Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2019

Новости за 24.11.2019

Кабулда БУУнун машинесине кол салышты, бир киши мүрт кетти

Azattyk.org 

Кабулда жекшембиде БУУнун машинеси жардырылганда кеминде бир чет өлкөлүк киши каза тапты. Ооганстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрат Рахиминин айтымында, 5 киши, анын ичинде БУУнун оогандык эки кызматкери жарадар болду. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бирок ооган баш калаасында «Ислам мамлекети» экстремисттик уюму менен «Талибан» кыймылынын согушкерлери буга чейин теракттарды уюштуруп келишкен. Ал ортодо Дайкунди чөлкөмүндө талибдер текшерүү пунктуна кол салышканда бери дегенде 8 жоокер окко учту. Читать дальше...

АКШ соцтармактарды Иран лидерлеринин баракчаларына бөгөт коюуга чакырды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар «Фейсбукту», «Инстаграмды» жана «Твиттерди» Иранда Интернет толугу менен калыбына келтирилмейинче бул өлкөнүн өкмөт жетекчилерине байланышкан баракчаларды убактылуу жабууга үндөдү. «Бул абдан эки жүздүү режим. Интернетти жаап коюшат да, өкмөт өзү бардык социалдык тармактарды пайдаланууну улантууда», - деп жазды Вашингтондун Иран боюнча атайын өкүлү Брайн Хук Мамлекеттик департаменттин расмий «Твиттерине». Өткөн жуманын аягында өкмөткө каршы акциялар тутанганда Иран бийлиги Интернетке дээрлик толук бөгөт коюп салган. Читать дальше...

Иракта өкмөткө каршы акцияда кеминде жети киши окко учту

Azattyk.org 

Ирактын баш калаасы Багдадда жана бир нече аймагында коопсуздук күчтөрүнүн колунан кеминде жети демонстрант каза тапты. Бул тууралуу жекшембиде күбөлөр жана медициналык кызматкерлер маалымдашты. Адам өмүрү кыйылган акциялар 23-ноябрдын кечинде башталган. Тартип сакчылары ок-дары жана жаш агызчу газ колдонушканын маалымат булактар ырастоодо. Бардыгы болуп 300дөн көп киши жабыркады. Басра провинциясында коопсуздук күчтөрү Умм Касрдагы ири соода портуна жолду тороого аракеттенген митингчилерге ок атышканда үч киши өлгөн. Читать дальше...



КСДП Фарид Ниязовдун ачык кайрылуусун таратты

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын басма сөз кызматы партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, президенттик аппараттын мурдагы башчысы, азыр камакта отурган Фарид Ниязовдун ачык кайрылуусун жарыялады. Анда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун президенттикке киришкендеги инаугурациясы менен 2017-жылдын 3-ноябрында түзүлгөн атайын уюштуруу тобу алектенгени, президенттик аппарат кийлигишпегени жазылган. Ниязов уюштуруу тобундагы 16 кишинин үчөө Алмазбек Атамбаевдин президенттик аппаратынын өкүлдөрү болгонун кошумчалаган. Читать дальше...

Футболчу Муролим Ахмедов Бангладештин клубуна өтөт

Azattyk.org 

Футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Муролим Ахмедов "Дордой" клубунан кеткенин Кыргызстандын футбол федерациясынан кабарлашты.  Ахмедов карьерасын Бангладештин "Saif Sporting Club Ltd" клубунда улантат.  "Дордой" клубу 2018-2019-жылдары Кыргызстандын чемпиону болгондо жана ошол жылдары катары менен Суперкубокту утканда Муролим Ахмедов команда курамында ойногон.

Желип жүгүргөн жүрөккө пайда

Azattyk.org 

Кериктер жасалма мүйүздүү болушту. Желип жүгүргөн ден соолукка пайдалуу. Байыркы Ассириянын эмнеден кыйраганы аныкталды. Дарактар көчөттөргө мээрман болушат.



"Аэрофлоттун" учкучу учакта көз жумду

Azattyk.org 

"Аэрофлот" авиакомпаниясынын экинчи учкучу Москва-Анапа багытында учуп баратканда көз жумду. Мындан улам авиалайнер Ростов-на-Дону аэропортуна чукул конууга мажбур болгонун ТАСС агенттиги 24-ноябрда жазды.  "Аэробус" 8:20да Шереметьево аэропортунан учуп чыккан. Саат 10го жакын учкуч өзүн жаман сезип, экипаж чукул конууга уруксат сураган. Учак жерге жакындап калганда 49 жаштагы учкуч көз жумган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, анын жүрөгү кармаган.  Бортто канча жүргүнчү баратканы жөнүндө маалымат жок.

Аба ырайы: 25-ноябрда кар жаайт

Azattyk.org 

25-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Зымдарга жана бак-дарактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...-6, Талас облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...-6, Баткен облусунда түнкүсүн 0...-5... Читать дальше...

Кийинки жылы ири кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт

Azattyk.org 

2020-жылдын жайында Ысык-Көлдүн жээгинде ири кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 23-ноябрда Түркиянын баш калаасында соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөт аралык комиссиясынын IX жыйыны болду.​ Ага Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катышты.  Жыйында экономикалык кызматташуу боюнча иш-аракеттер планына кол коюлду. Ал соода, саламаттык сактоо, билим берүү жана ветеринария чөйрөсүндөгү... Читать дальше...

Кыргызстандык балбан кыздар Россиядагы мелдеште эки алтын утуп алды. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыргызстандык Айпери Медет кызы менен Нураида Анаркулова Россияда кыз-келиндер арасында өткөн ачык кубокто алтын медаль утту. Алар финалдык кармашта атаандаштарына мүмкүнчүлүк бербей жеңишке жетишкен.

АКШ вице-президенти Иракка күтүүсүздөн барды

Azattyk.org 

АКШнын вице-президенти Майк Пенс 23-ноябрда Иракка күтүүсүздөн барды. Ал Анбар провинциясында америкалык аскерлер жайгашкан авиабазага барганын маалымат каражаттары жазышты.  "Reuters" агенттиги өз булагына таянып кабарлагандай, Пенс аскерлердин жана алардын союздаштарынын жихадчыларга каршы күрөшүн колдоп, дем-күч бергени келген.  Вице-президент Ирактын премьер-министри менен телефондон сүйлөшкөн, бирок аткаминерлердин кимиси менен жолукканы тууралуу маалымат жок.  Ал тапта Иракта эки айга... Читать дальше...

Акун: Коррупция жөнүндөгү иликтөө Атамбаевдин бийлигине такалат

Azattyk.org 

Журналисттердин "Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо" аттуу иликтөөсүнүн тамыры мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигине барып такалат. Ушундай өңүттөгү пикирин мурдагы акыйкатчы, Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча конгресстин координатору Турсунбек Акун билдирди. “Фейсбукка” 22-ноябрда жазган постунда иликтөө жемкорлукка байланыштуу көп нерселердин башын ачканын белгилеп, бирок ага азыркы бийликтин күнөөсү бардай таасир калтырганы түшүнүксүз болгонун айтты. Иликтөөдө... Читать дальше...

Өйдө бассам өбөк бол

Azattyk.org 

"Сөз дайра" берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында өгөрөк, өбөк деген сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.

Жумушта ыдык көргөн кыз-келиндердин 28% жанын кыйгысы келет

Azattyk.org 

Кыргызстанда харассментке (сексуалдык ыдык) кабылган кыз-келиндердин 28% өз өмүрүнө кол салгысы келет. Мындай тыянак өлкөдө алгач ирет жүргүзүлгөн жасалган масштабдуу изилдөөдө айтылат. “Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясынын” изилдөөсүнө ылайык, ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болот. Ар бир бешинчи студент кыз өзү окуган жогорку окуу жайда сексуалдык асылууга кабылганын билдирген. 2019-жылдын жай мезгилинде Бишкек, Ош, Кара-Балта жана Токмок шаарларында жүргүзүлгөн... Читать дальше...


Музыкальные новости
Булат Окуджава

Урганта и Смехова исключили из концерта памяти Окуджавы: Вдова барда извинилась - в том числе, за проведение события





Rss.plus
Сергей Арутюнов

Сергей АРУТЮНОВ на своём сольном концерте в Государственном Кремлёвском Дворце презентовал дуэт с Родионом Газмановым. Артисты вместе исполнили хит “Люси”




Tele2 первой обеспечила 100% покрытие сетью нового отрезка платной магистрали М4

Отключения горячей воды начнутся в Москве с 20 мая

В Москв таксист опоздал на вызов к пожилому пассажиру и прострелил ему бедро

Государственный Кремлёвский оркестр наградили Орденом «Святых Равноапостольных Кирилла и Мефодия»




Украинада Голодомор курмандыктары эскерилди

Azattyk.org 

Украиналыктар Сталиндин бийлиги учурундагы Голодомор деп аталган ачарчылыктын 86 жылдыгын белгилешти. Уюштуруучулар элди 23-ноябрь күнү жергиликтүү убакыт менен 16:00дө терезелердин текчесине шам коюуга чакырышты. Совет бийлигинин 30-жылдардагы катаал саясатынан улам миллиондогон адам ачарчылыктан набыт болушкан. Өкмөт украиналык дыйкандардын түшүмүн жана азык-түлүгүн тартып алып, жамааттык чарбаларга кирүүгө мажбурлаган. Анын кесепетинен 3-7 миллион адам кырылганы айтылып жүрөт. Украинада жыл... Читать дальше...

Францияда аялдарга карата зомбулукка каршы ири акция өттү

Azattyk.org 

Франциянын борбору Парижде жана башка шаарларда 23-ноябрда аялдарга карата зомбулукка каршы жапырт демонстрациялар өттү. "Occurence" уюмунун маалыматына ылайык, Париждин өзүндөгү акцияга 49 миң киши катышты.  Демонстрация "Nous toutes" кыймылынын демилгеси менен уюштурулду. Аларда ондогон бирикмелер, саясий партиялар жана белгилүү адамдар колдошту. Акцияга чыккандардын арасында Мюрьель Робен, Летиция Каста жана Жюли Гайе сыяктуу актрисалар да катышты.  Франциянын Эл аралык радиосу билдиргендей... Читать дальше...



Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» правит миром, расшифровал «ДНК В.И.Ленина», отменяет налоги. И… отключает институты времени. Разгадка «научных теорий заговоров».


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал, как можно посетить экскурсии в зданиях посольств разных стран



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Пианист

Пианист Мирослав Култышев выступит с концертом в "Зарядье"




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Пензенские регбистки выиграли первенство России

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро

Анонс выпуска городской газеты «Деловой Новочеркасск» №17 (185)


Новак Джокович

Новак Джокович с позором вылетел с турнира в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Game News

Публика в восторге от ретро-хоррора Crow Country



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России