Навальный "Кольчугино" тергөө абагына которулганы белгилүү болду
Орус оппозцииячыл саясатчы Алексей Навальный Владимир облусундагы “Кольчугино” тергөө абагындагы экенин билдирди. Бул тууралуу билдирүү саясатчынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды. Навальныйдын штабынан кабарлашкандай, оппозиционер бул жайда согуш ардагери Игнат Артеменконун арызы боюнча апелляция каралганга чейин кармалат. Бул иш боюнча сот Навальныйды 850 миң рубль айыпка жыккан. Тергөө абагынан Алексей Навальныйдын абалы жакшы экенин, сыртта эмне болуп жатканы жөнүндө көп кабары жоктугун, кат ала электигин билдирген. Читать дальше...