Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2021

Коронавирустун "Омикрон" түрү Британия менен Германияга жетти

0
Коронавирустун

Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө коронавирустун жаңы Omicron деп аталган штаммын алып жүргөн эки адам аныкталганын билдирди.

Бир күн мурун Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аны жаңы штаммдардын бири катары тизмеге киргизген.

Вирус табылган эки киши тең жакында Түштүк Африкадан Британияга учуп келген.

Кийинчерээк Германияда Omicron инфекциясынын алгачкы эки учуру аныкталганын Бавария федералдык штатынын жергиликтүү бийлиги ырастады. Ишемби күнү кечинде Чехия менен Италияда инфекциянын алгачкы учурлары белгилүү болду.  Илдет жуккан адамдардын баары жакында Африканын түштүгүндө болгону аныкталды.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жекшемби күнү өлкөгө келгендер үчүн катаал чараларды жарыялады. Алар келгенден кийин экинчи күнү коронавируска тест тапшырып, жыйынтык чыкканга чейин карантинде болушат. Ошондой эле транспортто жана жабык жайларда дагы беткап кийүү керек. Жонсондун айтымында, коронавирустун жаңы штаммы өтө тез жайылып жатат. Илдетти жугузуп алгандардын арасында эмделгендер да бар.

Адистердин айтымында, азыр сайылып жаткан вакциналар Omicron штаммына каршы натыйжа береби же жокпу азырынча белгисиз. Аны баалоо үчүн дагы эле маалыматтар жетишсиз. Эксперименттердин жыйынтыгы чыга элек.

Британияда пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн көбү быйыл жайында алынып салынган болчу.

Бир күн мурун Omicron инфекциясынын биринчи учуру Евробиримдиктин аймагында алгач жолу - Белгияда тастыкталган. Вирус жуккан адам Африканын түштүгүнөн эмес, Египеттен келгени аныкталган.

Буга чейин жаңы штамм Африканын түштүгүнөн тышкары Гонконгдо жана Израилде да табылган. Нидерландда ишемби күнү Түштүк Африкадан учуп келген 600 жүргүнчүнүн бардыгы коронавируска текшерилди. Алардын 61инде вирус табылган. Бул Omicron штаммы экени азырынча белгисиз.

Бир нече күн мурун Түштүк Африканын адистери коронавирустун жаңы мутациясын аныкташкан. Штамм Түштүк Африкада жана Африканын түштүгүндөгү башка өлкөлөрдө тездик менен жайылып жатат. Аны жуктурган 100гө жакын гана учур расмий түрдө тастыкталган, бирок эксперттер чындыгында бул учурлар көп экенине ынанышат.

Дүйнө жүзүндөгү бир катар өлкөлөр жаңы штамм тууралуу кабарларга байланыштуу Түштүк Африка жана коңшу өлкөлөр менен аба каттамдарын чектешти же жокко чыгарышты же ал жактан келгендер үчүн милдеттүү карантин киргизишти. 28-ноябрдан тарта коронавирустун жаңы штаммына байланыштуу Орусия Гонконгдон жана Африканын түштүгүндөгү бир катар өлкөлөрдөн келген чет элдиктердин кирүүсүнө чектөө киргизет.

Вирусологдордун айтымында, жаңы штаммда көптөгөн мутациялар бар, алар буга чейинкилерге караганда жугуштуу болушу мүмкүн.

Түштүк Африкадагы эпидемиянын динамикасынын алгачкы байкоолору бул тыянакты ырастап турат. Бирок, бир катар эксперттердин пикири боюнча, жаңы штамм оорунун оор агымына алып келет же учурдагы вакциналар жараткан коргоону кыйгап өтөт деп айтууга али эрте.

Вакцина чыгаруучу компаниялардын өкүлдөрү жаңы штамм изилденип жатканын жана зарыл болсо, кыска убакыттын ичинде дарылардын жаңы версияларын иштеп чыгып, ишке киргизе аларын айтышты.





Губернаторы России
Москва

Собянин поздравил выпускников московских школ с праздником последнего звонка





Москва

Сеть клиник «Будь Здоров» подвела итоги первого квартала 2024 г.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о реализации программы реновации в районе Филевский Парк



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Nirvana

Apple Music составил рейтинг 100 лучших музыкальных альбомов всех времён — в топ-10 попали Кендрик Ламар, Nirvana и Майкл Джексон




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В ОЭЗ «Технополис Москва» выпущена серия автомобилей для участия в чемпионате кольцевых гонок

Эксперт оценила развитие района Филевский парк

«Евро-Футбол.Ру»: «Спартак» никогда не интересовался Сафоновым


Камилла Рахимова

Рахимова вышла в полуфинал турнира в Рабате



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Новости 24 часа

С чего начинается любое заболевание?



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России