Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 01.06.2020

Кочкоров: Мигранттардын алты миңдей баласы эч тууганчылыгы жок адамдардын колунда жашап жатат

Azattyk.org 

Кыргызстанда бүгүнкү күндө чет жакка мигрант болуп кеткендердин алты миңдей баласы аларга эч кандай тууганчылыгы жок адамдардын колунда жашап жатат. Бул тууралуу 1-июнда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров парламенттин Бюджет жана финансы комитетинде Балдар жөнүндө кодекстин жаңы долбоору талкууланып жатканда айтты. Министр 2019-жылы мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекованын демилгеси менен республикалык, шаардык, райондук деңгээлде штабдар ачылып, 700 миң үймө-үй кыдыруу болгонун... Читать дальше...

Бактысы түркүн, баары сүйкүм балдар

Azattyk.org 

Балдарды коргоо күнү жайдын биринчи күнүнө туш келип, дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан бери белгиленип келет. Бул күн коомдогу балдардын ордун көрсөтүп, алардын жашоо деңгээлине көңүл буруп, ден соолугун жана укуктарын коргоого чакырат.

Тажикстанда коронавирус жуккандар төрт миңге жакындады

Azattyk.org 

Тажикстанда 31-майда COVID-19га чалдыккандар дагы 123 кишиге көбөйүп, жалпы саны 3 930га жетти. Саламаттык сактоо министрлиги 47 киши оорудан көз жумганын, 2004 киши айыгып чыкканын маалымдады. Бирок расмий статистикага ишенбегендер өлкөдө көп. Kvtj.info сайтынын маалыматына ылайык, 29-майга чейин коронавирустун кесепетинен жана пневмониядан 360 киши өлдү. Тизме маалымат каражаттарындагы, социалдык сайттардагы кабарларга жана маркумдардын жакындарынын жазгандарына таянып түзүлгөн. Бийлик ал маалыматтарды «жалган» деп жатат. Читать дальше...



Роспотребнадзор учактарды толтурууга уруксат берди

Azattyk.org 

Орус бийлиги пандемия убагында учактарды жарым-жартылай гана толтуруу жөнүндө талабынан баш тартты. Бул тууралуу «Коммерсантъ» гезити Роспотребнадзорго шилтеме менен кабарлады. Кардарлардын укуктарын коргоону көзөмөлдөгөн мекеменин өкүлү орусиялык авиация карантиндик чектөөлөрдү алуу боюнча даярдаган сунуштар макулдашылганын гезитке айтып берди. Анда билеттердин жарымын гана сатуу жөнүндө талап жок. Ал эми Росавиация гезиттин суроолоруна жооп берген жок. Буга чейин жүргүнчүлөрдү социалдык аралыкты... Читать дальше...

Бишкектик дарыгер Дубайдан «Алтын виза» алды

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмираттарында дарыгер болуп эмгектенген журтташыбыз Чынара Жантөшеваны коронавируска каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн Дубайдын эмири Мактум ибн Рашид Аль Мактум «Алтын виза» менен сыйлады. Виза 10 жыл Эмираттарда эмгектенүүгө уруксат берет.

Чыныбай Турсунбеков: Абылгазиевдин ишке чыкканы туура болот

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясы, чек ара чатагы сыяктуу өкмөт башчынын деңгээлинде чечилчү орчундуу маселелер көбөйүп турганда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин ишке чыкканы туура болот. Мындай пикирин  Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков акыркы кырдаал боюнча «Азаттыкка» комментарий берип жатып билдирди: «Кырдаал өтө кыйын болуп турат. Ушундай кырдаалда маанилүү бийлик бутагынын, аткаруу бийлигинин башчысы катары анын аракетин элдин баары күтүп жатат. Иште болушу, анын алкагында тийиштүү... Читать дальше...

Орусияда кыргызстандык мигранттын өлүмү боюнча иш козголду

Azattyk.org 

Орусияда курулушта бир кыргызстандык каза болгонуна жана экинчиси жараат алганына байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалымат 1-июнда Орусиянын Тергөө комитетинин Камчатка аймагы боюнча башкармалыгынын расмий сайтына жарыяланды. Маалыматта айтылгандай, кырсык 25-майда Петропавловск-Камчатский шаарында болгон. Көп кабат үйдүн чатырын оңдоого эки кыргыз жараны тартылган. Иш учурунда алар чатырдан кулап кетишкен. Укук тартибин коргоо органдары алар менен эмгек келишими түзүлбөгөнүн, коопсуздук... Читать дальше...

Армениянын өкмөт башчысы коронавирус жугузуп алды

Azattyk.org 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсү коронавирус инфекциясын жугузуп алды. Бул тууралуу Пашинян 1-июнда «Фейсбуктагы» түз эфир маалында айтты. Ал өкмөттүн ишин алыстан жетектеп турарын билдирди. Пашинян аскерлер менен жолугушуп келгенден кийин тест тапшырганын, анын жыйынтыгы 31-майда белгилүү болгонун, азыр өзүндө жана үй-бүлө мүчөлөрүндө илдеттин симптомдору жок экенин белгиледи. Арменияда COVID-19га кабылгандар 9 400 кишиден ашты. 139 бейтап каза болду. ... Читать дальше...



Кабул жана «Талибан» туткундарды бошотуп жатышат

Azattyk.org 

Ооган өкмөтү жана «Талибан» кыймылы туткундарды айырбаштоону улантып, бир топ кишини бошотушту. «Ишембинин кечинде бийлик Парван аймагындагы Пул-и Чархи түрмөсүнөн жана бир нече кармоочу жайдан 710 талиб туткунду коё берди», - деп билдирди өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жавид Файзал. АКШ менен «Талибандын» өкүлдөрү февралдын аягында тынчтык келишимине кол койгондон бери Кабул өкмөтү бошоткон талибдердин саны бардыгы болуп 2 700гө жакындады. Кыймылдын Катардагы саясий кеңсесинин өкүлү Сухаил Шахин Балх... Читать дальше...

Кыргызстанда үч айда 32 бала өз жанын кыйды

Azattyk.org 

Кыргызстанда быйылкы жылдын алгачкы үч айында 32 бала өз жанын кыйды. Бул тууралуу 1-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде маалымат берип жатып эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди. Анын айтымында, 32 өлүмдүн 13ү коронавируска байланыштуу жарыяланган карантин маалында катталды. Парламенттик комитетте бүгүн Балдар жөнүндө кодекстин жаңы долбоору талкууланып жатат. Депутат Наталья Никитенко талкуу учурунда 2015-жылы кабыл алынган бул кодексти өзгөртүп... Читать дальше...

Британиялык экс-министрлер Гонконгдогу абалды көзөмөлдөөгө чакырышты

Azattyk.org 

Британиянын мурдагы тышкы иштер министрлеринин тобу премьер-министр Борис Жонсонду Гонконгдогу абалды көзөмөлдөө боюнча эл аралык топ түзүүгө чакырды. Бээжин автономиянын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп, шаардын улуттук коопсуздук мыйзамын кабыл алганы Батыштын кабатырлыгын күчөттү. Кытай ал мыйзам «терроризмге жана сепаратизмге каршы күрөш үчүн зарыл» деп билдирүүдө. Мыйзам долбоору өткөн аптада шаарда нааразылык акцияларынын башталышына алып келген. Гонконгдун тургундары, ишкерлер жана бир катар... Читать дальше...

Боронов менен Арипов чек арадагы соңку окуяны талкуулады

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтү чек арадагы соңку окуяны биргелешип иликтейт жана күнөөлүүлөр жоопко тартылат. Бул тууралуу 1-июнда Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда жолугушкан Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов макулдашты. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Боронов менен Арипов «окуяга байланыштуу өкүнүч билдирип, жагдайды жөнгө салуу боюнча биргелешкен чара көрүү, эскалацияга жол бербөө... Читать дальше...

Трамп антифашисттик уюмду «кара тизмеге» киргизет

Azattyk.org 

Жекшембиде Кошмо Штаттардын бир нече шаарында расалык адилетсиздикке каршы акциялар уланды. Бир жума мурун Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында афроамерикалык жаран Жорж Флойд полициянын колунан каза болгондон бери толкундоолор өлкөнүн башка аймактарына да жайылды. Вашингтондо 31-майда Ак үйдүн маңдайындагы Лафайет паркына жүздөгөн киши нааразылык акциясына чогулуп, кээ бирлер парктын кире беришин курчоого алган полицияны көздөй желим шишелерди ыргытып жатты. Караңгы киргенде кеминде эки жерде... Читать дальше...

Кулов: Чек арага Абылгазиев барганы маселени чечпейт, жеринде адистер иштеши керек

Azattyk.org 

Коңшулар менен чек ара маселесин биринчи кезекте тийиштүү адистер системалуу жана комплекстүү түрдө чечиши зарыл. Мындай пикирин 1-июнда «Азаттыкка» мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов билдирди. Кулов кыргыз-өзбек чек арасында кайрадан окуя тутанган кезде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эмгек өргүүсүн улантып жатканында маселе жок деп эсептейт. «Чек ара боюнча иш ырааттуу жүрүшү зарыл, - деди ал, - премьер иш сапарына эле барып койгону маселени чечпейт. Боронов барганы нормалдуу эле. Негизги маселе – жыйынтык кандай? Читать дальше...

Президенттин атынан балдарга белек берилди

Azattyk.org 

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ата-энесинен ажыраган 20 балдарга президент Сооронбай Жээнбековдун атынан белектер тапшырылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Белек алган балдар ар кайсы аймактардан жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Мээрим» теледолбооруна катышкандар. Президенттин атынан аларга берилген ноутбуктарды аймактагы жетекчилер жеткиришти. «Мээрим» теледолбоорунун дагы беш катышуучусу президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканда белекти алды. Читать дальше...

Ысык-Көл облусунда студенттин өлүмү иликтенүүдө

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы студенттин өлүмү иликтене баштады. Бул тууралуу 1-июнда «Азаттыкка» облустук ички ишкер башкармалыгы кабарлады. Милиция студент өз жанын өзү кыйган деп божомолдоп жатат.    Окуя 30-май күнү Пристань-Пржевальск айылында болгон. 17 жаштагы жергиликтүү тургун дайынсыз жоголуп, туугандары издей баштаган. Ошол күнү кечке жуук ата-энеси уулунун сөөгүн сарайдан тапкан. Быйыл март-апрель айларында Ысык-Көл облусунда каза болгон беш өспүрүм боюнча ишти милиция суицид деп мүнөздөдү. Читать дальше...


Музыкальные новости
Луи Армстронг

Будет выпущен неизданный концертный альбом Луи Армстронга





Rss.plus
#123ru.net

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о компенсации части затрат на путевки в оздоровительные лагеря в рамках нацпроекта «Семья»




В Королеве 6 подъездов претендуют на звание лучшего в Подмосковье

Белоусов: Москве и Минску надо тесно взаимодействовать в сфере безопасности

Эксперт Шипицин: РФ и Бахрейн заинтересованы в урегулировании на Ближнем Востоке

Кадеты из Химок поучаствовали в военно-патриотическом параде




Аскаров менен кыргыз өкмөтүнүн соту 14-июнда уланмай болду

Azattyk.org 

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө каршы доо арызы боюнча кийинки соттук отурум 14-июнга дайындалды. 1-июндагы отурумда Аскаровдун жактоочулары БУУнун Адам укуктары боюнча комитети өкмөткө аны түрмөдөн бошотуу, зарылчылык болсо ишин кайрадан калыс териштирүү, укук коргоочуга келтирилген зыяндын ордун толтуруу тууралуу үч талап койгонун айтышты. Алар кыргыз өкмөтү анын бирин да аткарбаганын билдиришти. Ал эми өкмөттүн өкүлү Данияр Бараков коюлган дооматка макул эмес экенин, өкмөт... Читать дальше...

Чечмедеги чатакта ондогон киши ооруканага кайрылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Чечмедеги чатакта 25 киши жаракат менен Айдаркен шаардык ооруканасына кайрылганын билдирди. Алардын төртөө ар кандай жаракат менен стационарда дарыланып жатканы, анын экөө операциядан кийин оор абалда экени маалым болду. Калган 21 адам алгачкы медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө чыгарылды.   31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавынын Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып... Читать дальше...

Харрис: Башкача жашаганды үйрөнүшүбүз керек

Azattyk.org 

COVID-19 пандемиясы менен кошо дүйнөдө бул илдетке байланыштуу жалган маалыматтардын “инфодемиясы” да жүрүп жатат. Мындай пикирин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун басма сөз өкүлү, доктор Маргарет Харрис “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

Укук коргоочу Рузиев үй камагында болот

Azattyk.org 

Укук коргоочу Камил Рузиев эки айга үй камагына алынды. Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 29-майда «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» беренелеринин негизинде кармаган.

"Балдар дүйнөсүнө саякат" майрамдык иш-чарасы өтөт

Azattyk.org 

“Онлайн университет” платформасы бүгүн 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата "Балдар дүйнөсүнө саякат" аттуу майрамдык программа уюштурат. Университеттин Балдар жана ата-эне лабораториясы өткөрө турган иш-чара алкагында балдар адабияты боюнча адис, изилдөөчү Жыргал Сокурова Кыргызстандагы балдар адабияты тууралуу маалымат берет. Классик акындардын ырлары окулат. Мындан тышкары, иш-чарада акындар Ысмайыл Кадыров, Аида Эгембердиева, Гүлзада Станалиева, Айсулуу Көкөева балдарга арналган ырларын, кыска аңгемелерин окуп беришет. Читать дальше...



Москва

Волшебное путешествие в мир музыки и кино


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил выпускников московских школ с праздником последнего звонка



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Ольга Бузова

Ольга Бузова приехала в тульский пединститут




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Новгородские студенты стали призёрами олимпиады по анатомии в Петербурге

Финал командного чемпионата ФНТР по настольному теннису пройдет в Москве

Анимационной компании «ЯРКО» – 3 года!


Людмила Самсонова

Самсонова с «баранкой» разгромила Хаддад-Майю и вышла в полуфинал турнира в Страсбурге



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Волшебное путешествие в мир музыки и кино



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России