Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2019

Новости за 04.11.2019

Шыкмаматов: Алмаматовду бошоткондордун жоопкерчилиги каралышы керек

Azattyk.org 

"Издөөгө алынган Насирбек Алмаматовдун изи табылбаса, аны эркиндикке чыгарган шаардык соттогу судьялардын жоопкерчилиги каралышы керек". Мындай пикирин "Азаттык" радиосуна Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди: - Ал киши качып кетсе, райондук соттун чечимин жокко чыгарган шаардык соттун судьяларын жоопко тартуу керек. Андай болбосо шаардык соттун артында чоң күчтөр турганы ачык болуп калат. Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү... Читать дальше...

Чүйдө мектеп авариялык абалга келгендиктен окуучулар медпунктта окуп жатышат

Azattyk.org 

Чүй районундагы Калыгул айылында авариялык абалга кептелген Оңолбаев атындагы мектептин окуучулары фельдшердик-акушердик пунктта окуп жатышат. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 4-ноябрда райондогу мектептердин абалын көрүп, аталган айылга да барганын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Эскирген мектептин имараты 1929-жылы курулган, 150 окуучу билим алат. Министр эл аралык фонддордун жардамы менен жаңы имарат курууга аракет жасаларын билдирди. Кыргызстанда жыл сайын сентябрда бир катар жаңы мектептер ачылат. Читать дальше...

Жалал-Абаддын дарбазасын жаңылоого сегиз миллион сомдой акча сарпталды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарына кире бериштеги “Курманбек - кылымдар мурасы” аталышындагы триумфалдык арка толугу менен кайра оңдолду. 2019-жылдын жаз айларында башталган реконструкцияга Облусту өнүктүрүү фондунан 7,8 млн. сом жана жергиликтүү бюджеттен 550 миң сом бөлүндү. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин айтымында, Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтү дарбазанын оң тарабынан 1 гектар жер бөлүп берди. Ал жака этно комплекс курулат. Дарбаза 2001-жылдын октябрында Курманбек... Читать дальше...



Багдадда коопсуздук күчтөрү элге каршы курал колдонду

Azattyk.org 

Ирактын коопсуздук күчтөрү 4-ноябрда Багдаддагы антиөкмөттүк нааразылык учурунда курал колдонуп, андан 12 киши жаракат алды. Полициянын атайын күчтөрү мамлекеттик телекомпаниянын баш кеңсесинин жанына чогулган демонстранттарга ок атканда, расмий маалымат боюнча бир киши өлдү, кеминде 22 киши жарадар болду. Бирок айрым агенттиктер жана күбөлөр беш киши окко учканын айтышууда. Бул - октябрдын алгачкы күндөрүндө башталган толкундоолор бир нече убакытка токтоп, 25-октябрда кайрадан жаңы күч менен жандангандан... Читать дальше...

Румынияда жаңы өкмөт шайланды

Azattyk.org 

Румыния парламенти премьер-министр Людовик Орбан баштаган өкмөттү бекитти. 4-ноябрдагы добуш берүүдө жаңы өкмөт үчүн 240 депутат “макул” деп добуш берди. Бул өкмөттү бекитүү үчүн зарыл болгон добуштан жетиге көп. 56 жаштагы Орбан жана анын оңчул-борборчул өкмөтү бюрократияны азайтууну, инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция тартууну, экономиканы көтөрүүнү жана сот системасынын өз алдынчалыгын камсыздоону убада кылды. Сот системасына байланышкан талаштар буга чейинки премьер-министр, социал-демократ... Читать дальше...

Тоо койнунда жашаган топуктуу эл

Azattyk.org 

60 жылдан бери электр жарыксыз жана тегиз жолу жок турмушта күн кечирген Жазы-Кечүү айылынын турмушу. Жалал-Абадда пахта терим аяктап калганы менен баасы аныктала элек. Эл көрө элек, башкалар жасай элек жыгач буюмдарды чыгарган нарындык уста. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.



McDonald’s компаниясынын башчысы «кызматтык сүйүүнүн» айынан иштен кетти

Azattyk.org 

McDonald’s компаниясынын Директорлор кеңеши тыкыр иликтөөдөн кийин президент Стив Истербрукту жумуштан алды. Анда Стив Истербрук дүйнөлүк тез татым ишканасынын ички саясатын жана тартибин бузганы айтылат. Буга жетекчинин компаниядагы кызматкер менен мамиле күтүп алганы себеп болгон.   Компания менежерлерге түз жана кыйыр баш ийген кызматкерлер менен романтикалуу мамиле күтүүгө тыюу салат. Стив Истербрук кызматкерлерге жиберген электрондук катында Директорлор кеңешинин чечими менен макул экенин жазган. Читать дальше...

Пакистандагы жарылуудан төрт жоокер мүрт кетти

Azattyk.org 

Пакистандын уруулар байырлаган Түндүк Вазиристан аймагындагы эки башка жарылуудан төрт жоокер мүрт кетти. Рамзак районундагы жолдогу жарылуудан эки жоокер каза таап, дагы бири жараат алган. Ал эми Мир Али шаарындагы жарылуудан эки жоокер мерт болду. Бул жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө «Техрик-и Талибан Пакистандан» бөлүнүп кеткен «Хизбул Ахрар» тобунун согушкерлери алды. Пакистан 2014-жылы Түндүк Вазиристанды исламчыл согушкерлерден тазалоо максатында аскердик операция баштаган.

АКШ: ЕБнын Түндүк Македония жана Албания боюнча чечими жаңылыштык

Azattyk.org 

АКШнын Батыш Балкандагы жаңы атайын өкүлү Мэтью Палмер Европа Биримдигин Түндүк Македония менен Албанияны мүчөлүккө кабыл алууну кечиктирип жатканы үчүн сындады. Бул аны «тарыхый катачылык» деп атап, ал аймакка «жаман жышаана» бере турганын белгиледи. «Биз Европа Биримдигин Хорватияда өтө турган май айындагы саммитине чейин өз позициясын өзгөртүүсү үчүн колдон келгенди жасайбыз», - деди ал 4-ноябрда Белградда Сербиянын президенти менен Александр Вучич менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында. ... Читать дальше...

Иш баштагандан коркпо

Azattyk.org 

“Эже-сиңдилер” берүүсүндө бул жолу ишкердикти кантип башташ керектиги тууралуу баарлаштык. Бул үчүн студиябызга өз ишин баштаган айымдарды топтодук. Алар бул багыттагы тоскоолдуктар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти.

Көчө шыпырткан мээрим

Azattyk.org 

Өзбек мигранттары алты айдын ичинде эле мекенине 2 млрд. доллардан ашык салып, которулган акчанын көлөмү боюнча Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн сап башында турат. Ойнижон 20 жылдан бери Орусияда иштейт. Аны орус кесиптештери Коля деп атап алышкан. Коля - Екатеринбургдагы кичирайондордун биринде көчө шыпыргычтардын башчысы. Ал башында кырсыктап, бутун оорутуп алган аялынын операциясына акча чогултуу үчүн Орусияга келген.

Горбачев: Өзөктүк курал дүйнө үчүн чоң коркунуч

Azattyk.org 

Мурдагы советтик лидер Михаил Горбачев Орусия менен Батыштын учурдагы тиреши алар өзөктүк куралга ээ болгондуктан дүйнөгө болуп көрбөгөндөй коркунуч жаратарын эскертти. Ал 4-ноябрда Би-би-сиге берген маегинде бардык өлкөлөр массалык тукум курут кылуучу ядролук куралдан баш тартышы керек деп эсептейт: - Массалык тукум курут кылуучу, биринчи кезекте өзөктүк курал чоң коркунуч жаратат. Бардык элдер ядролук куралды жок кылабыз деп айтышы керек. Муну менен биз өзүбүздү жана планетаны сактап калабыз. Читать дальше...

Кадыров элден кечирим сурады

Azattyk.org 

Иракта шиит мусулмандары үчүн ыйык деп эсептелген Кербела шаарында өкмөткө каршы нааразылык акциясына чыккандар Иран консулдугуна чабуул коюшту. Иранда 40 жыл мурун АКШ элчилигине жасалган чабуулду эскерип жатышат.

Кулматов көрсөтмө берүүдөн баш тартты

Azattyk.org 

Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Ал мындай кадамын судья кандай чечим чыгарары алдын ала эле белгилүү болуп калганы менен түшүндүрдү.

Жээнбеков: жарандар патрулдук милицияга ишениши керек

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов менен жолугушту. Анда Жээнбеков Бишкек шаарынын эки районунда сыноо менен патрулдук милиция иштей баштаганын - реформанын жыйынтыгы деп белгиледи. - Пилоттук долбоордун алкагында жаңы бөлүмдүн кызматкерлерин, анын ичинде катардагы жарандардын арасынан тандоо тажрыйбасы жакшы жолго коюлуп калды. Коомчулук конкурстун ачык-айкын өтүп жатышынан эч кандай күмөн санабашы керек. Читать дальше...


Музыкальные новости
Ренат Ибрагимов

В Москве почтили память певца Рената Ибрагимова





Rss.plus
Театр

Госцирк Бурятии возглавил Тудуп Батуев: Театр и цирк, Культура, Россия




Династия педагогов из Егорьевска стала лучшей на областном конкурсе

Огромное подспорье: кандидат на пост главы МО Белоусов оценил работу Шойгу

Детали ареста кадровика Минобороны Кузнецова: в доме нашли миллионы

В ТиНАО Москвы реконструируют очистные сооружения «Пучково»




Лондондогу 39 кишинин өлүмү боюнча Вьетнамда сегиз киши кармалды

Azattyk.org 

Вьетнам полициясы Лондондун Эссекс аймагында токтоп турган машиненин муздаткычынан табылган 39 кишинин өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен сегиз кишини камакка алды. Маалыматтарга караганда алар адамдарды мыйзамсыз ташуу иши менен алектенип жүргөндөр. Буга чейин британ полициясы дагы ал трагедияга байланыштуу өз аймагында жүргөн 2 кишиге айып таккан. Вьетнамдын мамлекеттик маалымат агенттиги дүйшөмбү күнү кабарлагандай, жергиликтүү кишилерди Британияга мыйзамсыз жол менен жөнөтүп жүргөн кылмыштуу топтун бетин ачуу аракеттери жүрүп жатат. Читать дальше...

Пакистандын соту оппозиция лидери Мариям Навазды күрөөгө бошотту

Azattyk.org 

Лахордун жогорку соту 4-ноябрда «Пакистан мусулман лигасы» партиясынын төрага орун басары Мариям Навазды 64 миң долларга күрөөгө бошотту. Быйыл августта Пакистандын Антикоррупциялык соту Мариям Навазды ал акционер болгон кант заводунун ишине байланыштуу камакка алган. Лахордун Жогорку соту 25-октябрда Мариямдын атасы, мурдагы премьер-министр Наваз Шарифти да саламаттыгына байланыштуу күрөөгө коё берген. 69 жаштагы Шариф коррупцияга айыпталып, жети жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. 21-октябрда аны чукул чара көрүп... Читать дальше...

Кудаларды кубалаштырган калың менен сеп

Azattyk.org 

Кыргызстанда, Казакстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда калың менен сеп жаш үй-бүлөгө чогуу турмуш куруп кетүүгө өбөлгө болушу үчүн берилет. Калың менен септин айынан эки жаш ажырашып, кудалар тескери карашып калган учурлар да бар.

Азербайжанда белгилүү укук коргоочу комада жатат

Azattyk.org 

Өткөн жумада автокырсыкка кабылган азербайжандык белгилүү укук коргоочу Октай Гулалиев ооруканада комада жатат. Бул тууралуу анын жубайы Фируза Гулалиева билдирди. Укук коргоочу 29-октябрда автокырсыкка кабылган. «Репрессияга жана кыйноого каршы» өкмөттүк эмес уюмунун координатору катары Октай Гулалиев Азербайжандагы саясий өңүттө иш козголгон ондогон адамдарды коргогон. Анын кесиптештери жана оппозициячыл активисттер «жол кырсыгы укук коргоочунун көзүн тазалоо максатында уюштурулган» деп, «анын артында турат» деп бийликти айыпташкан. Читать дальше...

Индияда абанын булганышы кооптуу чекке жетти

Azattyk.org 

Делиде бийлик жолдордогу машинелердин санын азайтуу үчүн чукул чараларды көрүп жатат. Абанын булганышы кооптуу чекке жеткендиктен дүйшөмбү күнү мектептер жабылып, элге беткап таркатылууда. Индиянын борбор шаарын кайрадан ыш каптады. Абадагы майда зыяндуу бөлүктөрдүн концентрациясы нормадан 500 эсе ашты. Бул өз кезегинде жүрөк, өпкө ооруларынын көбөйүп, өтүшүп кетишине алып келүүдө.  Абасы эң булганган калаанын бийлиги чукул чараларды көргөнгө аргасыз. Менчик машинелердин каттамына киргизилген чектөөнү бузгандарга чоң айып пул салынат. Читать дальше...

Журналист Чынара Токонова оорудан көз жумду

Azattyk.org 

4-ноябрда журналист Чынара Токонова 37 жашында оорунун айынан каза болду. Бул тууралуу анын кесиптештери кабарлашты. Алардын айтымында, журналист 3-ноябрда экинчи жолу инсульт болуп, Бишкектеги ооруканалардын бирине жаткырылган болчу.   Чынара Токонова «Булан» институтунда иштеп жаткан. Ал эмгек жолунда КТРК, НТС, 5-канал жана «Санжыра» радиосунда иштеген. 2018-жылы да инсультка кабылган болчу.  «Азаттыктын» жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.



Москва

Роботы-курьеры «Яндекса» будут доставлять заказы в ещё нескольких районах Москвы


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

ЮрКисс

«Отказывался по надуманной причине»: певец ЮрКисс обвинил SHAMANа во лжи




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Третий этап шахматного турнира завершился в Егорьевске

«БЛИЦ», «БИТВА СТРАТЕГИЙ», «ДУАТЛОН» инсайд новых дисциплин в спортивном программировании

Благодаря акции МТС Банка реабилитационная помощь в России станет доступнее


WTA

Павлюченкова не смогла выйти в третий круг турнира WTA 1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Симферополь

Аэропорт Элисты начнет принимать рейсы 28 мая



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России