Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2021

Новости за 08.11.2021

Саакашвили түрмөнүн ооруканасына которулду

Azattyk.org 

Грузиянын мурдагы президенти, камактагы Михаил Саакашвили түрмөнүн ооруканасына которулганын 8-ноябрда Жаза аткаруу кызматы билдирди. Саясатчынын адвокаты жана жеке дарыгери 53 жаштагы Саакашвилинин саламаттыгы күн сайын начарлап баратканын айтып, жеке ооруканага которууну талап кылышкан. Өкмөт бул талапты четке кагып, керек учурда ал түрмөнүн бейтапканасына которуларын билдиришкен. 8-ноябрда эртең менен Саакашвили ачкачылыгын аягына чейин улантарын айткан. Жаза аткаруу кызматы камактагы саясатчы белгисиз азыктарды жеп... Читать дальше...

Борбор Азия "Талибанды" тааныбайт, сооданы жандантат

Azattyk.org 

Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстанда бийликти басып алган «Талибан» өкмөтүн расмий тааныбаса дагы Кабул менен диалогду үзбөй жүргүзүү зарылдыгын белгилешет. Коңшулардын оогандар менен экономикалык алакасы, кызыкчылыгы ар кандай деңгээлде. Соңку маалда соода-сатыкта, жүк ташууда кыймыл жандана баштады.

Аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

Синоптиктердин маалымдашынча, 9-ноябрда түнкүсүн Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5... Читать дальше...



COVID-19: Орусияда карантин чаралары дагы бир жумага узартылды

Azattyk.org 

Украина ЮНИСЕФтен COVID-19 илдетине каршы Moderna вакцинасынын 3 миллион дозасын алды. Өлкө бир нече аптадан бери коронавирустун дагы бир катуу толкунунан жабыркап келатат. Орусияда 5 региондун бийлиги вирусту ооздуктоо үчүн эс алуу күндөрүн узартууну чечти. ЮНИСЕФ Украинага вакцинадан тышкары вируска каршы дары-дармек жеткирди. БУУнун программасынын алкагында Киев ушуну менен COVID-19га каршы 7,4 миллион доза вакцина акысыз алды. 7-ноябрда Украианада вирус дагы 17 миң кишиге жукканы ырасталды. Читать дальше...

"Клооп Медиа" БШКнын чечими боюнча сотко кайрылды

Azattyk.org 

"Клооп Медиа" коомдук фонду Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) шайлоого байкоо жүргүзүүгө уруксат бербей койгон чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкектин административдик сотуна кайрылды. Бул тууралуу "Клооп Медианын" өкүлү Элвира Султанмурат кызы "Азаттыкка" билдирди. "Бизге берген баш тартуу түшүндүрмөсүндө БШК жаңы шайлоо мыйзамдарына таяныптыр. Бирок биз буга чейинки төрт шайлоого байкоо жүргүзүп, чагылдырып, кетирилген кемчиликтерди жана мыйзам бузуулардын ар бирин акт менен бекитип, БШКга берип келгенбиз. Читать дальше...

7-ноябрь - мааниси өзгөргөн майрам  

Azattyk.org 

Кыргызстанда 7-ноябрда Тарых күнү,  8-ноябрда Ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Бул күндөр тарыхты изилдөөнү жакшыртуу жана куугунтук курмандыктарын эскерип, өткөндөн сабак алуу үчүн жарыяланган.    Бул күндөр майрам катары белгилене баштаган төрт жылдан бери мамлекеттик деңгээлдеги масштабдуу иш-чаралар өтө элек. Мектептерде, жогорку окуу жайларда гана чакан иш-чаралар уюштурулат. Өлкө жетекчилери 7-ноябрда Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, 1916-жылдагы Үркүн окуясынын... Читать дальше...

Польша мигранттардын агымына байланыштуу Беларус менен чек арасын бекемдейт

Azattyk.org 

Польша жүздөгөн мигрант чек арага жакындап калганы тууралуу маалыматтардан улам өлкө чыгышындагы Беларус менен болгон чек арасын бекемдеп жатканын билдирди. Буга чейин жүздөгөн мигранттар Польшанын чыгыш чек арасын көздөй баратканын чагылдырган сүрөт-видеолор социалдык тармактарга жарыяланган. "Беларус олуттуу кагылышынуун башталашын көздөп, чагымчылдык жасап жатат", - деди Польшанын тышкы иштер министринин орун басары Петр Вавжик. Соңку айларда Жакынкы Чыгыш, Түштүк Азия жана Африкадан миңдеген мигранттар Беларус аркылуу Польша... Читать дальше...

Иранда Хаменеинин колунун сүрөтүн макалада колдонгон гезит жабылды

Azattyk.org 

Ирандын Пресса боюнча байкоочу кеңеши Kelid деп аталган күнүмдүк гезитти жабуу чечимин кабыл алды. Буга өлкөдөгү жакырчылык тууралуу макаладагы Ирандын Жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеинин колунун сүрөтү себеп болушу мүмкүн. Байкоочу кеңештин башчысы Алаедин Зохурян 8-ноябрда мамлекеттик IRNA агенттигине гезиттин лицензиясын жокко чыгаруу чечимин кабыл алышканын билдирип, себебин түшүндүргөн эмес. Иранда Хаменеини сындаганга жол берилбейт. Маалымат тууралуу мыйзамдын 27-беренесинде... Читать дальше...



COP26: жакыр мамлекеттерге жардам берүүгө көңүл бурулат

Azattyk.org 

COP26 конференциясынын экинчи аптасында жакыр мамлекеттерге климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөштө колдоо көрсөтүүгө көңүл бурулат. 8-ноябрда Шотландиянын баш калаасы Глазгодо өлкө бийликтери табият кырсыктарына дуушар болгон, тобокелчиликте турган мамлекеттерге жардам берүү боюнча макулдашуу кабыл алууга аракет кылышат. Британиянын Эл аралык соода боюнча министри Анн-Мари Тревельян өнүгүп бараткан мамлекеттерге көбүрөк жардам берүүгө чакыруу үчүн 26 мамлекеттин, анын ичинде АКШнын министрлери менен жолушат. Читать дальше...

“Азаттыктын” беларус кызматынын журналистинин кармалганына 500 күн болду

Azattyk.org 

Блогер жана “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун медиаконсультанты Игорь Лосиктин кармалганына 7-ноябрда 500 күн болду. Буга байланыштуу аталган медиакорпорациянын президенти Жейми Флай билдирүү жасады. “Игорь 2020-жылдын 25-июнунда үйүнөн уурдалып, 500 күндөн бери адилетсиз жана адамкерчиликсиз мамилеге дуушар болуп келет. Беларус бийлиги бул адилетсиздикке чекит коюп, Игорду жана башка түрмөдөгү баардык журналисттерди бошотушу керек",-деди Флай. Игорь Лосик Беларустагы шайлоону утурлай камалган. Читать дальше...

Бишкек абанын булганышы боюнча биринчи сапка чыкты

Azattyk.org 

World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө Бишкек абанын булганышы боюнча 7-ноябрда биринчи орунга чыкты. Уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектеги көрсөткүч (AQI) 269ду көрсөттү. Кыргызстандын борбору муну менен Индиянын Дели, Пакистандын Карачи, Лахор, Израилдин Тель-Авив шаарларын артта калтырды. 8-ноябрда баш калаа аба өтө булганган шаарлардын ичинен үчүнчү орунду ээледи. Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген уюмдун сайтындагы маалыматта Бишкектеги абалга кооптуу деген баа берилген. Читать дальше...

Милиция үгүт ишине окуучуларды катыштырган окуяны текшерет

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Бүтүн Кыргызстан" партиясы үгүт иштерине окуучуларды катыштырды деген маалыматты текшерип жана укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөттү. Бул тууралуу БШКнын ыкчам чара көрүүчү тобу кабарлады. Буга чейин социалдык тармактарда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Алай районундагы жолугушусуунда улуттук кийимчен жаш кыздар саясатчы Адахан Мадумаровду боорсок менен тосуп алганы тартылган тасма тараган. Анда мектеп курагындагы жигиттер дагы партиянын моюн орогучун тагынып... Читать дальше...

БШК: "Эл үмүтүнүн" шайлоо фондуна байланыштуу арыз түшө элек

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 28-ноябрдагы саясий жарышка катышып жаткан "Эл үмүтү" партиясынын шайлоо фондуна байланыштуу арыз түшө элек. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов "Азаттыкка" кабарлады. Мунун алдында "Эл үмүтү" партиясынын тизмесинде парламентке аттанып жаткан талапкер Канышай Ырысбек кызы ага атын атабаган адам колдоо иретинде 500 миң сом каражат которгонун социалдык тармактарга жазган. Бул каражат партиянын жалпы эсебине которуларын айткан. "Кечээ бейтааныш адамдар мени колдоп акча берип жиберишиптир. Читать дальше...

Бишкекте универсалдуу көргөзмө-жарманке өтөт

Azattyk.org 

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы 10-20-ноябрда "Бишкек Сары-Өзөн 2021" универсалдуу көргөзмө-жарманкесин өткөрөт. Иш-чаранын программасы эки чоң бөлүктөн турат. 10-14-ноябрда тамак-аш жана кайра иштетүү, айыл-чарба техникалары, спорт, туризм шаймандары, эмерек, бал боюнча универсалдуу көргөзмө өтөт. 16-20-ноябрда иш-чаранын экинчи бөлүгүндө "Алтын күз" аттуу товарлардын жарманкеси уюштурулат. Иш-чара "Аю Гранд2 соода борборунда өтөт. Жарманкеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө. Читать дальше...

Бээжинде Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин жыйыны башталды

Azattyk.org 

Бээжинде Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин төрт күндүк жыйыны башталды. Бул жолку жыйын өлкө лидери Си Цзинпиндин бийлигин дагы бекемдөөгө шарт түзөрү күтүлүп жатат. Комитеттин 400дөй мүчөсү партиянын 100 жылдык тарыхындагы эң негизги жетишкендиктери жана тарыхый тажрыйбасы тууралуу резолюция долбоорун талкулоо үчүн 8-ноябрда жабык жыйынга чогулушту. Ага ылайык, эмдиги жылкы курултайда Си бийликтеги мөөнөтүн узартып, үчүнчү ирет шайланары күтүлүп жатат. 2018-жылы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык... Читать дальше...

Пакистанда "Техрик-и Лабаик Пакистан" партиясынын ишмердүүлүгүнө уруксат берилди

Azattyk.org 

Пакистан өкмөтү "Техрик-и Лабаик Пакистан" партиясынын ишмердүүлүгүнө уруксат берди. 7-ноябрда Ички иштер министрлиги аталган партиянын ишмердүүлүгүнө тыюу салган чечимди жокко чыгарып, эми партия саясатка аралаша аларын билдирди. Мындай кадам "Техрик-и Лабаик Пакистан" партиясынын жетекчилиги менен өкмөт башчы Имран Хан сүйлөшүп, орток пикир тапкандан кийин кабыл алынды. Мунун жыйынтыгында партиянын тарапташтары баш калаа Исламабадды көздөй багытталган он күндүк жөө жүрүшүн токтотушту. Алар... Читать дальше...

Ош: партиянын үгүтүнө келген студенттердин иши сотко жөнөтүлдү

Azattyk.org 

Милиция шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында административдик ресурсту пайдалануу фактысы боюнча иликтөөнү аяктап, сотко жөнөттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Буга чейин социалдык тармакта Ош шаарынын борбордук аянтында "Азаттык" партиясынын жолугушуусуна студенттер алып келингени боюнча видео тараган. 3-ноябрда милиция бул окуяны териштирүүнү баштап, административдик ресурс колдонулганын билдирген. Жоруктар кодексинин 87-беренесиндеги "Административдик... Читать дальше...

Саман үй: Жылуулукту кармайт, экология зыян тартпайт

Azattyk.org 

Кыргызстанда жылуулук менен энегриянын тартыштыгы же кымбатташы альтернативдүү жолдорду карап чыгууга түрткү болууда. Кирешеси ортодон жогору кээ бир үй-бүлөлөр жылуулукту аз талап кылган “Саман” үйлөргө ыктап, экономикалык жана экологиялык маселелерди чечип жаткандар бар.

Кыргызстанда бир жылда 950 аталыштагы китеп басылып чыкты

Azattyk.org 

Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары жана китеп басып чыгаруу тармагына мониторинг жүргүздү. Статкомдун маалыматына караганда, 2020-жылы 900 миң нуска менен 950 аталыштагы китеп басылып чыкты. Алардын 62% кыргыз тилинде чыккан. 2020-жылы 26 журнал, анын ичинен үчөөсү кыргыз тилинде, жылдык тиражы 67,6 миң нуска менен басып чыгарылган. Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматы боюнча, 2021-жылдын башында республиканын аймагында жалпыга... Читать дальше...


Музыкальные новости
Булат Окуджава

Что показывают в доме Окуджавы в Нижнем Тагиле: фоторепортаж и семейные истории к 100-летию барда. ФОТО. ВИДЕО





Rss.plus
Яндекс

Яндекс Погода выяснила, как за последние 30 лет изменились майские заморозки




Аналитик Бакланова рассказала о культурах, которым не страшны заморозки

Депутаты Госдумы проголосовали за представленную кандидатуру премьера

Потянуло на родину: российские миллиардеры стали начали возвращать свои капиталы в РФ

Глава Дмитрова осуществил мечту детей героев СВО




"Куугунтук курмандыктарын изилдөөгө маани берилбей жатат"

Azattyk.org 

7-8-ноябрь – Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү. Бүгүн кыргыз коомунда совет мезгилдеги куугунтук курмандыктарынын таржымалын иликтөөгө мамиле кандай? Архивдик купуя документтерди ачуу зарылдыгы эмнеде? Кыргызстандын бийликтери отузунчу жылдардагы репрессиядан сабак алып жатабы?

ПРООН аймактык телеканалдарга дебат өткөрүү үчүн видеотехника берди

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирдикте Кыргызстандын аймактык телеканалдарына дебаттарды өткөрүү үчүн колдоо көрсөтүп, видеотехника берди. БШК менен аймактык телеканалдардын жетекчилери ортосунда меморандумга кол коюлуп, жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу аталган программанын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады. Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан бир мандаттуу шайлоо округдарынын бардык талапкерлерин акысыз... Читать дальше...

Бишкекте 61 айдоочу мас абалында кармалды

Azattyk.org 

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өткөн аптада Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында жүргүзгөн рейддин жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, бир аптада Бишкекте 4 миң жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. 61 айдоочу мас абалында машине айдап, 47си айдоочулук күбөлүгү жок, 13ү автоунаанын терезелерин караңгылатып айдаганы үчүн кармалды. Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузган 52 учур катталды. Чүйдө 1633 жолдо жүрүү эрежеси бузулган. 31 айдоочу мас абалында машине айдап... Читать дальше...

Климат: Күн энергиясы, абаны булгаган тоют 

Azattyk.org 

COP-26 саммитине катышкан дүйнө лидерлери убададан калың берип, алдыдагы 100 жылда айткан сөздөрүн аткарбаса адамзат үлкөн кырсыкка кабыларын бир ооздон жар салышты да, Шотландиядан учуп кетишти. Саммиттин экинчи бөлүгүндө калган эл аралык уюмдар, мамлекеттер өздөрүндөгү өзгөрүүлөр, көйгөйлөр тууралуу талкууларды улантышууда. Ал арада Глазго көчөлөрүндө жаштардын, ал тургай кичинекей балдардын климаттык адилеттүүлүктү талап кылган акциялары болуп жатат. Африка өлкөлөрүндөгү жөнөкөй кадамдар Африкада... Читать дальше...

АКШда үч университет бомба тууралуу билдирүүдөн соң окуу бөлүмдөрүн эвакуациялады

Azattyk.org 

АКШдагы Колумбия, Корнелл жана Браун университеттери окуу кампустарынын айрым бөлүгүн эвакуациялашканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Колумбия университетинде жардыруу болору тууралуу билдирүүдөн соң, чукул кырдаал жарыяланды. Окуу жайдын Columbia Daily Spectator гезити эки кампус эвакуацияланганын жазды. Кийинчерээк билдирүүлөр жалган болуп чыкты. Корнелл университети "Твиттердеги" баракчасында окутуучуларды жана студенттерди коопсуз жерде болууга чакырды. Браун университетинде... Читать дальше...

COVID-19: Үч бейтап каза болуп, 58 адамдан оору аныкталды

Azattyk.org 

8-ноябрга карай Кыргызстанда коронавирустан дагы үч бейтап кайтыш болду. Экөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Акыркы бир суткада 58 киши инфекцияны жуктуруп алганы аныкталды. Анын көбү Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда. Таласта ооруну жуктуруп алгандар катталган эмес. Ооруга чалдыккандар 2020-жылдын март айынан бери 182 миңге жакындап калды. Коронавирустан өлгөндөрдүн расмий эсеби - 2689. Бишкек - 23 Ысык-Көл облусу – 12 Чүй облусу ... Читать дальше...



Москва

Снег повалил допетровскую иву в «Аптекарском огороде» в Москве


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Мэр Москвы Собянин сообщил об уничтожении беспилотника над Подольском



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Кристина Орбакайте

Певица Кристина Орбакайте показала фото с мужем из путешествия по Италии




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»


Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Аналитик Бакланова рассказала о культурах, которым не страшны заморозки



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России