Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2019

Новости за 25.11.2019

Матраимовдор иши: Дубайдагы мүлк

Azattyk.org 

Кыргыз бажысынын мурдагы таасирдүү жетекчиси Райымбек Матраимовдун жубайынын Дубайда борбор азиялык көмүскө үй-бүлө менен чогуу инвестициялык бизнеси бар.

Кыргызстан ЖККУдагы төрагалык милдетин жыйынтыктайт

Azattyk.org 

Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККК) төрагалык милдетин 28-ноябрда Бишкекте саммит өткөрүү менен жыйынтыктайт. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев дүйшөмбүдөгү басма сөз жыйынында бул тууралуу айтып, бир жыл ичинде уюмда коопсуздук маселелерин, кризистик кырдаалдарды жөнгө салууга, аскердик-экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылык берилгенин билдирди.  Бишкекте өтчү саммитте эл аралык жана аймактык коопсуздук маселеси талкууланат. Бир катар документтерге кол коюлуп... Читать дальше...

«Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы башталды

Azattyk.org 

Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да 25-ноябрда аялдарга каршы өкүмзорлукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы башталды. Бул өнөктүк өкмөттүк мекемелерди, жамааттарды, зомбулукка кабылгандарды, активисттерди бир тилектештиктин алкагында бириктирип, түрдүү иш-чаралар уюштурулат.  Жыл сайын 16 күндүк акция өткөрүү чечимин 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы кабыл алган.  Ал 25-ноябрь - Аялдарга каршы зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрь... Читать дальше...



Жээнбековдун ишине сын жана мактоо

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбековдун кызматка киришкенине толук эки жыл болду. Ал 2017-жылдын 24-ноябрында ант берип, жумушун расмий баштаган.

Кара-Жылганын жалгыз дарыгери

Azattyk.org 

Элдин саламаттыгын ойлоп, жөө же ат менен айыл кыдырган нарындык фельдшер. Орусиядан Ошко келип балдарга тил үйрөтүп жаткан эжеке. Токмокто карыялар үчүн ысык чайы жана жылуу түнөгү бар пансион. 60 жашында көнүгүү жасап, көп оорудан арылган караколдук Татьяна Попова. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.

Каптагаев Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтуна директор болду

Azattyk.org 

Эмилбек Каптагаев Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп дайындалды. Буйрукка 25-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Каптагаев 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки Убактылуу өкмөттүн мүчөсү.

Масалиев: Өкмөт Бишкектеги митингге реакция жасашы керек

Azattyk.org 

Өкмөт 25-ноябрда Бишкекте коррупцияга каршы өткөн митингге реакция жасашы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө айтып, бул өкмөттүн түздөн түз милдети экенин билдирди. Өкмөт жарандык акцияга байланыштуу азырынча билдирүү жасай элек.  Митингдин алдында таратылган расмий билдирүүдө аткаруу бийлиги учурда коррупцияга каршы күрөшүү механизмдеринин натыйжасы жетишсиз экендигин премьер-министр түшүнөрүн, кадрдык жүрүштөр менен эле... Читать дальше...

«#REакция»: Москвадагы активисттер президентке кайрылышты (видео)

Azattyk.org 

Москвадагы активисттер кыргыз бийлигине кайрылып, «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү бажыдагы коррупциялык схемалар тууралуу маалыматты текшерип, тиешелүү чара көрүүнү өтүнүштү. Орус калаасындагы мигранттардын облустук бирикмелеринин жетекчилери жана жигердүү өкүлдөрү коррупция менен күрөштө өкмөттүк органдар өз милдеттерди аткарбастан, бул милдет журналисттерге жүктөлүп жатканына нааразы болушту. Ошондой эле «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган маалыматтарды текшерип, бажыдагы коррупцияны аныктоо үчүн... Читать дальше...



#REакция: Москвадагы мекендештердин үнү

Azattyk.org 

«Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттигинин журналисттери Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу иликтөөсүнө Орусиядагы мекендештер пикирин билдиришти.

Жемкорлукка каршы чыккан жарандык коом

Azattyk.org 

25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында коррупцияга каршы «#REакция» аттуу акция өттү. Акцияга чыккандар бажы тармагындагы коррупцияны жоюп, реалдуу реформаны талап кылып, бийликке кайрылышты. Бул акция бажы тармагындагы коррупция, сыртка ташылган акча тууралуу үч медиа мекеменин биргелешип жасаган иликтөөсүнөн кийин өттү.

Милиция: Бишкектеги митингге 400дөн ашуун адам катышты

Azattyk.org 

Бишкекте 25-ноябрдагы тынчтык митингине 400дөн ашуун адам чыкканын, мыйзам бузуу болбогонун шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.  Уюштуруучулар эки минден көп киши келгенин маалымдашкан. Иш-чарага байкоо салган "Кылым шамы" укук коргоо уюму 2200 адам болгонун жарыялаган. Factcheck.kg басылмасы болсо заманбап технологиянын жардамы менен кишилердин санын аныктап, 1251 адам чыкканын жазды.   Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жарандык активисттер коррупцияга каршы «#REакция» деп аталган митинг уюштурушкан. Читать дальше...

Дүйнө: "Аялдарды өлтүрүүгө жол жок"

Azattyk.org 

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда милллиондогон адамды күчтөп кармалган лагерлер тууралуу жашыруун документтер жарыяланды. 25-ноябрда дүйнөдө “Аялдарга каршы зомбулукту жоюу” күнү белгиленди. Гонконгдо 18 райондук кеңешке өткөн шайлоодо демократиялык күчтөрдүн өкүлдөрү орундардын 89% жеңип алышты.

Бишкекте 28-ноябрда ЖККУнун жыйыны өтөт

Azattyk.org 

28-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны өтөт. Анда эл аралык жана аймактык коопсуздук боюнча маселе каралат. Күн тартибинде жалпы жонунан 21 маселе бар. Жыйындын жүрүшүндө бир катар документтерге, анын ичинде уюмдун 2020-жылга карата бюджети бекитилет. Президенттин аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун маалыматына караганда, ЖККУнун жыйынына Беларус президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев... Читать дальше...

Кытайдагы мусулман азчылыктар камалган лагерлер боюнча документтер жарыяланды

Azattyk.org 

Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда аз улуттар жана мусулмандар күчтөп кармалган лагерлер тууралуу ондогон жашыруун документтерди жарыялады. Анда кытай бийлигинин лагердеги жетекчилеринин буйруктары, он жылга соттолгон уйгур улутундагы эркектерге чыккан өкүмдөр бар.  Дүйнөдөгү 17 маалымат каражаты биргелешип иликтеген, "Кытай тору" деген ат менен жарыяланган баяндамада мындай лагерлер уйгурларды жана башка аз улуттарды күчкө салып ассимиляция кылуу максатында түзүлгөнү айтылат. Читать дальше...

Фактчек: Бишкектеги тынч митингге орто эсепте 1251 адам чыкты

Azattyk.org 

Factcheck.kg басылмасы Бишкекте 25-ноябрда өткөн тынчтык митингине орто эсепте 1251 адам чыкканын билдирди. Сайттын редактору Болот Темировдун айтымында, адистер элдин санын заманбап технологиянын жардамы менен эсептеп чыгышты. Анын жол-жобосу сайтка жарыяланды.  Мурдараак "Кылым шамы" укук коргоо уюму митингге 2200 адам келгенин, иш-чара мыйзам бузуулары жок өткөнүн маалымдаган.  Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жарандык активисттер коррупцияга каршы «#REакция» деп аталган митинг уюштурушкан. ... Читать дальше...

Бийлик кандай реакция кылышы керек?

Azattyk.org 

Кыргызстандагы бажы системасындагы коррупция боюнча биргелешкен иликтөө коомчулуктун курч талкуусуна түшүп, бийликтен иликтөөдө айтылган маалыматтар боюнча чара көрүүнү талап кылына баштады. Бугүн буга байланыштуу Бишкекте тынч митинг болуп, жарандар өз позицияларын билдирип чыгышты. Эми бийлик кандай реакция кылышы керек? Талкууга “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова, коррупцияга каршы күрөш боюнча боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева, Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров жана Исхак Масалиев катышты.

Ошто Сириядагы окуяларга катышы бар жаран кармалды

Azattyk.org 

Кара-Сууда Сириядагы согуштук аракеттерге катыштыгы бар делген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Абсатар Тавакалов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык кармалган жаран Кыргызстанда тыюу салынган “Таухид вал-Жихад" уюмунун мүчөсү экендиги аныкталган. Ал жашаган Кара-Суу районунун аймагындагы үйүнүн короосунда жер астына көмүлгөн бир даана ПМ 9-мм үлгүсүндөгү жеке номери өчүрүлгөн ок атуучу куралы жана бир даана магазин, 8 даана 9-мм тапанчасынын октору... Читать дальше...

Айлык көбөйсө коррупция азаймак

Azattyk.org 

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.


Музыкальные новости
Антонио Вивальди

30 мая «Времена года» Антонио Вивальди прозвучат в Эрмитаже





Rss.plus
Культура

Узбекские дети из землячества в Бурятии посетили театр кукол «Ульгэр»: Россия и Культура




Скульптура в честь Булата Окуджавы появилась в Нижнем Тагиле

Ефимов: набережную Южного порта в Москве расширят в 1,5 раза

Экс-главе красноярского фонда капремонта грозит 15 лет за взятку

Более 4 тыс. человек присоединились к акции «Мы помним» в Музее Победы




Өкмөт бажыдагы кырдаал боюнча маалымат берди

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү өлкөнүн бажы органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу иши тутумдуу негизде жүрүп жатканын кабарлады. Аткаруу бийлиги учурда коррупцияга каршы күрөшүү механизмдеринин натыйжасы жетишсиз экендигин премьер-министр түшүнөрүн, кадрдык жүрүштөр менен эле өзгөртүүлөрдү кылуу мүмкүн эмес деп эсептей турганын жарыялады. Маалыматта бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча журналисттик иликтөө жана анда ысымдары аталган адамдардын коррупциялык иш-аракеттери азыркы тапта тиешелүү органдар тарабынан иликтенип жатканы айтылат. Читать дальше...

Египетте сейрек жан-жаныбарлардын мумиялары көрсөтүлдү

Azattyk.org 

Египетте былтыр Каир шаарына жакын жерде табылган жан-жаныбарлардын мумияларынын коллекциясы тартууланды. Акыркы мезгилде өлкө бийлиги туристтерди тартуу максатында археологиялык табылгаларды кеңири коомчулукка алып чыгып, элге жайылтып, көпчүлүккө таанытуу үчүн мындай иш-чараларды сүрөөнгө алып жатат.  Саккара көрүстөнүндө жашырылган мумиялардын арасында мышык, крокодил, жылан, канаттуулар жана дүйнөдөгү эң чоң доңуз бар. Археологдордун айтымында, рентген - мумификацияланган эң чоң мышыктар иш... Читать дальше...

Чаткалда айрым тургундар «Вертекс» компаниясына каршы чыгышты

Azattyk.org 

Чаткалда «Вертекс» компаниясынын калдык сактоочу жайынын курулушуна каршы чыккандар чогулду. Райондун борбору Каныш-Кыя айылында өткөн жыйын учурунда «Вертекс Голд Компани» кен ишканасы салууну пландап жаткан өндүрүш жайынын курулушуна каршы пикирлер айтылды. Райондун тургуну жана жергиликтүү активист Өмүрзак Токтогулов Чаткал өрөөнүнүн экологиясынын бузулушун эске алуу менен, аталган фабрикадан иштетилип чыккан чыгындылар топтолуучу жайдын курулушуна каршы экендигин билдирди. - Чаткалда кен казууга 158 лицензия берилиптир. Читать дальше...

Бажынын башчысы: 700 млн. доллар ишкерлердики болсо керек

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев «Азаттыктын» иликтөөлөрүндө сөз болгон, өлкөдөн күмөндүү жолдор менен чыгарылып кеткен 700 млн. доллар ишкерлердин акчасы деп эсептей турганын айтты. Бул тууралуу ал 25-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Зиядин Жамалдиновдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. - Кыргызстанга бир жылда кеминде 2,5 млрд. долларга импорттук товар келет. Азыркы эсеп менен бизде 16 миңге жакын бизнес бар. Менин жеке оюмда 700 млн. Читать дальше...

Иракта өкмөткө каршы акцияларда 10дон ашык адам ажал тапты

Azattyk.org 

Иракта жекшембиде жер-жерлерде бийликке каршы нааразылык акциялары уланды. Өлкөнүн түштүгүндөгү Басра аймагында демонстранттар менен полиция кагылышып, бери дегенде жети киши мерт болду. Дагы төртөө Нассирияда, ал эми Нажаф менен Диванье провинцияларында эки адам ажал тапты.  Кагылышта кеминде 150 киши жаракат алганы кабарланды. Анын алдында чийки мунайдын 85% өндүрүлгөн Басрада митингчилер дөңгөлөктөрдү өрттөп, кан жолдорду тороп салышкан.  Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Читать дальше...

«Журналисттер»: Иликтөө багытын башка журналисттер да колго алса

Azattyk.org 

Журналисттик иликтөө жанрын башка ЖМКлар да колго алып, коомчулук ага колдоо көрсөтүшү зарыл. Бул тууралуу «Журналисттер» коомдук бирикмеси 25-ноябрда тараткан билдирүүдө айтылат. Бирикме «Азаттык», «KLOOP.kg» жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) биргелешип даярдаган иликтөө тууралуу пикирин билдирип, «Журналисттер өлкөбүздөгү коррупциялык көрүнүштүн бирин ачыкка чыгарышты. Ушунусу менен алар журналистиканын негизги вазийпасын аткарууга аракет кылышты» деп билдирди. Читать дальше...



Москва

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин сообщил о планах создания отечественной платформы электромобиля



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

ЮрКисс

«Отказывался по надуманной причине»: певец ЮрКисс обвинил SHAMANа во лжи




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро

Гепарды – новые персонажи мультсериала «Команда МАТЧ»

Заммэра Москвы Ефимов: набережная в Южном порту увеличится в 1,5 раза


WTA

Азаренко вышла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России