"Кыргыз кереметин" улантуучулар
1960-жылдары "кыргыз керемети" аталган кыргыз киносун бүгүн кимдер улантып жатат? Азыр жаш киночуларды эмне түйшөлтөт? "Азаттык+" бүгүн 13-14 жаштагы жеткинчек режиссерлор тууралуу айтып берет.
1960-жылдары "кыргыз керемети" аталган кыргыз киносун бүгүн кимдер улантып жатат? Азыр жаш киночуларды эмне түйшөлтөт? "Азаттык+" бүгүн 13-14 жаштагы жеткинчек режиссерлор тууралуу айтып берет.
Казак баш калаасындагы райондук сот жарандык активист Санавар Закированы жана дагы бир нече аялды айып пулга жыкты. Алар жума күнү «Хазрет Султан» мечитинин жанында акча чогултуп турушкан. Аялдардын айтымында, акча «Нур Отан» партиясынын доо арызы боюнча салынган айыпты төлөөгө кетмек. Полиция кайыр сураган активисттер коомдук жайда «элге асылган» деп протокол түздү. Бир саатка жетпеген акция маалында 80 миңден көп теңге чогултулган. «Нур Отан» партиясынын бир нече мүчөсү активисттер социалдык... Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путин августтагы ядролук кырсыктын чордонунда болгон куралдын үстүнөн иш улантыларын билдирди. Бейшембиде президент Северодвинскиде ракета жабдыгын сыноо маалында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө Эрдик ордендерин тапшырып жатып, маркумдар "өзгөчө миссияны аткарганын, дүйнөдө жок куралдын үстүнөн иштешкенин" айтты. Сыноо учурунда ракеталык жабдык жарылганда Орусиянын эксперименталдык физика илимий изилдөө институтунун беш кызматкери мерт болгон. Радиация полигондон... Читать дальше...
Президент Ашраф Ганинин кеңсеси ооган лидери АКШ мамлекет башчысы менен телефон сүйлөшүүсүндө Кабулдун 7 пункттан турган тынчтык планын талкуулаганын билдирди. Трамп «Талибан» менен диалогду баштоо үчүн адегенде ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу керек деп белгилеген. "АКШ президенти тынчтык процессине ооган өкмөтү камтылып, лидерликти өзүнө алууга тийиш" - деп билдирди, - деп жазды ооган президентинин басма сөз катчысы Седик Седики 22-ноябрда Твиттерге. Ганинин командасы өткөн айда 18... Читать дальше...
Орусиянын Мамдумасы жеке адамдарды «чет элдик агент» катары тааныган мыйзам долбоорун жактырды. Сирияда жыл башынан бери 657 бала мерт болду. Орусияда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн медициналык анализдерди тапшыруу эрежеси өзгөртүлдү
«Азаттыктын» иликтөөсүндө аты аталган ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн изилдеген депутаттык комиссия ишин баштай элек жатып сынга кабылды.
Бажыдагы миллиондорго байланыштуу биргелешкен журналисттик иликтөө Кыргызстанда кызуу талкуу жаратты.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакыны болуп саналган адвокат Алексей Елисеевдин пайдасына Кыргызстандан 120 миллион сом чыгарып кетүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Елисеев Инвестиция, инновация жана өнүгүү боюнча борбордук агенттикте (ЦАРИИ) жетекчисинин орун басары болуп турганда «Кристалл» ишканасында активдери болгону мыйзамсыз... Читать дальше...
«Азаттык» радиосунун кабарчысы Медербек Ниязалиев чек ара маселелерин чагылдыруу боюнча журналисттер арасында өткөрүлгөн сынакта биринчи орунга татыды. Сыйлык тапшыруу салтанаты бүгүн Бишкекте «Кыргызстан менен Тажикстанда чек ара маселелерин чагылдырууда ЖМКлардын ролу» деп аталган жыйындын алкагында өттү. Жыйында чек ара маселелерин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырган журналисттер катышты. Анда буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын ЖМКларына DW кызматы жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы айтылды. Читать дальше...
Башкы прокуратура кытайлык ишкер Айеркен Саймаити көзү тирүүсүндө Кыргызстанда анын өмүрүнө коркунуч жаралган окуяны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады. Башкы көзөмөл органы тараткан маалыматка караганда, иш Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен катталды. Сотко чейинки териштирүү иштери Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына тапшырылып, көзөмөлдү Башкы прокуратура жүргүзөт. 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө... Читать дальше...
«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын курамынан чыкканын жарыялады. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Бул маалыматты такташ үчүн өзүнө телефон чалып байланыша алган жокпуз. Ал социалдык тармактагы баракчасына Саймаитинин өлүмүнө Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн атын аралаштырып, атайын каралоо максатында маалыматтар таратылганын айткан. «Ырас, биздин үй-бүлө тууралуу сөз болуп жаткандан кийин түзүлгөн... Читать дальше...
«Азаттыктын» «Тасма» түрмөгүнүн алкагында Эрнист Нурматов АКШ менен Францияда тартылган «"Форд" "Феррариге" каршы» тасмасына карата жеке талдоосун жүргүздү.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Белград менен Москванын ортосундагы тыңчылыкка байланышкан чуу тууралуу журналисттерге комментарий берди. Анда ал Сербиянын президенти Александр Вучичтин Москвада өтчү сапарына даярдык көрүлүп, аны күтүп жатышканын, бул сапарды эки өлкөнүн алака-катышы үчүн маанилүү деп эсептешерин, «тыңчылык чыры» бул сапарга көлөкө түшүрө албай турганын айтты. Мунун алдында серб бийлиги өздөрүнүн жогорку даражалуу аткаминери «Орусиянын атайын... Читать дальше...
Бишкекте «Кыргызстан менен Тажикстанда чек ара маселелерин чагылдырууда ЖМКлардын ролу» деп аталган жыйын өтүп жатат. Анда чек ара маселелерин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырган журналисттер катышууда. Жыйында буга чейин Кыргызстан менен Таджикстандын ЖМКларына DW кызматы жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы айтылды. Ага ылайык жыл башынан бери «Азаттыкка» кыргыз-тажик чек арасына байланышкан 193 материал жарык көргөн. Конференцияда чек ара маселелерин чагылдырууда журналисттер кандай каталарды... Читать дальше...
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров 22-ноябрда Гонконгдо билим алып жүргөн, бирок консулдук каттоого турбаган 142 студенттин кайда экени, дайын-дареги белгисиз болуп жатканын айтты. Ал ушул апта соңунда 40 адам учуп келерин белгиледи. Мунун алдында Гонконгдо өкмөткө каршы калайман нааразылык акцияларына байланыштуу шаардагы Баптисттик университеттин 1-курсунун студенти, Казакстандын жараны Абилкаир Нукпи камалганы белгилүү болгон. Айрым бир маалыматтарга аталган... Читать дальше...
Израилдин Башкы прокуратурасы премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга айып койду. Ага ылайык, өкмөт башчы пара алууга, көз боемочулукка жана коомдук ишенимден кыянат пайдаланууга байланышту шек саналып жатат. Өлкө тарыхында биринчи жолу кызматтагы өкмөт башчыга айып коюлууда. Нетаньяху «мунун артында аны кызматтан кетирүү аракети турганын, өлкөнү жетектөөнү уланта берерин» айтты. Мыйзам боюнча күнөө коюлган өкмөт башчы кызматтан кетүүгө милдеттүү эмес. Ошол эле учурда соттук териштирүү анын саясий... Читать дальше...
23-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3; Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1; Баткенде... Читать дальше...
«Amnesty International»эл аралык уюму 10 миллиондон ашык эл жашаган Пакистандын экинчи чоң шаары Лахордо булганыч аба «ар бир тургундун өмүрүнө коркунуч туудурган абалга жеткенин» эскертти. Ал өлкө бийлигин шаарды түтүндөн арылтуу боюнча чукул чара көрүүгө чакырды. Уюм тараткан билдирүүдө «өкмөттүн буга байланыштуу чара көрбөй жатканы адам укугу жаатындагы олуттуу маселеге айланганы» айтылат. Пенжаб провинциясынын борбору Лахор дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаар болуп эсептелет. Түтүн каптап, эң... Читать дальше...
Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев коомчулукта талкуу жараткан «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген журналисттик иликтөө боюнча президент чукул чараларды көрбөсө элдин бийликке болгон ишеними биротоло жоголушу мүмкүн экенин айтты. Ал «Азаттыкка» берген комментарийинде «депутаттык комиссия түзүлдү. Тергөө жүрүп жатат» деген жалпы жооткотуучу сөздөрдү коомчулук кабыл албай турганын билдирип, бажыдагы коррупциялык иштерге тиешелүү адамдар камалышы керек экенин кошумчалады. - УКМКга... Читать дальше...
Ирандык саясий эксперт Сейед Реза Миртахер Америка Дональд Трамптын президенттиги учурунда Иранга каршы душмандык багытын эки эселентип, Вашингтондун талаптарын кабыл алдыруу максатында Тегеранга каршы максималдуу кысым көрсөтүүнү күчөткөндүгүн билдирди.
«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.
Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болот. Атайын изилдөөнүн жыйынтыгында ушундай тыянак чыкканын «Азаттыкка» Аял судьялардын ассоциациясынын эксперти Чынара Биялиева билдирди. Анын айтымында, харассменттин (жыныстык асылуу) масштабы жөнүндө изилдөө Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлдү. - Эң биринчи жыйынтык – жыныстык асылуу бизде бар. Болгондо да аябай көп экен. Мунун алдын алуу боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарыл. Аял баарын ичинде кармап, депрессия болбошу керек. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Саймаитинин өлүмү тууралуу журналисттик иликтөөдөн соң унчукпай кутулуу мүмкүн эмес экенин билдирип чыкты. Ал парламент түзгөн депутаттык комиссия «миллиарддык схеманын» бетин ачарына коомчулукта таптакыр ишеним жок экенине, ал жерде кызыкчылыктар кагылышы болорун белгилеген. Буга байланыштуу ал жарандык коом, оппозициянын өкүлдөрүнөн турган көз каранды эмес комиссия түзүүнү сунуш кылды. Депутат Саймати менен бир топ саясатчылар жакындан кызматташканы... Читать дальше...
Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин жогорку даражалуу өкүлү Түркия менен Египетти Орусия менен аскердик кызматаштыгына байланыштуу сынга алды. Ал 21-ноябрда атын атабаган шартта журналисттерге комментарий берип жатып, «Анкара Орусиянын С-400 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык системасынан арылышы керек» экенин билдирди. Түркия С-400 системасынын алгачкы бөлүгүн быйыл июль айында алган жана сентябрь айында анын экинчи партиясы жеткирилген. Эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык Анкара... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости