Бүгүн, Биринчи апрелде, азилиң жок болсо келбе!
“Күлкү кербендин” кезектеги чыгарылышы 1-апрел – “Аңкоолор күнүнө” же "Күлкү күнүнө" арналган дүйнө элдеринин ар кыл тамашалуу окуялары менен көп түстүү кубулжуган азилдерине арналат.
“Күлкү кербендин” кезектеги чыгарылышы 1-апрел – “Аңкоолор күнүнө” же "Күлкү күнүнө" арналган дүйнө элдеринин ар кыл тамашалуу окуялары менен көп түстүү кубулжуган азилдерине арналат.
«Азаттыктын» өзбек кызматы Өзбекстандын Kun.uz агенттигине шилтеме берип Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров Сох-Риштан жолу 1-апрелде ачыла турганын тастыктаганын жазды. Акимдин айтымында 24-26-март күндөрү Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусунда ушундай чечим кабыл алынган. Буга чейин Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сох анклавын Өзбекстандын негизги аймагы менен байланыштырган эки чек ара өткөрмө бекеттери ачылганын билдирген. Алар... Читать дальше...
Ал бул кадамы менен ага дарыгер киргизүүнү талап кылганы кабарланды. Москвадан 100 чакырымдай алыс жайгашкан Владимир облусундагы Покров шаарындагы №2 түзөтүү абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Алексей Навальный мекеменин жетекчилигин мыйзамды аткарып, ага чакырылган дарыгерди киргизүү талабы менен ачкачылык кармаганы тууралуу билдирүүсүн анын адвокаттары жарыялашты. Билдирүү саясатчынын "Инстаграмдагы" баракчасына чыкты: “Мен дарыгер чакырып, дары-дармек алганга укугум бар. Бирок мага анысын да, мунусун да беришпей жатышат. Читать дальше...
“Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков кызматтан алынганын мамлекеттик “Кабар” агентиги Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматына таянып жазды. Бирок, “Азаттык” радиосу мекеменин басма сөз кызматына байланышкан учурда "Кыргыз темир жолу" Дашковдун кызматтан кеткенин төгүндөп маалымат берди. Учурда кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек. Буга чейин бир нече жарандык активисттер... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болду. Транспорт министрлигинин жетекчилигинде камалгандар көп. АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарына арналган баяндамасын чыгарды, анда бажыдагы коррупциянын бетин ачкан "Азаттыктын" журналисттери коркутуп-үркүтүүгө кабылганы да белгиленген.
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейрасмий саммитинде түрк дүйнөсүнүн инвестициялык фондун түзүү демилгесин колдоп, анын кеңсесин Бишкек шаарында жайгаштырууну сунуштады. Жапаров фонддун түзүлүшү менен мамлекеттер ортосундагы инвестициялык климат, өз ара экономикалык кызматташтык жакшырарын белгиледи. Кыргыз президенти экономикалык кризис шартында кеңештин мүчөлөрү бири-бирине көмөк көрсөтүп, кыйынчылыктардан... Читать дальше...
Аскер прокуратурасы Бишкек шаарындагы кымбат жер тилкелерин берүү боюнча "Мыйзамсыз баюу" жана "Коррупция" беренелери менен тергелип жаткан иштин алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин райондордун биринин башкармалыгынын башчысы жана калаанын мурдагы вице-мэри кармалып, Бишкек гарнизонунун убактылуу аскер абагына киргизилгенин кабарлады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Шектүүлөрдүн аты айтылган жок. 24.kg агенттиги өз булагына таянып, мурдагы вице-мэр Азиз Алымкулов кармалганын жазды. Читать дальше...
Тыңчылык ишке байланыштуу курчуп кеткен жагдайды Италиянын тышкы иштер министри Луижи Ди Майо НАТОго мүчө мамлекет менен Орусиянын ортосундагы “өтө олуттуу чатак” деп атады. Кремль болсо буга жооп кылып, талаштуу маселеге карабастан, Италия менен алака сактала турганына үмүт артарын билдирди. 31-мартта Италиянын полициясы Римде Италиянын аскер-деңиз күчтөрүнүн капитаны менен Орусиянын элчилигинде иштеген кызматкер тыңчылыкка шектелип кармалганын кабарлаган. Буга байланыштуу Италиянын тышкы иштер... Читать дальше...
Кыргызстанда муфтияттагы жетекчилик орундардын бирин аял кишиге берүү демилгеси талкууланып жатат.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Орусиядагы кыргызстандык ишкерлердин көмөгү менен «Спутник V» вакцинасын алып келүү жөнүндө сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты. Министр бул тууралуу мамлекеттик "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары эки мамлекеттин президенттеринин сүйлөшүүсү менен Кыргызстанга Орусиядан 500 миң доза «Спутник V» вакцинасын май айларында алып келүү боюнча макулдашылган. “Биз 500 миң доза сураганбыз, алар макул болгон. Читать дальше...
Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган этностук кыргыздар Кыргызстандан барган туугандарына жергиликтүү бийлик тажик жарандыгын алууну сунуштап жатканын айтып даттанышты. Жерге-Талдын акими бул маалыматты төгүндөдү.
Кытайдан Казакстанга товар ташыган жүк ташуучу фуралардын жүздөгөн айдоочулары 30-мартта Хоргостогу “Нур-Жолы” чек ара-бажы өткөрмө бекетинин алдына чогулушту. Айдоочулар анда аталган бажыканадан өткөрүүнүн тартиби жана бажы көзөмөлүн жүргүзүүдө жүк ташуучу компанияларга тандалма мамиле бар экенин айтышты. Анткени алардын айтымында, Eurotransit компаниясынын жүк ташуучу унаалары Казакстан менен Кытайдын чек арасынан кезексиз өткөрүлөт, башка фирмалардын машинелери тескерисинче, бажы көзөмөлүнөн өтүп жатканда чоң тоскоолдуктарга учурайт. Читать дальше...
Көркөмдөп муз тебүү боюнча өткөн дүйнө чемпионатында эң эсте калган костюмдар боюнча Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.
Ошто беш партиянын өкүлдөрү аймакта шаардык кеңешке шайлоонун үгүт иштеринде одоно мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып даттанышты. Алар жергиликтүү бийликти административдик ресурсту колдонууга айыптап, президентти маселеге көңүл бурууга чакырышты. Беш партиянын билдирүүсү Ош шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан тогуз партиянын бешөө шайлоодо административдик ресурс колдонулуп жатканын билдирип чыгышты. 31-мартта «Улуу Журт», «Республика», «Улуттар Биримдиги», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Бир... Читать дальше...
Ош шаардык милициясы жергиликтүү шайлоого байланыштуу добуштарды сатып алуу боюнча 11, административдик ресурсту колдонууга тиешелүү 4 ишти карап жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ош шаарындагы мыйзам бузууларга прокуратура өз учурунда чара көрбөй жатканын айтып чыкты. «Биз гана акча тарата алабыз» Ош шаарындагы №5305 участкалык шайлоо комиссиясынын өкүлү Мээрим Мамыровага таандык экени айтылган аудио интернетте жайылууда. Анда «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы ар бир добуш үчүн агитаторлорго 500 сомдон... Читать дальше...
Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте жаш акындардын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү максатында республикалык поэзия сынагын жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук жазуучулар союзунун басма сөз кызматы кабарлады. Сынакка кыргыз тилиндеги поэтикалык чыгармалар 1-апрелден 31-майга чейин кабыл алынат. 1-июндан 15-июнга чейин конкурска катышкан ырлар калыстардын сынынан өтөт. Ага 18 жаштан 35 жашка чейинки гана акындар катыша алышат. Чыгармалар fond.tursunbekov@gmail.com... Читать дальше...
Быйыл күзүндө Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин айлык акысы көбөйтүлөт. Бул тууралуу 31-мартта “Азаттыктын” “Эки бир” көрсөтүүсүндө маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирди. Анын айтымында, кайсы мекемеге канча пайыз кошуларын азыр Экономика жана каржы министрлиги эсептеп жатат: “Бизде кээ бир жерлерде 3-4 миң сом айлык алгандар бар. Опера жана балет театрыныкы 10 миң сомдун тегереги. Ал эми цирк, китепкана дегендерде 3-4 миң айлык алгандар бар”. ... Читать дальше...
АКШнын Мамлекеттик департаменти 2020-жылы дүйнөдөгү адам укуктарын анализдеген баяндамасын шейшембиде жарыялады. Документте Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана оюн эркин билдирүү жаатында жаралган коркунучтарга көңүл бурулуп, «Азаттык» радиосу, «Клооп» медиасы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» жүз миллиондогон долларлык коррупциянын бетин ачкан, 2019-жылкы иликтөөлөрү белгиленген. Жарандардын эркиндигине, анын ичинде сөз эркиндигине арналган бөлүмдө Мамдепартамент... Читать дальше...
Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтияттын) башчысын шайлоо боюнча Аалымдар кеңешинин курултайынын мөөнөтү жылып, 29-майга белгиленди. Буга чейин талапкерлерди каттоо комиссиясынын төрагасы кысым болуп жатканын айтып, Аалымдар кеңешине кат жолдогон. Талапкерлердин экстремисттик уюмдарга байланышын, алардын бул кызматка ылайыктуу экенин тыкыр иликтеп чыгуу керектигин сунуш кылган. Аалымдар кеңешинин жооптуу катчысы Акылбек Халбеков "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди. - Аалымдар кеңеши... Читать дальше...
Журналисттик иликтөө жанры керек, ал жалпыга маалымдоо каражаттарынын эң чоң күчү. Мындай пикирин 31-мартта “Азаттыктын” “Эки бир” көрсөтүүсүндө маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирди. Ал калыс иликтөө жүргүзүп жаткан журналисттер көбөйүп келатканын белгилеп, мамлекет туура иликтөөлөрдү колдошу керектигин айтты: “Туура иликтөө болсо ал мамлекетке пайдасын тийгизип жатат да. Мисалы, ошол эле Уланбек Эгизбаев кандай чоң операция жасала турган жерлерди жеке өзү изилдеп ачты ... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакировдун Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалышы талкууга түштү. Айрымдар муну Октябрь окуяларындагы үмүт-максаттардын уурдалышы катары сыпаттап, олигархтык топтордун басымы деп божомолдоп атышат. Бакировдун адистик дараметин оң баалагандар анын иштешине мүмкүнчүлүк бериш керек деген ойдо. Талкууга түшкөн дайындоо Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү Мирлан Бакировду “жемкорлукту жактаган саясатчы” деп сыпаттоодо. Анын Мамлекеттик мүлктү... Читать дальше...
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Ворухка келишинин себеби Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин аталган анклав тууралуу билдирүүсү бул мамлекеттин жарандары арасында тынчсыздануу жаратканы менен байланыштуу. Бул тууралуу "Озоди" тажик кызматы кабар жазды. Өткөн жумада Ташиев Тажикстандын бийлигине Ворух анклавы үчүн Кыргызстандын жетекчилиги Баткен облусунун башка тилкесинен 12 миң гектар жерге алмашуу сунуштаганын айткан болчу. Тажикстандын президентинин маалымат катчысы... Читать дальше...
Кытайдагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган кыргызстандык студент автокырсыктан каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, учурда Кытайдын укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат. Маркум 1999-жылы туулган. Азыр анын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселеси каралууда. (MiK)
Римде 31-мартта Италиянын аскер-деңиз күчтөрүнүн капитаны Орусиянын пайдасы үчүн тыңчылыкка шектелип, кармалды. Ал орусиялык аскер адамы менен бирге колго түшкөнүн Италиянын чалгын кызматы жана полиция билдирди. Италиянын Тышкы иштер министри бул маселе боюнча Римдеги орус элчиси Сергей Разов министрликке чакырылганын кабарлады. “Из кубарлар ал экөөнүн жашыруун жолугушуусун аңдып, анда италиялык офицер акчаны маанилүү документти алмаштырып, берип жаткан учурда кармашкан”деп айтылат полициянын билдирүүсүндө. Читать дальше...
Кыргызстанда элдин руханий баалуулуктары тууралуу маалыматты жайылтуу максатында атайын социалдык роликтер тартылды. “Ата журттун нукура байлыгы – өз эли” деген долбоор Улуттук банктын демилгеси менен ишке ашты. Чакан тасмалардын бет ачары 31-мартта Бишкекте парламенттин, өкмөттүн, президенттик аппараттын жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Социалдык роликтерди режиссер Руслан Акун тартты. Сценарийлерин кинорежиссерлор жана сценаристтер Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгулов жазышкан. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости