүү басылмаларга шилтеме берип, жазып чыкты. Социал-демократтар, "Жашылдар" жана Германиянын эркин демократиялык партиясы колдонууну мыйзамдаштырып, аны атайын дүкөндөрдө чоңдор үчүн марихуана сатууга уруксат берүүгө макул болушту. Марихуананы сатуу укугу үчүн лицензия берилип, аны алуунун шарттары жана сапат кепилдиктери көзөмөлдөнөрү көрсөтүлдү. Читать дальше...