Бахадыр Кочкаров: Футболдон алыстабайм
Кыргызстандык футбол калысы Бахадыр Кочкаров эл аралык аренадагы карьерасын ийгиликтүү жыйынтыктады.
Кыргызстандык футбол калысы Бахадыр Кочкаров эл аралык аренадагы карьерасын ийгиликтүү жыйынтыктады.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.
Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында ондогон активисттер Европа Биримдигин өлкөдөгү адам укуктары бузулуп жатканына байланыштуу казак бийлигине басым көрсөтүүгө чакырышты. Активисттер 27-ноябрда Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү жайгашкан имаратка келип, кызматкерлер менен жолугушууну талап кылды. Акциянын катышуучулары «Саясий туткундарга боштондук!», «Силердин Казакстан менен келишимиңер – биздин кулчулук!», «Коррупцияга баткан өлкө менен соода кылууга жол жок!» деп жазылган плакаттарды кармап турушту. Читать дальше...
27-ноябрда 751 депутаттан турган Европарламент уюмдун аткаруучу органы болгон Еврокомиссиянын мүчөлөрүн шайлады. Депутаттардын көпчүлүгү колдогон Урсула фон дер Ляйен баштаган Европа комиссиясы беш жылга шайланды. Аткаруучу орган белгиленген мөөнөттөн бир айга кечигип шайланганы жатат. Еврокомиссиянын жаңы курамы кызматына 1-ноябрда киришмек. Бирок үч талапкерге байланыштуу талаштан улам кийинкиге калган. Евробиримдиктин ар бир мүчөсү аткаруучу органга өз өкүлүн жөнөтөт. Уюмдан чыгууга даярдык... Читать дальше...
Москва менен Буэнос-Айресте үч жыл мурда Орусиянын Аргентинадагы элчилигиндеги табылган 12 чемодан кокаин тууралуу сот иши башталды.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Расмий жолугушуудан кийин эки өлкөнүн президенттери басма сөз жыйынын өткөрүштү.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Беларустун президенти Александр Лукашенко Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келишти. Андан мурдараак Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келген. Аларды 27-ноябрда «Манас» эл аралык аэропортунан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. «Тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм деп сыпатталган ЖККУга Кыргызстан... Читать дальше...
Ош шаардык соту Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө айыпталган 40 жаштагы Мелис Калыковду өмүрүнүн аягына чейин абакка кести. Чечим 27-ноябрда чыкканын анын бир тууганы Дарика Калыкова "Азаттыкка" билдирди. Маалымат расмий таратыла элек. Соттолуучунун эки адвокаты тең алыста болгондуктан отурумга катыша албай калганын билдиришти. Калыкова иниси куржалаага кабылганын, иш далилденбей эле сот чечими чыкканын айтып, нааразы болууда. Мамажакыпов 2018-жылы 17-ноябрда киши колдуу болгон. Читать дальше...
Жогорку окуу жайды аяктап, бирок ишти шаардан эмес, айылдан баштаган ишкерлердин бири - Атабек Турдакунов. Азыр ал топоздун этин Интернет аркылуу жарнамалап жүрөт. Атабектин 300гө жакын топозу бар. Келечекте топоздун этин дүйнөгө Кыргызстандын бренди катары таанытуу ниети бар.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Аймак аралык касташууну козутту» деген айып менен социалдык тармактардагы «БеспределKG» баракчасынын негиздөөчүсү, активист Афтандил Жоробековду кармап, сот чечиминин негизинде эки айга камады.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. 27-ноябрда «Манас» эл аралык аэропортунан Рахмонду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. «Тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм деп сыпатталган ЖККУга Кыргызстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Беларус, Казакстан мүчө. 2019-жылы уюмга Кыргызстан төрагалык кылды. Читать дальше...
Кол коюлган эки тараптуу документтер:
Албанияда жер титирөөдө ажал тапкандардын саны 30га чукулдады, жүздөгөн адам жаракат алды. Украиналык режиссер Олег Сенцов Европа парламентинде Андрей Сахаров сыйлыгын алды. Жизакта өзбекстандык белгилүү укук коргоочу Талиб Якубов 79 жашында көз жумду. Каримов режиминин сынчысы 12 жыл бозгунда жүрүп, былтыр туулган жерине кайтып келген.
Антидопинг дүйнөлүк агенттигинин (WADA) ачыкка чыккан планы Россиянын спорт өкүлдөрүн бери дегенде эле катуу ойго салды.
Малайзиянын ички иштер министрлиги ИШИМ террордук уюмунун калдыктары Батыш Азиядагы базасын Түштүк-Чыгыш Азияга которушу ыктымал экенин эскертти.
27-ноябрда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан соттук кароодо мамлекеттик айыптоочулар жарыш сөзгө чыгып, соңку сөздөрүн айтышты. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө айтылгандай, прокурорлор Сапар Исаковду 15 жылга, Айбек Калиевди 17 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди, Салайдин Авазовду, Жолдошбек Назаровду, Темирлан Бримкуловду 11 жыл 3 айга, Ольга Лаврованы 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранышты. Айыптоочулар... Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий жолугушуудан кийин атайын басма сөз жыйынын өткөрүштү. Анда Токаев сүйлөшүүнүн мазмунуна токтолуп, анда негизинен соода-экономикалык алака жана чек ара тоскоолдуктарын азайтуу жөнүндөгү макулдашуулар болгонун айтты. Токаев 2015-2018-жылдары эки өлкөнүн ортосундагы соода алака 30% өсүп, 900 миллион долларды түзгөнүн айтты: - Биздин келечектеги максатыбыз соода жүгүртүүнү бир миллиард доллардан ашыруу. Читать дальше...
Кипр Кремль менен жакын мамиледеги орусиялык олигарх, 51 жаштагы миллиардер Олег Дерипасканы жарандыктан ажыратты. Ноябрь айынын башында кипр бийликтери «Инвестиция үчүн жарандык» программасынын алкагындагы милдеттенмесин жетиштүү аткарбаганы үчүн 26 адамды жарандыктан ажырата турганын билдирген. «Reuters» агенттиги өз булактарына таянып, алардын арасында орусиялыктар да бар экенин кабарлаган. Дерипасканын жарандыктан ажыратылганы тууралуу Кипрдин бийлиги расмий маалымат тарата элек. Олигарх өзү да азырынча пикирин билдирген жок. Читать дальше...
Жаш адамдын өз бактысы үчүн күрөшү - көркөм адабияттагы түгөнгүс темалардын бири.
Гонконгдо 10 күндөн берки Политехникалык университетти камалоо аяктады. Полиция шейшембиден бери кампусту текшерип, митингчилер табылбаганын билдирди. Окуу жайынын вице-президенти Миранда Лу тазалоо иштерин башташ үчүн тартип сакчыларын имараттан тезирээк кетүүгө үндөдү. Полиция имаратты дагы эле кайтарып жатат. Нааразылык акциясына чыккандардын бир бөлүгү университеттин кампусун эки жума мурун ээлеп алышкан. Алар кире бериштерди, жолдорду торошкон. Полицияга каршылык көрсөткөн кампустагы миңдей... Читать дальше...
28-ноябрда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун айрым тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8, Талас жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6... Читать дальше...
Мурда маалымдалгандай, аймактар аралык жаңжалды козуткан факты боюнча «Беспредел.kg» баракчасынын администратору кармалып, УКМКнын тергөө абагына жайгаштырылган.
«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.
Жизакта өзбекстандык белгилүү укук коргоочу Талиб Якубов 79 жашында көз жумду. Жакындары акыркы айларда ал төшөктө жатып калганын айтышты. Якубов 12 жыл бозгунда жашап, былтыр мекенине кайтып келген. Өзбекстандын адам укуктары коомунун негиздөөчүсү 2005-жылы Анжиянда болгон кандуу окуялардан кийин активисттер менен укук коргоочуларга каршы башталган куугунтук маалында өлкөдөн кетүүгө мажбур болгон. Өзбек бийлиги аны жарандактан ажыратып койгон. 2006-жылы Якубовго жасалма кылмыш иши козголгон. Ал... Читать дальше...
Иран бийликке каршы нааразылыкты күч менен басуунун деңгээлин жана андагы курмандыктардын санын азайтып көргөзүүдө. Бул тууралуу «Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун жаңы баяндамасында айтылат. Баяндамада бир катар укук коргоочулар нааразылык учурунда 140тай киши өлүп, 7 миңдей киши кармалганын билдиришкен. «Human Rights Watch» Иран бийлигин өлгөндөрдүн жана кармалгандардын саны тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга, зордук-зомбулук тууралуу көз каранды эмес иликтөө жүргүзүүгө чакырган. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости