Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2018

Новости за 13.06.2018

Депутат Акылбек Жамангулов комитет төрагалыгына көрсөтүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин “Республика - Ата Журт” фракциясы депутат Акылбек Жамангуловдун талапкерлигин Энергетика, өнөр жайы жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына сунуш кылды. Бул маалыматты ушул фракциянын өкүлү Таабалды Тиллаев “Азаттыкка” ырастады. Анын айтымында, фракциянын чечими премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жөнөтүлдү. Акылбек Жамангулов Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себептерин жана аны оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын пайдаланышын иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү болгон. Читать дальше...

Депутат Акылбек Жамангулов комитет төрагалыгына сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин “Республика Ата-Журт” фракциясы депутат Акылбек Жамангуловдун талапкерлигин Энергетика, өнөр жай жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагалыгына сунуштады. Бул маалыматты аталган фракциянын өкүлү Таабалды Тиллаев “Азаттык” радиосуна ырастады. Анын айтымында, фракция чечими премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жөнөтүлдү. Акылбек Жамангулов Бишкек Жылуулук электр станциясындагы кырсыктын себептерин аныктоо жана аны оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын пайдаланышын иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү болгон. Читать дальше...

Кыргыз-Кытай алакасы кылдаттыкка муктаж

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайдагы мамлекеттик сапары кыргыз-кытай кызматташтыгынын бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу талкууларга жем таштады.



И.Арабаев менен Ж.Абдыракмановдун алыскы Орунбордогу изи

Azattyk.org 

1930-жж. сталиндик жазалоолор маалында жазыксыз жерден атылган чыгаан мамлекеттик, коомдук ишмерлердин жана айдыңдардын алдыңкы сабында турган Ишеналы Арабаев менен Жусуп Абдыракманов Орунбордо да эскерилди. Тарыхчы Аида Кубатова бул тууралуу жана Ж.Абдыракмановдун китеби жөнүндө маек курду.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Кадыкеев каза болду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Нурланбек Кадыкеев көз жумду. Ал 12-июнга караган түнү Стамбулдагы ооруканада инфаркттан улам жашоо менен кош айтышты. Маалыматты парламенттин басма сөз кызматы ырастады.  Нурланбек Кадыкеев буга чейин Макеев деген фамилияны алып жүрүп, жакында алмаштырган. Ал Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин мүчөсү болгон. (SE)

Бишкекте "I’m Nomad" аттуу жаштар форуму өтөт

Azattyk.org 

Бишкекте "I’m Nomad"  ("Мен - көчмөнмүн") деген жаштар форуму өтөт. 22-июнга белгиленген иш-чара быйыл күзүндө өткөрүлө турган  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоо максатында уюштурулууда. Ага шоу-бизнестин 50дөн ашуун өкүлдөрү, социалдык тармактардын жылдыздары жана 500дөй конок катышат.  Борбор Азиядагы Америка университетинде өтө турган форумду Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы уюштурууда.  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 2-8-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. 80 мамлекеттен... Читать дальше...

Бишкекте I’m Nomad деген аталышта жаштар форуму өтөт

Azattyk.org 

Бишкекте "I’m Nomad"  ("Мен - көчмөнмүн") деген аталышта жаштар форуму өтөт. 22-июнга белгиленген иш чара быйыл күзүндө өткөрүлө турган  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоо максатында уюштурулууда. Ага шоу-бизнестин 50дөн ашуун өкүлдөрү, социалдык тармактардын жылдыздары жана 500дөй конок катышат.  Борбор Азиядагы Америка университетинде өтө турган форумду Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы уюштурууда.  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үстүбүздөгү жылы 2-8-сентябрда Ысык-Көл кылаасында өтөт. Читать дальше...

Чыккынчылык үчүн соттолгон тажик дин кызматчысы комадан чыкты

Azattyk.org 

Белгилүү тажик дин кызматчысы Саид Киёмиддин Гози түрмөдөгү ооруканада төрт күн комада жатып өзүнө келди. Бул тууралуу анын туугандары билдиришти. Өткөн айда ал улут, раса жана дин аралык кастыкты козутууга, мекенге чыккынчылык кылууга жана конституциялык түзүлүштү кулатуу чакырыктарын жасоого айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылган. Туугандарынын айтымында, Саид Киёмиддин атайын кызматтын тергөө абагынан түрмөгө которулгандан кийин кан басымы көтөрүлүп, комага түшкөн. Мындан тышкары ал кант диабети менен да ооруп жүргөнү кабарланган. Читать дальше...



Украина БУУнун сотуна Орусияга каршы меморандум жөнөттү

Azattyk.org 

Украина Орусияга каршы жазылган доо арыздын алкагында БУУнун Эл аралык сотуна кеңейтилген меморандум жөнөттү. Буга чейин Киев Москваны терроризмди каржылоого жана расалык басмырлоого байланыштуу айыптаган. Президент Петро Порошенко меморандумдун берилиши Орусия күнү белгиленген 12-июнга туура келгенин "өтө символикалуу" деп атады. «Меморандумда соттун практикасы үчүн абдан көп далилдер бар», - деп жазды ал "Фейсбук" баракчасына. Украинанын тышкы иштер министри Климкин "Твиттер" аркылуу меморандум... Читать дальше...

Украина БУУ сотуна Орусияга каршы меморандум жөнөттү

Azattyk.org 

Украина Орусияга каршы жазылган доо арыздын алкагында БУУнун эл аралык сотуна кеңейтилген меморандум жөнөттү. Буга чейин Киев Москваны терроризмди каржылоого жана расалык басмырлоого айыптаган. Президент Петро Порошенко меморандумдун берилиши Орусия күнү белгиленген 12-июнга туура келгенин "өтө символикалуу" деп атады. «Меморандумда соттун практикасы үчүн абдан көп далилдер бар», - деп жазды ал "Фейсбук" баракчасына. Украин тышкы иштер министри Климкин "Твиттер" аркылуу меморандум 29 томдон жана 17,5 миң беттен турарын билдирди. Читать дальше...

Өзбекстандын коргоо министри Кыргызстандын аскердик делегациясын кабыл алды

Azattyk.org 

12-июнда Өзбекстандын коргоо министри Абдусалом Азизов Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын төрагасы Райымберди Дүйшөнбиев баштаган аскердик делегацияны кабыл алды. Өзбекстандык маалымат каражаттар кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндө коргонуу тармагындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланып, аскердик багытта байланыштарды бекемдөө боюнча пикир алмашуу болду. Андан тышкары тараптар Борбор Азия аймагында коопсуздукту камсыз кылуу маселесине көңүл бурушту. Жолугушуунун соңунда 2018-жыл... Читать дальше...

Иштамбердиде кенге байланыштуу чыр боюнча жолугушуу өтөт

Azattyk.org 

Өкмөт өкүлдөрү Иштамберди кенин иштетүүгө каршы чыккан жергиликтүү тургундар менен бүгүн жолугат. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов тийиштүү адистер менен 12-июнда кечке жуук Жалал-Абад облусуна жөнөгөнүн "Азаттык" радиосуна билдирди.  Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү 300дөй тургун 12-июнда митингге чыгышкан. Алар менен өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев... Читать дальше...

"Кабар" агенттигинин жетекчиси Интернеттеги сынга жооп берди

Azattyk.org 

Улуттук "Кабар" агенттигинин жетекчиси Кубан Абдымен аталган интернет-басылманын "кыргызча бөлүмү жоюлуп кетти" деген сөздөр туура эместигин айтты. Анын белгилешинче, азыр 50дөй кызматкер бар. Негизги кабарчылар Маалымат бөлүмүндө иштешет. Ал эми кыргызча жазган эки адам Котормо бөлүмүндө эмгектенет: - Ошонун айынан алар котормочулар деп аталышат. Чындап келгенде бизде котормочулар да, журналисттер да бар. Сырттан иштегендер да бар болгондуктан, кыргызча иштегендер алты киши десек болот - деди Кубан Абдымен. Читать дальше...

НГ: Дагестанда полиция "экстремисттерди" үйдө отурууга чакырып жатат

Azattyk.org 

Дагестан полициясы экстремизм жана терроризмге айыпталып, мурда соттолгондорду Футбол чемпионаты бүткүчө өлкөдөн чыгарбоо аракетин көрүп жатат. Мындай маалыматты "Новая газета" жазды. Анда тартип сакчылары эл аралап, мурда соттолгон кишилерден мамлекеттен чыкпай туруу боюнча тил кат алып жатканы айтылат. 10-июндан 10-июлга чейин "үйдө эле болуу" тууралуу тилкаттын нускасы Телеграм-каналдардын бирине жарыяланган, бирок булагы көрсөтүлгөн эмес.  Газета андан тышкары, полиция кызматкерлери оозеки түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп жатканын жазды. Читать дальше...

"Кыйноолорго каршы коалиция" Тунгышбаевдин жагдайына тынчсызданууда

Azattyk.org 

Адам укуктарын коргогон бир канча уюмдардан куралган "Кыйноолорго каршы" коалиция Кыргызстанда камакта отурган казакстандык активист, блогер Муратбек Тунгышбаевдин жагдайына тынчсыздануусун билдирди. Анын кармалышын айыптаган коалиция Жогорку сотко кайрылып, мындай окуяларга жол бербөөнү суранды.  Аталган коалицияга Кыргызстандын түрдүү аймактарында иштеген жыйырмага жакын уюм мүчө.  Казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган Муратбек Тунгышбаев учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурат. Читать дальше...

Волгадагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Орусиядагы Волга дарыясында адам өмүрүн алган кеме кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголду.  12-июнга оогон түнү Волга дарыясында жүк ташыган жана сейил кемелери кагыша кетип, 11 адам жашоо менен кош айтышкан. Беш киши куткарылганын Интерфакс кабарлады. Сейил кемеде бараткандар туулган күндү белгилөө максатында чогулган.  ТАСС жана Интерфакс агенттиктери жеке булактарына таянып, сейил кемени Волгоград шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Дмитрий Хахалев башкарып баратканын, кеме ага таандык экенин жазышты. Читать дальше...

Өкмөттүн отчетун угуу парламент комитетинде талаш жаратты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин тармактык комитети өкмөт башчынын былтыркы ишин карап, баалоону жалпы жыйынга чыгаруу чечимин кабыл алды. 12-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн 2017-жылы жасаган иштери тууралуу отчетун укту.  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасап, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө, укук тартиби жана коопсуздук жаатындагы иштерге токтолду. 2017-жылы өкмөттү азыркы президент Сооронбай... Читать дальше...

Өзбекстандын коопсуздук кызматынын башчысы Рогунга барат

Azattyk.org 

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Ихтиёр Абдуллаев Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулушун көрөт. Ал 12-июнда иш сапар менен коңшу өлкөгө барганын "Азаттыктын" өзбек кызматы расмий кабарларга таянып маалымдады.  Мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда Рогун ГЭСинин курулушу Ташкент менен Дүйшөмбүнүн мамилесинин муздашына алып келген негизги себептердин бири болгон. Каримовдун администрациясы ГЭС курулушу Өзбекстандын кызыкчылыгына каршы келерин айткан. Ташкент Кыргызстандагы... Читать дальше...



Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о ключевой роли МСП в экономике страны


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин исключил запрет для самокатчиков ездить по тротуарам в Москве



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Александр Градский

«КП»: Могила Градского на кладбище находится в заброшенном состоянии




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о спорте и ежедневных здоровых привычках

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о развитии спорта и повышении его доступности для граждан

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о развитии водных видов спорта в Ставрополье


Людмила Самсонова

Самсонова с «баранкой» разгромила Хаддад-Майю и вышла в полуфинал турнира в Страсбурге



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Воскресшего Иисуса могут дополнительно установить в церквях, вместо черепа.



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России