Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2019

Новости за 11.11.2019

Тажик оппозиционери Одинаев Евробиримдиктен башпаанек сурайт

Azattyk.org 

Тажикстандык оппозиционер, активист Фарход Одинаев Европа Биримдигинен саясий башпаанек сураганы жатат. Бул тууралуу ал "Азаттыктын" тажик кызматына кабарлады жана бул чечимди мекенине кайтып барса, камала турганы белгилүү болгондон кийин кабыл алганын белгиледи. Одинаев ушул тушта Германияда жүрөт жана бир жылга виза алган. Фарход Одинаев 25-сентябрда Варшавага адам укуктары боюнча жыйынга катышуу үчүн баратканда тажик бийлигинин өтүнүчү менен Беларуста камакка алынган. Ошондон бери өткөн аптага... Читать дальше...

FT: Асаддын туугандары "Москва-Ситиден" 19 батир сатып алышкан

Azattyk.org 

Сириянын президенти Башар Асаддын жакын туугандары Орусиянын Москва шаарындагы "Москва-Сити" турак жай комплексинен жалпы баасы 40 миллион долларга бааланган кеминде 19 батир сатып алышкан. Бул тууралуу "Financial Times" басылмасы коррупцияга каршы күрөшкөн "Global Witness" өкмөттүк эмес уюмунан алынган документтерге таянып жазды. Документтерге ылайык, Асаддын тайкеси Мохаммад Махлуф Москвадан 2013-жылдан тартып турак жай сатып ала баштаган. Ушул тушта президенттин тууганы Хафиз Махлуфга жана ага таандык компанияларга 13 батир катталуу. Читать дальше...

Иракта өкмөткө каршы акцияда төрт адам каза болду

Azattyk.org 

Өлкөнүн түштүгүндөгү Насирия шаарында демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышында дагы 130дай киши жарадар болду. Бул тууралуу жарым-жартылай өкмөттүк деп эсептелген Адам укуктары боюнча жогорку комиссия кабарлады. Ага ылайык, жарымынын абалы оор. Бери дегенде төрт адамдын өлүмү менен аяктаган кагылыш шаардагы билим берүү башкармалыгынын сыртына топтолгон тургундарга полиция жаш агызчу газ колдонгондо тутанган. Ал арада Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ирактагы миссиясынын башчысы Жанин... Читать дальше...



Жаңгак менен жан сактаган эл

Azattyk.org 

Нечен кылымдан бери элди багып келаткан Арстанбап жаңгак токою. Чүйдөгү Калыгул айылы мектепсиз калып, балдар шарты жок эмканада окуп жатышса, сыркоолор кулайын деген суук мектептеги дарыгерге көрүнүүгө аргасыз. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.

Бакиев атындагы көчө элди жаатташтырды

Azattyk.org 

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин ысымы Жалал-Абаддагы көчөлөрдүн бирине берилгени коомчулуктун сынына кабылды. Мындай токтомду Ноокен айылдык кеңешинин депутаттары чыгарган.

Шайлоо мыйзамы: саясатчылар бийликке кайрылды

Azattyk.org 

Бишкекте 11-ноябрда преференциалдык шайлоо ыкмасын киргизүү боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоору талкууланды. Документтин авторлору мыйзам кабыл алынса жарандар электрондук добуш берүү аркылуу шайлоого катышып жаткан партияны, анын ичинен талапкерди да тандашарын айтып жатышат. Жыйында Кыргызстандагы шайлоо тутуму эскиргенин, учурдагы система бийликке гана ыңгайлуу экени айтылды. Саясатчылар бийлик аны оңдоого кызыкдар болбой турганын билдирип, президент Сооронбай Жээнбековду жаңы өзгөртүүлөрдү колдоого чакырышты.

Жол кырсыгы төкмө акындын өмүрүн алды

Azattyk.org 

Төкмө акын Майра Керим кызынын уулу, жаш төкмө акын, актёр Акжолтой Канат уулу 26 жашында жол кырсыгында каза тапты. 11-ноябрга караган түнү Кочкорго бараткан жеңил машине жүк ташуучу машине менен кагышып, төрт киши каза болду.



Француздар исламофобияга каршы чыгышты

Azattyk.org 

Гонконгдогу кезектеги нааразылык акциясында полиция ок чыгарды. Ооганстанда Абдулла Абдулла добуш саноону токтотууну талап кылды. Парижде жекшемби күнү исламофобияга каршы акция өттү.

“Бир Дүйнө-Кыргызстан” кинофестивалынын ачылышы өтүүдө

Azattyk.org 

Бишкекте “Бир Дүйнө-Кыргызстан” кинофестивалынын ачылышы өтүүдө. Бул жылы фестиваль Балдардын укуктары боюнча БУУнун Ковенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналып, “Балдар үнү жана тең укуктуулук” деген темада өтүүдө. Фестивалга 10дан ашык өлкөдөн 20дан ашык даректүү тасма катышып жатат. Бул тасмалар катаал шарттагы балдардын укуктарын коргоо өңдүү бир топ темаларды чагылдырат. Мындан сырткары фестивалдын алкагында балдардан укуктарын талкуулаган талкуулар, семинарлар өтөт. Фестивалдын ачылышына... Читать дальше...

Ооганстан: шайлоонун жыйынтыгын жарыялоо кечикти

Azattyk.org 

Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин шайлоодогу башкы атаандашы, аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла Көз карандысыз шайлоо комиссиясынан бюллетендерди саноону токтотууну талап кылды.

ТИМ Саймаитиге таандык делген автоунаанын чоо-жайын тактоодо

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитиге таандык делген автоунаанын чоо-жайын тактап жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу учурда бул иш менен алектенүүдө. «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөнү кабарланды. Ал киши колдуу болгон... Читать дальше...

Анкара жоочу деп шектелген чет өлкөлүктөрдү депортациялай баштады

Azattyk.org 

Түркия 11-ноябрда "Ислам мамлекети" террорчул тобунун мүчөсү деп шектелген Кошмо Штаттарынын жаранын өз мекенине жөнөттү.  Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги, 14-ноябрда Германиянын жети жараны дагы депортацияланарын маалымдады.  Өткөн аптада түрк ички иштер министри Сулейман Сойлу Анкара "Ислам мамлекети" террордук уюмунун колго түшкөн чет өлкөлүк жоочуларын 11-ноябрдан тарта алардын өз мекенинде жарандыктан ажыратылганына карабастан жөнөтө баштарын маалымдаган.  Түркиянын президенти Режеп... Читать дальше...

12-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Шашылыш билдирүү: Акыркы күндөрдөгү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Каракол - Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 76-90 чакырымдарында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Аба ырайы: 12-ноябрда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11; Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 7…12; Баткенде... Читать дальше...

Иракта 2014-жылдан бери өтө элек майрам болду

Azattyk.org 

Иракта мусулмандар Мавлид ан-Набауий же Мухаммед пайгамбардын туулган күнүн белгилешти. Бул күн Мосулдагы атактуу Аль-Баша мечитинде соңку беш жылдан биринчи жолу майрамдалып жатат. «Ислам мамлекети» террордук тобу 2014-жылы бул аймакты өз карамагына алганда, бул күн Куранда жазылбаганын жүйө кылышып, аны белгилөөгө тыюу салышкан. Бул күнү мечитке чогулгандар Мухаммед пайгамбардын өмүр жолун баяндаган, аны даңктап-мактаган диний ырларды аткарышат, куран окушат жана таттуулар таркатылат. Бул күн... Читать дальше...

Исаковдун адвокаты Башкы прокуратурага кайрылды

Azattyk.org 

Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды. Анда адвокат ЖЭБ боюнча кылмыш ишиндеги айрым документтер атайын алмаштырылып, жасалма жол менен чыгымды көбөйтүү аракети болгонун айтууда. Токтакуновдун жүйөсүндө, чыгымды эсептөөдө Курулуш жана архитектура агенттигинин айрым кызматкерлери документтеги айрым барактарын атайлап алмаштырып койгон. Мындай жол менен ЖЭБди жаңылоодо чыгымды көбөйтүү аракети болгон. Читать дальше...

Ооганстан: Абдулла Абдулла добуш саноону токтотууну талап кылды

Azattyk.org 

Ооганстандын лидери Ашраф Ганинин президенттик шайлоодогу башкы саясий атаандашы, аткаруу бийлигинин жетекчиси Абдулла Абдулла Көз карандысыз шайлоо комиссиясынан бюллетендерди саноону токтотууну талап кылды. Ал өз байкоочуларын чакыртып ала турганын жана азыркыдай жол менен саналган добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбастыгын айтып чыкты. Ашраф Гани да, Абдулла Абдулла да 28-сентябрдагы шайлоодо укатканын жарыялап, бири бирин добуш берүүнү бурмалап жатат деп айыптаган. Бюллетендерди саноодогу катачылыктар... Читать дальше...


Музыкальные новости
Юрий Лоза

Певец Лоза заявил, что Влада Листьева убили из-за денег





Rss.plus
Сергей Собянин

В медорганизациях Москвы работают около 50 тыс. медсестер и медбратьев — Собянин




Астраханцы поженились во время Всероссийского фестиваля на ВДНХ

Anti-age средства: революция в вашей косметичке от Рии Горбуновой.

Детали ареста кадровика Минобороны Кузнецова: в доме нашли миллионы

«Москвичи» теперь делают по полному циклу — как поменяются машины?




Экс-депутат Вороненковдун өлүмүнө шектүүнүн адвокаты өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Украинанын Житомирск облусунда жекшемби күнү адвокат Святослав Пархоменко киши колдуу болуп ажал тапты. Ал сотто Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Денис Вороненковдун өлүмү үчүн шек саналып жаткан Александр Лосту коргоп жаткан. «Украинская правда» басылмасы жергиликтүү полицияга шилтеме кылып, Пархоменко аңчылыкка чыкканда чатакташа кетип ок жегенин жазды. Анын айрым кесиптештери чыр-чатактын айынан ажал тапканынан күмөн санап жатышат.  Өткөн айда Вороненковдун ишиндеги күбөлөрдүн бири Владимир Ворох Харьковдогу атышууда мерт болгон. Читать дальше...

Төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынын чоо-жайы айтылды

Azattyk.org 

Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулунун өмүрүн алган жол кырсыгы Кочкор-Балыкчы жолунда өткөн түнү болгон. Анда "Норд-Бенц" менен "Субару Импреза" үлгүсүндөгү машинелер кагышкан. Нарын облустук милициясынан кабарлашкандай, баштапкы маалымат боюнча “Субару Импреза" жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Бул машинеде бараткан айдоочу жана үч жүргүнчү ошол жерден мүрт кетип, бир адам оор абалында Кочкор райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Каза болгондордун арасында төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу жана келинчеги бар. Читать дальше...

Мирзиёевдин кенже күйөө баласы дагы бир кызматка дайындалды

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кичүү кызынын күйөөсү Атабек Умаров Таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) боюнча федерациянын башчысы болуп дайындалды. Бул федерация 8-ноябрда негизделди жана жергиликтүү маалымат каражаттары Умаров мушкерлер менен жолугуп, чогуу машыгуу өткөргөнүн жазышты.  Өткөн айда таймаштын аралаш түрлөрү боюнча орусиялык мушкер, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Ташкентте академия ачканы жатканын жарыялаган. Ошондой эле 2020-2021-жылдары Өзбекстанда... Читать дальше...

Текебаев: бийлик шайлоо системасын өзгөртүүгө умтулбайт

Azattyk.org 

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкекте шайлоо мыйзамдарын талкуулаган жыйында Кыргызстандагы шайлоо системасына жарандар нааразы экенин айтты. Ал бул талкууда сүйлөп жатып өлкөдөгү саясий түзүлүштү шайлоо системасы дискредитация кылганын билдирип, аны оңдош керек экенин кошумчалады. Бирок Текебаев жаңы шайлоо системасы кайсы гана бийликке болбосун жакпай турганын белгиледи. - Бул бүгүн эл колдоп жаткан жакшы идеяны бийлик колдобосо ал өтпөйт. Бирок бүгүнкү бийлик буга кызыкчылыгы жок. Читать дальше...

Кой-Ташта жабыркаган Самат Курманкулов өз алдынча сүйлөп, басып калды

Azattyk.org 

Чүй облустук милициясынын Москвада дарыланып жаткан башчысы Самат Курманкулов өз алдынча басып, сүйлөп калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда Курманкулов Москвадагы Реабилитациялык борбордо дарылануусун улантууда. Буга чейин ал атайын аппараттын жардамы менен сүйлөп жатса, учурда өз алдынча сүйлөп, басып калды. Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жарадар болгон. Читать дальше...



Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» правит миром, расшифровал «ДНК В.И.Ленина», отменяет налоги. И… отключает институты времени. Разгадка «научных теорий заговоров».


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Bon Jovi

Гітарист Річі Самбора шкодує, що не пішов із Bon Jovi раніше




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Искусство продвинутого анализа в спортивном прогнозировании

Полезные приложения для поклонников спортивной ходьбы

Сергей Лёвкин: в Митине завершат возведение физкультурно-оздоровительного комплекса


ATP

Хачанов вышел в третий круг турнира ATP в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Киев

Зеленский после приезда Блинкена в Киев сразу же стал выпрашивать у США дополнительные ЗРК Patriot



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России