Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2019

Новости за 12.11.2019

Түркияда бекер дарыланган кыргыз жарандарынын квотасы көбөйдү

Azattyk.org 

Бул тууралуу Түркиянын «Расмий» гезити маалымат таратты. Анда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 11-ноябрда Кыргызстандан Түркияга акысыз дарыланууга келген бейтаптардын квотасын 50 бейтапка көбөйткөн келишимге кол койгону жазылган. Бул келишимге ылайык дагы 50 бейтапты Түркиянын Бишкектеги элчилиги тандап жөнөтөт. Муну менен Түркияга акысыз дарыланганы барган кыргызстандык бейтаптардын саны 150 адамга чыкты.  Ошондой эле квота менен келген кыргызстандык бейтапка Түркиядагы тиешелүү оорукана... Читать дальше...

Орусияда кулчулукка кабылган мигрант

Azattyk.org 

Казакстанда референдумду өткөрүү демилгеси көтөрүлгөн жыйын жаңжал менен коштолду. Тажикстандык мигрант Орусияда кулчулукка кабылганын айтып чыкты. Алтынга тете тообурчак. Ызгаарга карабай аны терип күн көргөн алтайлыктар. "Каректе Евразия" берүүсүндө бул жолу ушул баяндарды сунуштайбыз.



Футбол: Кыргызстан-Жапония оюнуна бардык билеттер сатылып бүттү

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Жапониянын Бишкекте өтө турган футбол таймашына бардык билеттер сатылып бүттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди. “Тилекке каршы, биздин стадион бул оюнду көргүсү келген бардык каалоочуларды батыра албайт, ошондуктан күйөрмандар үчүн кошумча аянтча болот” деп айтылат федерациянын билдирүүсүндө. 2022-жылы Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Ага тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын беттеши Бишкекте 14-ноябрда  Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Читать дальше...

Алты крым татары «хизбутчу» деп соттолду

Azattyk.org 

Кабул "Талибан" менен туткун алмашат. Гамбия Мьянма бийлигин рохинжа мусулман азчылыгына «тукум курут» кылган деп айыптап, Эл аралык сотко арыз менен кайрылды. "Москва иши" боюнча айыпталып жаткан Айдар Губайдуллин Литвага чыгып кетти.

Саймаитинин өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Azattyk.org 

Кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка»Түркиянын Адана шаардык ички иштер бөлүмү билдирди.

Зариф Назарбаев менен жолугушту

Ca-irnews.com (kg) 

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад  Зариф Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелер, аймактык жана эл аралык окуялар туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тышкы саясат: президенттин иши менен сөзү

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан көп векторлуу тышкы саясатты жүргүзөрүн айтты. Бул тууралуу өлкө башчы 12-ноябрда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада билдирди.



Аба ырайы: 13-ноябрга карата маалымат

Azattyk.org 

13-ноябрда жаан-чачын жаабайт. Айрым аймактарды туман каптайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11; Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 7…12; Баткенде түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15; Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9; Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7 градус болот. Читать дальше...

Молдова: парламент өкмөткө ишеним көрсөткөн жок

Azattyk.org 

Молдовада парламент Майя Санду баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алды. Өкмөттүн отставкасы менен аяктаган жагдайга прокуратура тууралуу мыйзамды өзгөртүү аракеттери негиз болгон. Анда Майя Санду өлкөнүн башкы прокурору кызматына талапкерлерди мындан ары премьер-министр тандайт деген жобо камтылган мыйзам долбоорду сунуштаган. Буга парламенттеги социалисттер каршы болуп, өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыгышкан. Майя Санду бул долбоорду Венеция комиссиясына жөнөтөрүн... Читать дальше...

Кабул талибдер менен туткун алмашат

Azattyk.org 

Ооган өкмөтү абакта кармап турган “Талибан” кыймылынын үч согушкерин үч жылдан бери талибдердин колунда туткунда жаткан америкалык жана австралиялык профессорлорго алмашат.

Тергөө комитети: Соколовдун дагы башка кылмыштары иликтенет

Azattyk.org 

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастыркин Санкт-Петербург университетинин доценти, тарыхчы Олег Соколовдун дагы башка кылмыштарды кылганы тууралуу маалыматтарды иликтөөнү тапшырды. Мунун алдында айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Соколовдун зордук-зомбулугу тууралуу буга чейин дагы башка студенттер арызданып жүргөнүн жазышкан. 63 жаштагы Олег Соколов 7-ноябрда өзүнүн батиринде аспирантын, соңку беш жылдан бери чогуу жашап жүргөн 24 жаштагы Анастасия Ещенкону мүчөлөп өлтүргөнү белгилүү болгон. Читать дальше...

Тарых музейи боюнча сот уланууда

Azattyk.org 

Бишкектеги Улуттук тарых музейинин кызматкери, экспонаттардын башкы сактоочусу Нурхат Иманкулова музейди реконструкциялоодо президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева музейдин кызматкерлерине басым кылганын айтты. Бул тууралуу ал 12-ноябрда сотто көрсөтмө берип жатып билдирди. - Бизге дайыма моралдык жактан басым болуп турган. Биз андан коркчубуз (ред: Мира Карыбаева). Анткени ал кызматкерлерге ар дайым кыйкырып, урушчу. Биз эмне жасасак да ага жакчу эмес... Читать дальше...

Ростов-на-Донуда алты Крым татары «хизбутчу» катары соттолду

Azattyk.org 

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы сот 12-ноябрда «Хизб ут-Тахрир» иши боюнча айыпталып жаткан алты адамды - Крым татарларын жети жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратты. Соттун өкүмүнө ылайык, Инвер Бекиров 18 жылга, Эмир-Усейн Куку менен Вадим Сирук 12 жылга, Арсен Жеппаров менен Рефат Алимов 7-8 жылга кесилди. Айыпталгандар мындан үч жыл мурун Ялтада «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешеси бар деген шек менен кармалышкан. Алардын эч кимиси күнөөсүн мойнуна алган эмес. Камалганга чейин Эмир-Усейн Куку Крымдагы белгилүү укук коргоочу болгон. Читать дальше...

ТИМ: Саймаити өлтүрүлгөн жердеги машиненин номуру кыргыз консулдугуна таандык болгон

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги «Рейндж Ровер» автоунаасынын номуру Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна таандык экенин маалымдады. Ал эми жолтандабас окуядан кийин жумуштан алынган башкы консул Эркин Сопоковдуку болгон. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Сопоков автоунаасын сатыш үчүн «Рамадан туризм» автосалонуна берген. Сопоков кандуу окуя болгон жерде эмнеге анын машинеси турганын түшүндүрүп бере алган эмес. Читать дальше...

Жуматаев: Илимге колдоо керек

Azattyk.org 

Кыргызстанда 10-ноябрда илим күнү белгиленди. Бул күндү утурлай Кыргызстандын Улуттук Илимдер академиясынын президенти Муратбек Жуматаев “Азаттыктын” “Эки-бир” маегине конок болду. Анда Кыргызстандагы илимдин учурдагы абалы, көйгөйлөрү жөнүндө суроолорго жооп берди.

Саймаитинин өлүмү боюнча кыргызстандыктар кармалды

Azattyk.org 

Кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка»Түркиянын Адана шаардык ички иштер бөлүмү билдирди. Баштапкы маалыматка ылайык, кармалгандардын экөө кыргызстандык, бирөө сириялык болгон. Алардын биринин паспорту жасалма болуп чыккан. Эки кыргызстандык Түркияга бир ай мурун келгени кабарланды.  Адана ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Атилла Кылыч окуянын чоо-жайы тууралуу мындайча маалымат берди:  - Сириялык Али Исбех жана кыргызстандык Кусейин Акматалиев, Абдуллах Энвер кармалды. Читать дальше...

Назарбаев Путин менен Зеленскийге ортомчу болгусу келет

Azattyk.org 

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн Владимир Путин менен Владимир Зеленскийге Нур-Султан шаарында жолугушууну сунуштады. Ал 12-ноябрда “Астана клуб” саясий форумунун жыйынында сүйлөп жатып, буга чейин орус жана украин преизденттери менен жолукканын, аларга жеке жолугушуу зарыл деп эсептерин кошумчалады. Назарбаев Зеленский бул сунушка макул экенин, эми Путиндин жообун күтүп жатканын да айтты.  Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алып... Читать дальше...

Ооган бийлиги «Талибан» менен туткун алмашууга даяр

Azattyk.org 

Ооган президенти Ашраф Гани «Талибан» кыймылынын үч белдүү мүчөсүн, анын ичинде «Хаккани» түйүнүнүн лидеринин иниси Анас Хакканини Кабулдагы Америка университетинин эки профессору – австралиялык жана америкалык жарандарга алмашууга даяр экенин билдирди.  Ашраф Ганинин 12-ноябрда билдиргенине караганда, үч соттолуучу учурда Баграмдагы абакта кармалып турат.  Алар үч жыл мурда, 2016-жылдын августунда уурдалган, 68 жаштагы америкалык Кевин Кингге жана 48 жаштагы австралиялык Тимоти Викске алмаштырылат. Читать дальше...


Музыкальные новости
Shaman

Shaman спел хит «Я русский» посреди улицы в Рязани





Rss.plus
Культура

Дети из землячества Узбекистана в Улан-Удэ стали зрителями театр кукол «Ульгэр»: Россия и Культура




"Цена улетит в небо": эксперт призывает россиян заранее купить это

Эксперт о предложении кандидатуры Белоусова Путиным: "Главный сюрприз оказался впереди"

Владимир Ефимов: участок в Полесском проезде реорганизуют в рамках КРТ

Антонов: запрет США на импорт урана из РФ приведет к экономическим потрясениям




Израил «Ислам жихадынын» бир лидерин өлтүргөнүн билдирди

Azattyk.org 

Израил Газа тилкесине сокку уруп, анда Палестинадагы «Ислам жихады» куралдуу тобунун кол башчыларынын бири Баха Абу аль-Атта өлтүрүлгөнүн билдирди. Аталган өлкөнүн армиясынын басма сөз кызматы «Баха Абу аль-Атта Израилдеги жайкын тургундарга каршы уюштурулган жүздөгөн терактка жооптуу болгон» деп жазды. Иран колдогон «Ислам жихады» тобу Газа тилкесинин чыгышындагы Шежая районундагы соңку соккуда Баха Абу аль-Атта аялы экөө ажал тапканын ырастады. Сириялык мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары... Читать дальше...

«Үмүт 2020» кыймылы Саймаитинин өлүмү боюнча кайрылуу таратты

Azattyk.org 

«Үмүт 2020» саясий кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова Түркияда өлтүрүлгөн, Кыргызстандагы журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган кытайлык Айеркен Саймаити боюнча видео кайрылуу таратты. Анда Айтматова Түркиянын күч органдарына кайрылып, Саймаитинин өлүмүн кылдат иликтеп, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулунун байланыштарын ачыкка чыгарууга чакырган. Ал «Ишкердин өлүмүнө кимдин кызыкчылыгы болгон?» деп суроо салган. «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө... Читать дальше...

Укук баладан башталат

Azattyk.org 

Бишкекте адам укуктары боюнча тасмалар “Россия” кинотеатрында акысыз көрсөтүлө баштады. Ар бир тасма анын авторлору менен талкууланууда. Бул иш-чаралар 11-ноябрда башталган даректүү тасмалардын «Бир Дүйнө-Кыргызстан» эл аралык фестивалынын алкагында өтүүдө.

Өзгөрүүнү талап кылган мыйзам

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев жана Рыскелди Момбеков сунуш кылган преференциалдык шайлоо ыкмасын киргизүү боюнча мыйзам долбоору 11-ноябрда Бишкектеги жыйында талкууланды.

Трамп Зеленский менен телефондон сүйлөшкөн алгачкы маегинин текстин жарыялайт

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 21-апрелдеги, Украинанын президенти Владимир Зеленский президент болуп шайланганда алгач ирет телефон менен сүйлөшкөн маегинин текстин жарыялай турганын билдирди. Ал «Твиттердеги» баракчасына: «Тарыхтагы эң ачык-айкын президент катары мен ушул жуманын ичинде Украинанын президенти менен эң алгачкы, эң маанилүү телефондук сүйлөшүүмдү жарыялайм», деп жазды. Трамп Өкүлдөр палатасындагы президентке импичмент жарыялоо жараянынын алкагында, коомдук талкуунун алдында ушундай билдирүү жасады. Читать дальше...



Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает Государственной Думе РФ оптимизировать налоговую сферу. «СВЯТОЙ кибер ЛЕНИН» удаляет налоги: перезагрузка.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин объявил о начале сборки «Москвича» по технологии полного цикла



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

Больше не пьет просекко! Волочкова призналась еще в одной зависимости




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Москве пройдет Братский кубок с "Динамо", ЦСКА и сербскими "Партизаном" и ОФК

Пензенские регбистки выиграли первенство России

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро


WTA

Александрова не смогла обыграть Саснович и покинула турнир WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Прокуратура организовала проверку по факту пролета воздушного судна над трассой М-8 в Подмосковье



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России