Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2021

Новости за 27.11.2021

Сузакта жоголгон тогуз жаштагы Сумаянын сөөгү табылды

Azattyk.org 

Сузакта он күндөн бери дайыны чыкпай жаткан тогуз жаштагы Сумая Хосилжонованын сөөгү табылды. Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, аны 27-ноябрда Арал айылынын аймагынан, Көгарт дарыясынын жээгинен табышкан. Сөөктү кыздын атасы тааныган. Милиция териштирүүнү улантууда. Мектепке кеткен боюнча дайынсыз жоголгон кызды милиционерлерге кошулуп 100дөй ыктыярчы издеди. (TB)

Шайлоо күнү президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга барат

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 28-ноябрда Түркмөнстанга жумушчу сапар менен барат. Ал жакта Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат. Ушул эле күнү Бишкекке кайтып келерин президенттик администрациядан билдиришти. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун төрагалыгы менен өтчү саммитте Ашхабаддын Экономикалык кызматташтык уюмуна жана анын уставдык органдарына төрагалык кылуусунун жыйынтыгы чыгарылат. Саммиттин соңунда жыйынтыктоочу декларация кабыл алынат. Читать дальше...



Талапкердин жолдошу добуш сатып алууга шек саналып кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкер Элиза Дюшембиева добуш сатып алууга аракет кылган деп шек саналып жатканын билдирди. Атайын кызмат кабарлагандай, талапкердин жолдошу аталган партияга үгүт жүргүзгөн сегиз киши аркылуу Чүйдүн Ысык-Ата районунан добуш сатып алууну көздөгөн. 27-ноябрда Ивановка айылында ал 30 миң сом берип жатканда кармалган. Жанынан партиянын үгүт баракчалары табылган. Дюшембиеванын өзүнөн жакындарынан... Читать дальше...

Партиялардын портреттери

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоого 21 партия ат салышууда. Алардын арасында буга чейин саясий майданда салмагы бар партиялар менен катар өнөктүккө алгачкы жолу катышып жаткан уюмдар бар. Бул жолку саясий жарышка чыккан партиялардын багыты, позициясы дегеле таржымалы тууралуу айтып беребиз.

Добуш берүүнүн тартиби

Azattyk.org 

Жаңы шайлоо мыйзамынын негизинде добуш берүүчүлөр бир мандаттуу округдардагы талапкерлерден тышкары саясий партиялардын бирине жана ал партиянын ички тизмесиндеги бир талапкерге да добуш берет. Добуш берүүдө кайсы жагдайларды эске алуу керек?

Шайлоо: Бир мандаттуу округдар

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку 16 жылда биринчи жолу бир мандаттуу округдардан депутаттарды шайлоо өтүп жатат. Буга чейинки төрт парламенттик шайлоо толук партиялык тизме менен өткөнү белгилүү. Бул ирет Кыргызстанда түзүлгөн 36 бир мандаттуу округдардан жалпысынан 290дой талапкер ат салышып жатат. Кайсы округдарда атаандаштык күч? Деги эле бир мандаттуу округдардан чыккан талапкерлердин кандай өзгөчөлүгү бар?



"Озоди": Хорогдо дагы ок атылды

Azattyk.org 

"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын тажик кызматы Тоолуу Бадахшан облусунун баш калаасы Хорогдо нааразылык акциялары, кагылышуулар уланып жатканын жазды. Бүгүн, 27-ноябрда чогулган элдин алдына чыккан Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жетекчиси Алишер Мирзонаботов аларды тынч таркап кетүүгө чакырган. Ал имаратка кирип бара жаткан учурда митингге чыккандар таш ыргытып, ок атылган. Натыйжада бир нече адам жарадар болгону кабарланууда. Айрымдары төрт киши жараат алганын жазышса, кээси эки киши жабыркаганын билдиришти. Читать дальше...

Шайлоо: Чүйдө кармалгандардын жакындары үн катты

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигеновду, "Чүй ынтымагы" жана "Эл ынтымагы" биримдигинин айрым өкүлдөрүн эки айга камады. 27-ноябрда бул иштин алкагында саясатчы, Чүй облусунун мурдагы губернатору Туйгуналы Абдраимов Улуттук коопсуздук комитетинде сурак берди. Мунун алдында, жума күнү атайын кызмат 15 адамды "шайлоодон кийин калайман тополоң уюштурууга камданып жүргөн" деп айыптап камакка алган. Читать дальше...

УКМК камагандардын жакындары үн катты

Azattyk.org 

Бишкектеги Биринчи май райондук соту "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигеновду, "Чүй ынтымагы" жана "Эл ынтымагы" биримдигинин айрым өкүлдөрүн эки айга айга камады. Мунун алдында, 26-ноябрда Улуттук коопсуздук комитети 15 адамды "шайлоодон кийин калайман тополоң уюштурууга камданып жүргөн" деп айыптап, камакка алган. Алардын жакындары доомат негизсиз экенин айтып жатат.

Аба ырайы: 28-ноябрда күн ачык болот

Azattyk.org 

Кыргызгидромет агенттиги кабарлагандай, 28-ноябрда жаан-чачын болбойт. Кар эрип жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 0...-6, күндүз 3...8 Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -4...+1, Нарын жергесинде түнкүсүн -14...-19, күндүз 0...-5, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -29...-24, күндүз -7...-12°. Бишкек шаарында күн ачык болот. Түнкүсүн -1...+1, күндүз 10...12 градус жылуу болот.

НАТО: Орусия чек арадагы чыңалууну токтотушу керек

Azattyk.org 

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын Украина менен чектешкен аймагына аскерий күчтөрдү тартуусун сынга алды. 26-ноябрда Брюсселде өткөн басма сөз жыйынында Столтенберг расмий Москваны Украинанын аймагына жакын жерлерге аскерлерин көбөйтүп жатканын айтып, чыңалууну токтотууга чакырды. "Эгер Орусия аскерий күчтөрүн Украинага каршы колдонсо сөзсүз түрдө анын кесепети оор болот. Ушундан улам Орусияны аскерлерин артка тартууга чакырабыз". Столтенберг өз сөзүндө Орусия Крымдын аннексиясын мыйзамсыз улантып... Читать дальше...

Ошто "Альянс" партиясынын мүчөсү 16 миң сом менен кармалды

Azattyk.org 

Ош облустук ички иштер башкармалыгы добуш сатып алууга шек санап 26-ноябрь күнү "Альянс" партиясынын мүчөсүн кармады. Текшерүүдө анын жанынан 16 миң сом табылган. Шектүү шаардык милицияга өткөрүлгөн. "26-ноябрь күнү Ош шаарынын тургуну 1983-жылы туулган С.К. (аял киши) аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө тийиштүү күбөлөр суралган. Топтолгон материалдардын негизинде С.К. 16 миң сом бергендиги аныкталып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп жазылган милициянын билдирүүсүндө. ... Читать дальше...

Тажикстан: Хорогдо митингге чыккандардын саны көбөйдү

Azattyk.org 

Тажикстандын Хорог шаарындагы нааразылык акциясына чыккандар бүгүн, 27-ноябрда көбөйгөнүн "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматы өздүк булактарына таянып жазды. Митингге чыккандар нааразылык учурунда каза болгон эки адамдын сөөгүн көтөрүп чыгышты. Жарандык коомдун өкүлү Бахтовар Бахтиёоровдун айтымында, каза болгондордун сөөгү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча жерге берилбейт. Тажикстанда 25-ноябрда күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда 29 жаштагы Гүлбиддин... Читать дальше...

COVID-19: Үч киши каза болду, 67 жаңы учур катталды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин 27-ноябрдагы маалыматына караганда, вирустан үч киши каза болду. Алардын баары COVID-19 вирусуна каршы эмделбегендер экени кабарланды. Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2740 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 67 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 183 207. Бир күндө 91 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 418 адам жатат, дагы 552 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 177 960​ киши. Азыркы... Читать дальше...

БШК соттун Момбеков боюнча чечимине макул эмес

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык адиминистративдик сотунун Социал-демократтар партиясынан депутаттыкка талапкер Рыскелди Момбеков боюнча чыгарган чечимине макул эмес. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады. Боршайкомдун сот чечимин добуш берүү бүткөндөн кийин кайра кайтарууну талап кылган арыз менен кайрылары кабарланды. Бүгүн, 27-ноябрда Рыскелди Момбековдун талапкерлигин сот калыбына келтиргенин саясатчы "Азаттык" радиосуна өзү кабарлаган. БШК Момбековдун талапкерлигин... Читать дальше...

Кыргызcтандын климаты: Сел күчөдү, аба булганды, илдет көбөйдү

Azattyk.org 

Дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүшү кооптонууларды жаратууда. Окумуштуулардын айтымында, бул процесс Борбор Азияны, анын ичинде Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок. Анын үстүнө соңку жылдары байма-бай катталган сел, жер көчкү өңдүү табигый кырсыктар, кургакчылык ансыз да пандемиядан жүдөгөн өлкөнүн экономикасына сокку болууда. Адистер бул көйгөйдүн баары Кыргызстандын экология боюнча моюнуна алган милдеттенмелерин жүзөгө ашырууга тоскоол болуп жатканын белгилешет. Табигый кырсыктар Сел жана анын... Читать дальше...

УКМК: Талапкер Таалайбек Дайырбековдун ишенимдүү адамы кармалды

Azattyk.org 

Бишкекте Свердлов районунан бир мандаттуу №29 округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон Таалайбек Дайырбековдун ишенимдүү адамы 26-ноябрда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Атайын кызмат кармалган адамга "Шайлоочуларды сатып алуу" беренеси менен кылмыш ишин ачкан. Талапкердин тарапташы шайлоочуларга акча берип жаткан жеринен кармалганы айтылууда. Дайырбековдун шайлоо штабы катары пайдаланылган жайды тинтүү... Читать дальше...


Музыкальные новости
Карди Би

Худшие образы звезд на Met Gala 2024: Лана Дель Рей в «москитной сетке» и Карди Би с прической Мардж Симпсон





Rss.plus
Театр

Театр и дети, Культура и Россия: Об артисте госцирка Бурятии Саяне Дондокове




Житель Челябинской области выиграл рекордный суперприз в 607 млн руб. в лотерею

Михаил Мишустин пообещал не допустить пауз в работе правительства

«Ахмат» повторил рекордную победную серию в Премьер-лиге в истории клуба

Жителям Подмосковья напомнили про добровольное страхование жилья




Кара-Сууда добуш сатып алууга шек саналган киши кармалды

Azattyk.org 

Кара-Суу районунун тургундары 24-ноябрь күнү "Ата-Журт Кыргызстандын" штабынын жанынан ири суммадагы акчасын таштай качкан кишини милицияга кармап берген. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында, шектүү көрсөтмөсүндө 259 миң сомду машина алуу үчүн жанына алып жүргөнүн айткан. Ошондой эле ал "Ата-Журт Кыргызстандын" штабын машина алып берүүнү суранган Нагима аттуу аялдын үйү деген. Учурда иш Кара-Суу райондук ички иштер... Читать дальше...

Жетигенов менен Купешов эки айга камалды

Azattyk.org 

"Бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен Бакыт Жетигенов жана Бекназар Купешов бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-январга чейин камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди. Улуттук коопсуздук комитети 26-ноябрда "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен 15 адам кармалганын билдирген. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, парламенттик шайлоого талапкерлер жана мурдагы чиновниктер бар экенин маалымдаган. Читать дальше...

Туйгунаалы Абдраимов УКМКда сурак берип чыкты

Azattyk.org 

Бүгүн, 27-ноябрда Чүй облусунун мурдагы жетекчиси, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берип чыкты. Бул тууралуу өзү "Азаттыкка" кабарлады. Абдраимов атайын кызматка бир күн мурда "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен кармалгандарга байланышкан иш боюнча чакырылганын кошумчалады. Улуттук коопсуздук комитети 26-ноябрда шайлоодон кийин "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен 15 адам камалганын билдирген. Читать дальше...

Сот Момбековдун талапкерлигин калыбына келтирди

Azattyk.org 

Рыскелди Момбековдун талапкерлигин сот калыбына келтирди. Бул тууралуу саясатчы "Азаттык" радиосуна өзү кабарлады. "Мындан жарым саат мурда Бишкек шаардык административдик сотунун судьясы Азиз Эшалиев менин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча берген арызымды толугу менен канааттандырды. БШКнын 24-ноябрда кабыл алган чечимин жокко чыгарып, мени кайра шайлоо тизмесине киргизди. Соттун чечимин акыйкат, адилет деп эсептеймин", - деди Момбеков. Момбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына Социал-демократтар партиясынан талапкер болгон. Читать дальше...

Бишкекте перинаталдык борбордун курулушу үч жылдан бери токтоп турат

Azattyk.org 

Бишкекте ымыркайларды дарылоочу жана төрөт маалында кыйналган аялдарга жардам берген перинаталдык борбордун имаратынын курулушу үч жылдан бери токтоп турат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллилдин 26-ноябрдагы жолугушуусунда сөз болду. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгы, ошондой эле Германия бөлгөн гранттык каражатка курулуп жаткан Бишкектеги Эне жана баланы... Читать дальше...



Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Денис Мацуев

Праздник "На переднем крае", концерт Дениса Мацуева и выставка "Русская свадьба. Традиции и обряды": куда сходить в Туле и Тульской области 11 и 12 мая




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


WTA

Касаткина обыграла Марию и вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Собянин: Количество креативных кластеров в Москве увеличилось почти в два раза



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России