Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2019

Новости за 10.11.2019

Боливиянын президенти жаңы шайлоо өткөрүүгө макул болду

Azattyk.org 

Боливиянын президенти Эво Моралес үч жумага созулган нааразылык акцияларынан кийин жаңы шайлоо өткөрүүгө макул болду. Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы да кайра түзүлөрүн жарыялады. Боливияда шайлоо 20-октябрда өткөн. Өлкөнүн Жогорку шайлоо соту Эво Моралес 47 пайыздан көбүрөөк, анын атаандашы Карлос Меса 36,5 пайыз добуш алган деп тааныган. Ушундан соң Моралес өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Шайлоо учурунда одоно мыйзам бузуулар болгонун айткан Меса жыйынтыкты тааныбай, тарапташтарын көчөгө чыгып, экинчи айлампаны талап кылууга чакырган. Читать дальше...

Иран ири мунай кенин ачканын билдирди

Azattyk.org 

Ирандын президенти Хасан Роухани өлкөнүн түштүк-батышында 53 млрд. баррелдик жаңы мунай кору ачылганын билдирди. Тегеран буга чейин ырасталган мунай кору 150 млрд. баррелге барабар экенин маалымдап келген. Бул кабар Иран-АКШ мамилеси чыңалып турган учурга туш келди. “Бүгүн биз АКШга маалымдап жатабыз - биз бай өлкөбүз, силердин душмандыгыңар жана тирандык санкцияларыңарга карабай мунай өндүрүшүндөгү жумушчуларыбыз жана инженерлерибиз бул ири мунай кенин ача алышты” – деди Роухани 10-ноябрдагы телекайрылуусунда. Читать дальше...

Быйылкы Jashtar Camp “Санарип муун” урааны менен өттү

Azattyk.org 

Кыргызстанда жаштардын кезектеги Jashtar Camp форуму жыйынтыкталды. “Жаштардын өнүгүү институту” жана Youth of Osh уюмдары биргелешип уюштурган иш-чара быйыл “Санарип муун” урааны менен уюштурулду. Бишкек, Нарын, Каракол, Талас, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя жана Ош шаарларында “Санарип дүйнөдөн өзүңдү тап!” темасында мастер-класстар, презентациялар, флешмобдор жана кызыктуу мүмкүнчүлүктөр жарманкелери өттү. Жаштардын ишкердиги жана стартап, жарандык жана саясий катышуу, IT жана Data өнүктүрүү... Читать дальше...



Испанияда кайрадан мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө

Azattyk.org 

Сурамжылоолор премьер-министр Педро Санчестин партиясы алдыда келатканын, бирок жеке өзү өкмөттү түзө ала турган санда мандат ала албай турганын көрсөтүүдө. 350 орундуу парламентке быйыл экинчи жолу мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Апрелдеги добуш берүүдөн кийин Санчестин Испан социалисттик жумушчу партиясы өкмөттү курай албай, падыша Филипп VI жаңы шайлоо жарыялаган. Алдын ала сурамжылоолор оппозициядагы "Элдик" партия менен эскичил-популисттик "Добуш" партиясы турумун күчтөндүрүшү ыктымалдыгын көрсөтүүдө. Читать дальше...

Москвада жаш активисттерди бошотуу талабы менен пикет өтүүдө

Azattyk.org 

Москвада Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) имаратынын алдында "Новое величие" иши боюнча кармалгандарды бошотуу талабы менен пикеттер уланууда. Нааразылык акциясына айыпталуучулардын бири, Анна Павликованын апасы Юлия Павликова да чыкты. ФСБнын алдына чыккандардын арасында бийликчил SERB кыймылынын активисттерин да көрүүгө болот. Эскерте кетсек, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы «Сеть» жана «Новое величие» кылмыш иштери боюнча 18-30 жаштагы 21 адамды экстремизмге байланыштуу айыптаган. Читать дальше...

Интерпол издеген казак жараны Кыргызстандын паспорту менен кармалды

Azattyk.org 

10-ноябрда Түркиянын "CNN türk" телеканалы кабарлагандай, 15 жыл мурун Казакстанда адам өлтүрүүгө шек саналып Интерполдун издөөсүндө жүргөн 53 жаштагы Бакытжан Успанов Түркиянын Кония шаарында кармалган. Ал суракта «Казакстанда кылмыш кылганын, Кыргызстанга качып барып Бишкектен 1000 долларга Кыргызстандын паспортун сатып алганын» айткан. Тергөөдө шектүү Успанов казакстандык экени, кыргыз паспорту жасалма болгону аныкталган. Тергөө аяктагандан кийин Кония шаардык прокуратурасы Успановду Казакстанга депортациялай турганы айтылды. Читать дальше...

Грэпплинг: Маамытов жана Абдыкерим уулу дүйнө чемпиону болушту

Azattyk.org 

Кыргызстандык спортчулар грэпплинг боюнча окуучулар, уландар жана кыздар (кадеттер), ардагерлер арасында Азербайжандын Баку шаарында өткөн дүйнө чемпионатында жети алтын, үч күмүш жана жети коло байгеге ээ болушту. Кыргызстандын UWW грэпплинг федерациясынын катчысы Сейтек Толтоевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Биргелешкен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюштурган дүйнө чемпионаты 8-9-ноябрь күндөрү өттү. Кыргызстандан бул мелдешке 29 спортчу барган. Жаштар арасында грэпплингдин... Читать дальше...



Шакирмаматов күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

Azattyk.org 

Кыргызстандык спортчу Эдилбек Шакирмаматов Түштүк Кореянын Чхонжу шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Ал 82 кг. салмак боюнча финалдык беттеште орусиялык Асланбек Кодзаевге утулуп калды. Мелдеш 9-ноябрь күнү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Самбо федерациясы кабарлады. Ушул эле күнү 62 кг. салмак боюнча кыргызстандык дагы бир спортчу Эрнис Капаров беттеш өткөрүп, күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпионатында коло байге алды. (BTo)

Кой-Таштагы аскер бөлүктө офицер асынып алды

Azattyk.org 

Чүйдүн Кой-Таш айылындагы № 73809 аскердик бөлүктө кызмат кылган офицер асынып алды. Бул маалыматты «Азаттыкка» Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева ырастады. Анын маалыматына караганда, окуя бүгүн, 10-ноябрда Кой-Таштагы кызматкерлер жашаган аскер шаарчасында болгон. - Офицер, майор болчу. Бүгүн эртең менен ал өзү жашаган кызматтык үйдөн денесин таптык. Учурда бул ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Андан тышкары биз да өзүбүз иликтөө иштерин жүргүзүп жатабыз, - деди Жарашева. Читать дальше...

Жеке ветеринарлардын бирдиктүү реестри түзүлүүдө

Azattyk.org 

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ушул жылдан баштап жеке ветеринарлар Ветеринардык палатанын бирдиктүү реестрине каттала баштаганын билдирди. Аталган палата ветеринария тармагында иштеп жаткан жеке ветеринарлардын ишин жөнгө салууну көздөйт.   Учурда 873 ветеринар каттоодон өттү. Жогорку же атайын-орто ветеринардык билими бар дагы 2 миңден ашык адис каттоодон өтөт деп күтүлүүдө. Андан кийин алар жеке ветеринардык ишин жүргүзүүгө уруксат алышат.  Министрлик бул иш-чаралар... Читать дальше...

Ысыкты тоготпогон күлүк кумурска

Azattyk.org 

Дүйнөдөгү эң күлүк кумурска Сахара чөлүндө жашайт. Климат канаттуулардын жумурткаларынын түсүнө таасир этет. Ден соолукка пайдалуу тамак жаратылышка да пайда. 10 мүнөттө заряддалчу аккумулятор.

Алимент өндүрүү жана төгүүнүн жол-жобосу

Azattyk.org 

Алимент өндүрүү жана төгүүнүн жол-жобосу. Баян БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосунда "Айкын багыт" коомдук фондунун "Гендердик зомбулук маселелерин чагылдырууда инновациялык медиа форматтар" долбоору менен өнөктөштүктө даярдалды. Коммерциялык мүнөздө эмес.

Аба ырайы: кар жаайт

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 11-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8; Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9; Баткенде... Читать дальше...

Өзбекстанда "Hugo Boss" бренди менен костюмдар тигиле баштайт

Azattyk.org 

Өзбекстандын Наманган облусунда "Vakkoni" маркасы менен кийим-кече чыгарган «Люкс плюс сервис» компаниясы эми "Hugo Boss" бренди менен костюмдарды да тиге баштайт. Тиешелүү келишимди Наманган облусунун башчысы Хайрулло Бозоров менен Германиянын "Hugo Boss" ишканасынын өкүлү түзүштү. Маалыматка караганда, долбоордун жалпы суммасы 10 миллион долларды түздү. Долбоордун биринчи баскычында 800 жумушчу орун түзүлөт. Кийимдер Европа өлкөлөрүнө жана Орусия менен Казакстанга экспорттолот. (BTo)

Польша Орусиянын өтүнүчү менен украин активистин кармады

Azattyk.org 

Польшада Орусиянын өтүнүчү менен Украинанын Жогорку Радасынын катчылыгынын адам укуктары боюнча өкүлү, активист Игорь Мазур кармалды. Бул тууралуу ишембиде Украинанын бийлик өкүлдөрү айтышты.   Орусияда ишмердигине тыюу салынган УНА-УНСО улутчул уюмунун лидерлеринин бири Мазурга 1990-жылдары чечен сепаратисттерин колдоп, Чеченстандагы согуштук аракеттерге катышкан деген айып коюлду. Ал Украина менен Польшанын чек арасында кармалган. Маалыматка караганда, анын аты-жөнү Интерполдун маалымат базасында болгон. Читать дальше...

Ноокен: көчөлөрдүн бирине «Кыргызстандын президенти атындагы көчө» деген ат берилди

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында 85 түтүн жашаган көчөгө "Кыргыз Республикасынын президенти атындагы көчө" деген ат берилди. Бул маалыматты «Азаттыкка» Масы айылынын тургуну Тайыражы Абдукаримов ырастады. Ал көчөгө мындай атты коюу боюнча сунуш 2018-жылдын декабрь айында айылдык кеңештин сессиясына чыгарылып колдоо тапканын, бирок көчөлөргө ат коюуга убактылуу мораторий киргизилгендиктен 2020-жылы эл каттоодо толук мыйзамдаштырыларын айтты. Ошондой эле көчөгө азырынча такталар илине электигин кошумчалап... Читать дальше...

Жээнбеков: илимпоздорго колдоо көрсөтүүгө умтулабыз

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-ноябрда окумуштууларды жана илимий ишмерлерди кесиптик майрамы – Кыргызстандын илим күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Анда президент мамлекеттин өнүгүүсү үчүн илимдин, билимдин, интеллектуалдык ресурстун мааниси өзгөчө экенин белгилеп, илимди жаңы деңгээлге көтөрүү менен экономиканы жана социалдык чөйрөнү технологиялык жактан жаңылоо максаты турганын айткан. - Илим адамынын коомдогу баркын көтөрүп... Читать дальше...



Москва

Национальный конгресс по регенеративной медицине впервые пройдет в Санкт-Петербурге: ученые и врачи обсудят достижения и перспективы развития регенеративной биомедицины


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

Бурятский госцирк представил новое руководство: Театр и цирк, Россия и культура, дети




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Звезды спорта. Кто они такие и почему их так называют?

Сергей Лёвкин: в Митине завершат возведение физкультурно-оздоровительного комплекса

Никакой магии! В спортивном прогнозировании не бывает безусловных выигрышных стратегий


Анна Калинская

Калинская проиграла Свитолиной и не смогла выйти в 1/8 финала турнира в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

МЖД изменила расписание поездов из-за ремонта на станциях



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России