2019: Бай өлкөлөрдүн баары Айга учат
Кирип келаткан 2019-жылы дүйнөдө кандай бурулуш, өнүгүүлөр күтүлөт? Чет элдик эксперттердин айрым анализдерине сереп салабыз.
Кирип келаткан 2019-жылы дүйнөдө кандай бурулуш, өнүгүүлөр күтүлөт? Чет элдик эксперттердин айрым анализдерине сереп салабыз.
Нарын районунун Хутор Ак-Талаа айылына караштуу Тегерек-Кырчын кыштоосунда онго жакын үй-бүлө жашайт. Кар жааганда бул кыштоого барчу жол жабылып, беш чакырымдай жолду жөө басып өтүш керек. Жолу татаал, жашоосу катаал бул аймактагылар жаңы жылды кантип тосушат?
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганы боюнча, баштапкы иликтөөлөргө караганда, Орусиянын Магнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үйдүн батириндеги жарылуу газ түтүгүнөн чыккан болушу мүмкүн. Андан кеминде үч киши каза тапканы аныкталса, ошол эле кезде "79 кишинин тагдыры белгисиз" болууда. Бул тууралуу Челябинск облусунун губернаторунун орун басары Олег Климов "РИА-Новости" агенттигине маалымдады. "Урандылардын арасынан алты кишини алып чыктык. Үч киши каза таап, үч адам, анын ичинде бир... Читать дальше...
Кирип келаткан 2019-жылы дүйнөдө кандай бурулуш, өнүгүүлөр күтүлөт? Чет элдик эксперттердин айрым анализдерине сереп салабыз.
11 жаштагы Кирилл Николя Морша Жаңы жыл алдында орусиялык "Жди меня" телеберүүсүнө кат жазып, Кыргызстандагы туугандарын Орусиядан тапты. Аны эки жашында асырап алган франциялык аял Катрин Колетт балага дайым чындыкты айтып келгенин билдирди: - Биз аны багып алганыбызды эч качан жашырган эмеспиз. Бешке чыкканда ал менден: "Сиз мени курсагыңызда алып жүрдүңүз беле?" деп сурады. Мен: "Жок, бирок мен сени дайым жүрөгүмдө алып жүрчүмүн" деп жооп берип, анын биологиялык апасы башка экенин айткам. Читать дальше...
Таластагы “Манас ордо” улуттук комплексинин жетекчисин кызматтан алууну талап кылып бүгүн, 31-декабрда 60тай жергиликтүү тургун облустук администрацияга келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” акциянын катышуучуларынын бири Шамил Мурат билдирди. Чогулгандар “Манас ордо” улуттук комплексинин жетекчиси Ормош Чоюнбаевдин жүрүш-турушуна нааразы болуп, аны кызматтан кетирүүнү талап кылып жатышат. Алардын арасында комплекстин кызматкерлери да бар. - Биздин койгон талабыбыз - менин жеке талабым эмес. Жалпы айылдын талабы. Читать дальше...
Кыргызстандагы эң кымбат бааланып жүргөн Барон деген ат көкбөрүдөн кийин өлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы маалымат таратты. Саяпкер Алмаз Колдошевге таандык болгон Барон аттуу аргымак 29-декабрда Манас айылында уюштурулуп жаткан аламандан кийин басып баратып эле кулап түшүп мүрт кеткен. Анын ээси аргымактын эмне себептен өлгөнү белгисиз экенин жана ал буга чейин оорубаганын айтат. Салмагы дээрлик бир тоннага чукул аргымак көкбөрү күйөрмандарынын арасында эң мыкты күлүк катары белгилүү болчу. Читать дальше...
29-декабрда патрулдук милиция кызматкерлери жергиликтүү телеканалдардын биринин кызматкерлери менен түнкү рейдде жүргөн учурда айдоочулардын бири милиция өкүлдөрү менен жаңжалдашып: "Менин атам ким, билесиңби?" деп кыйкырып жатканы тасмага түшүрүлүп калган. Милиция кызматкерлерине берген күбөлүгүндө ал Улуттук статистика комитетинин кызматкери экени, анын аты Улус Абдиназар уулу экени жазылган. Бирок аталган комитеттин басма сөз кызматы "Азаттыкка" ал кызматкер иштен 2016-жылы эле бошотулганын билдирди... Читать дальше...
2019-жылдан тартып жол эрежелерин бузган кыргызстандык айдоочуларга салынуучу айыптын өлчөмү көбөйөт. Мисалы, мас абалында рулга отурган айдоочулар 17 500 сом төлөп калат. Жаңы жылдан кийин эреже бузганы үчүн жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок протокол толтуруу тартиби күчүндө калтырылат. Административдик кодекске жаңыдан киргизилген айыптын өлчөмү бир нече эсе көбөйгөн. Саатына 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочуларга 7500 сом айып салынат. Машинеге мас абалында отурган айдоочулар 17 500 сом төлөйт. Читать дальше...
Бишкектеги Ош базарынын четинде жайгашкан "Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасы менен ага таандык соода жайларынын айланасында талаш-тартыш кызыды.
Ла-Манш каналы аркылуу желим кайыктар менен Франциядан Англияны көздөй багыт алган мигранттардын саны кескин көбөйдү. Соңку бир ай ичинде 200дөн ашуун адам өмүрүн тобокелге салып каналды кесип өтүүгө аракет жасашкан.
Анда дүйнө жана Азия биринчилигине катыша турган оюнчулар тандалып алынат.
Журналисттик иликтөөлөр фонду мыкты иликтөөлөргө сынак жарыялады. Фонддун маалыматына караганда, сынактын максаты - Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүүгө багытталган. Сынакка журналисттер, фрилансер, жарандык активисттер, блоггерлер, студенттер жана журналисттик иликтөө менен алектенгендер катыша алышат. Арыздар кыргыз жана орус тилдеринде 31-январга чейин кабыл алынат. Сынакка 2018-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин чыккан материалдар катышат. Сыйлыктын фонду 100 миң сом. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлык... Читать дальше...
Жаңы жыл майрамына байланыштуу бүгүн, 31-декабрда Бишкекте борбордук көчөлөр убактылуу жабылат. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, Чүй проспектисинин Эркиндик жана Панфилов көчөлөрүнө чейинки бөлүгү эртең мененки саат 8ден тартып жабык болот. Ал эми кечки саат 5тен тартып, майрамдык иш-чаралар аяктаганга чейин Абдумомунов көчөсүнүн Разаковдон Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү, Киев көчөсүнүн Эркиндик жана Панфиловго чейинки бөлүгүндө автоунаа кыймылы чектелет. Бүгүн борбордук... Читать дальше...
Быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу чек ара жаңжалдары азайганы Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн Баткендеги жолугушуусунда айтылды. Кыргызстандын Чек ара кызматы билдиргендей, тараптар узап бара жаткан жылдагы иштерди жана чек араны биргеликте кайтарууда кийинки жылдагы милдеттерди талкууга алышты. Былтыр Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында он жаңжал катталган. Баары чек ара тилкелери такталбаган жерлерде болгон. Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзөт. Читать дальше...
“Күлкү кербендин” кезектеги чыгарылышы 2019-жылдын ирегесиндеги жаңы жылдык азилдер шиңгилинен турат.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости