Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2021

Жалгыз бой энелерди аяган Айгерим

0
Жалгыз бой энелерди аяган Айгерим

Кыргызстанда күйөөсү каза болуп же ажырашып балдарын өзү багып жаткан аялдарга "жалгыз бой эне" статусу берилбейт. Бул статусту алуу үчүн баланын күбөлүгүндөгү "атасы" деген жер бош болуш керек. Мамлекет жалгыз бой энелердин ар бир баласына айына 810 сомдон жөлөк пул берет. Бирок бул каражатты бардык эле жалгыз бой энелер албайт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, ушу тапта Кыргызстанда 340 миң бала жакырчылыкта жашайт. Алардын көпчүлүгүн жалгыз бой энелер багат.

"Азаттык" Кыргызстандагы жалгыз бой энелер тууралуу кезектеги фото баянды сунуштайт. Биздин каарманыбыз жалгыз бой эне Айгерим Ажымүдүнова.

Айгерим: Балдарыма ата ордуна ата болгум келет

28 жаштагы Айгерим айылда жашаган миңдеген аялдар сыяктуу эле эрте туруп, уй саайт.

Бир жарым жыл мурун келиндин күйөөсү каза болгон. Үй-бүлө түйшүгүн үч балалуу Айгерим Ажымүдүнова өз моюнуна алган.

Анын чарбасы эки саан уй менен онго жетпеген тооктон турат.

"Тун уулумду 20 жашымда төрөдүм. Аябай жаш экем. Биринчи турмушумдан жолум болбой, ажырашып кеттим. Жаңы эле көз жарган элем. Бишкекте университетте окучумун. Ошондо такыр тааныбаган адамдар жардам берип, уулума каралашкан. Окуумду улантууга чамам келбей, айылга баса бердим. Бир жылдан кийин экинчи жолдошум ала качып кетти. Баламды өгөйлөбөй ата болуп, окуумду кайра улантканга шарт түздү. Кийин айылга көчүп келдик".

Мал-жанын жайгарган келин балдарына чай берип, шаша-буша жумушка жөнөйт.

Айгерим күн сайын өзү жашаган Долон айылынан алты чакырым алыстагы Миң-Булак айылына жөө барат.

Ал бир жарым жыл Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүндө социалдык маселелер боюнча башкы адис болуп иштеген. Жакында эле Арал айыл аймагынын Арал айылдык кеңешинин жооптуу катчысы болуп ишке орношту.

"Ортодо эки-үч ай иштебей отуруп калдым. Жумуш деп жүрүп балдарым каралбай калат экен. Бирок кайра эле жумушка чакырып калышты. Иштегенге аргасызмын Балдарымдын жөлөк пулу эч нерсеге жетпейт".

"Социалдык кызматкер болуп иштегенде көп нерсени көрөт экенсиң. Биз негизинен балдар менен иш алып барабыз. Үй-бүлөлүк, балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча иштеп калдым. Эң негизгиси колунда жок үй-бүлөлөргө мамлекеттен жөлөк пул алууга жардам берчүбүз. Биздин айыл аймак боюнча 91 үй-бүлө жакыр деп саналып, мамлекеттен жөлөк пул алат. Жалгыз бой энелер тууралуу айтсак, эгер аялдын тапкан бир айлык каражаты 1000 сомдон ашса, анда жөлөк пул берилбейт. Мамлекеттик кызматта иштесе, автоматтык түрдө жөлөк пул алуудан четтетилет".

"Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүндө социалдык маселелер боюнча башкы адис болуп бир жарым жыл иштедим. Баарына бирдей жардам бергим келчү. Кийин өзүм үч баламды боорума кысып, жалгыз калдым...".

"Чынын айтсам, Кыргызстанда жалгыз бой энелерге эч кандай жардам каралган эмес. Ошон үчүнбү биз алар менен көп деле иш алып барган жокпуз. Жалгыз бой энелерди карагыла деп бизге буйрук келсе, чындыгында карайт элек. Анткени дал ошолор жардамга муктаж. Балдарын жалгыз багып жаткан көпчүлүк энелер бизге жардам сурап келе беришпейт. Айылда жумуш жок болгондуктан көпчүлүгү балдарын ата-энесине же туугандарына таштап, миграцияга кетишет. Бул аргасыз чара. Мамлекеттен жөлөк пул алганда деле, ал өтө аз да. Ал акчага баланы чоңойтуп, окутуш кыйын. Анын үстүнө бала менен эч жакка батпайсың. Канчалаган энелер балдарын таштап, чет жакта иштеп жүрөт".

Айгерим айыл өкмөткө кээде жардам иретинде көмүр же тамак-аш келгенде биринчи кезекте балдарын жалгыз багып жаткан энелерге бергенге аракет кыларын айтты.

"Дароо эле кошуналары же айылдаштары "анын жашоо-шарты жакшы, эмнеге бересиң?" деп нааразы болуп чыгышат. Бирок жалгыз бой эне болуш оңой эмес да. Ал өзү жалгыз иштеп, балдарын чоңойтуп жатат. Аларга дайыма колдоо керек".

"Мисалы, мен өзүм дагы жалгыз бой энемин. Бирок менин балдарым атасы каза болуп калганы үчүн 18 жашка чейин жөлөк пул алышат. Ар бирине ай сайын 1000 сомдон берилет. Жоктон көрө жогору дечи, бирок 3000 сом менен базарга барган учурда бир баламдын акчасына эки килограмм эт, бир баламдын акчасына беш литр май, калганына калемсап, китеп-дептер алып баса берем.

- Жумуштан кийин балдарыма шашып келем...

- Кайненем мени дайыма колдоп, жумушка кеткенде балдарымды карап турат. Күйөөм каза болгон учурда да кайрат айтып, төркүнүмө кетирбей алып калды. Кичинекей болсо дагы үйүбүз бар. Уулум кол арага жарап калды. Кээде карындаштарын өзү карап калат.

- Келинге кайын журту колдоо көрсөтүп, басынтпаса ажырашуулар аз болот беле ким билет...Ажырашкан кыз-келиндер жакын туугандарынан да жакшы сөз укпайт. Бала менен төркүнүнө барса батпайт.

- Кайра турмуш кургум келбейт. Балдарыма татыктуу билим берип, жакшы адам кылып өстүргүм келет. Кыздарымды сөзсүз окутуп, билимдүү кылам деген кыялым бар. Кыз бала билимдүү болсо, үй-бүлөсүн дагы, балдарын дагы багып кете алат экен. Эң башкысы балдарыма ата ордуна ата да болуп, ошол эле учурда жакшы эне да болгум келет...

Долбоор, MediaJasa проектинин алкагында "Сорос-Кыргызстан" фондунун жардамы менен ишке ашырылды. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA менен "Сорос-Кыргызстан" фондунун көз карашын чагылдырбайт.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Москва

НАЛОГИ С ЗАРПЛАТ И НДС МОГУТ ОТМЕНИТЬ?! Государственная Дума и Правительство РФ оптимизируют налоги.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о рейтинге регионов по уровню развития государственно-частного партнерства



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Певица

Певица Кристина Агилера в боди вышла на сцену после похудения




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о развитии водных видов спорта в Ставрополье

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге назвала главные стимулы россиян для систематических занятий физкультурой и спортом

В ОЭЗ «Технополис Москва» выпущена серия автомобилей для участия в чемпионате кольцевых гонок


Даниил Медведев

Даниил Медведев проиграл Рафаэлю Надалю тренировочный сет на «Ролан Гаррос»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Ученые отследили взаимосвязь COVID-19 и температуры воздуха



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России