Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2021

Новости за 11.03.2021

Бишкек-Ташкент: Соода алаканы 2 млрд. долларга жеткиребиз

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусунда эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы тууралуу да маселе каралды. Мамлекет башчылары соода-экономикалык, банктык-финансылык, илимий-техникалык, транспорттук-коммуникациялык кызматташтык, айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышты пайдалануу, туризм жаатында жана башка багыттардагы мамилени чогуу өнүктүрүүнү сүйлөштү. Президенттер анын ичинде соода-экономикалык алаканы кеңейтүү зарылчылыгын белгилеп... Читать дальше...

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев биргелешкен билдирүү кабыл алышты

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Бүгүн, 11-мартта, Ташкент шаарындагы сүйлөшүүлөр учурунда коңшу өлкөлөрдүн президенттери эки тараптын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактагы мамилесин жогору баалашты. Сүйлөшүүдө кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүү, регионалдык жана эл аралык көйгөйлөрдү талкуулашты. Мындан тышкары эки элдин... Читать дальше...

Бир жылда коронавирустан 2,5 млн адам каза тапты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш конституциялык референдум өткөрүүнү колдоду. Парламментте добуш берүүгө камактан жаңы чыккан депутат да келди. Баткенден жаратылыш газы сыртка мыйзамсыз ташылып жатканын бийлик төгүндөдү. Буга чейин парламентте көгүлтүр отун коңшу мамлекеттерге чыгарылып жатканы айтылган. Бир жыл мурун дүйнөдө коронавирус пандемиясы башталганы жарыяланган. Андан бери вирус 2,5 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алды.



Сегизбаев сотко жана тергөөгө ишенбесин билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы, учурда ушул эле макеменин тергөө абагында отурган Абдил Сегизбаев жакыны Айнура Сегизбаеванын “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. Ал катында Сегизбаев абакта отурганына 40 күн толгонун белгилеп, бул аралыкта бир да жолу суралбаганын, өзүнүн катышуусу менен эч кандай тергөө иши жүрбөгөнүн билдирген: “Жубайым, балдарым менен жолугууга уруксат жок. Маалымат каражаттарында Башкы прокуратура мага карата 6 кылмыш иши даярдалып жатканын маалымдоодо”. Читать дальше...

Ооганстанда кыздарга коомдук жерлерде ырдоого тыюу салынды

Azattyk.org 

Ооганстандын Билим берүү министрлиги 12 жаштагы жана андан жогору курактагы кыздарга коомдук жайларда ырдоого тыюу салды. Кабул шаарынын билим берүү департаменти кыздар эркектер катышкан иш-чараларда ырдай албайт деп түшүндүрдү. Тиешелүү кат 10-мартта маалымат каражаттарына чыгып кеткен. Министрлик документ чындыкка туура келет деп бышыктады. Чечим социалдык тармактарда катуу сынга туш болуп, укук коргоочулар министрлик “гендердик дискриминацияны” жайылтып жатат деп айыпташууда. Соңку мезгилде... Читать дальше...

Беларуста оппозициялык блогер Тихановскийге айып тагылды

Azattyk.org 

Беларустун Тергөө комитети оппозициялык блогер жана саясий туткун Сергей Тихановскийге айып такты. Былтыркы жаздан бери камакта отурган Тихановский массалык баш аламандык уюштуруу, социалдык жек көрүүнү козутуу, БШКнын ишине тоскоолдук түзүү жана коомдук тартипти одоно бузган аракеттерди уюштуруу үчүн айыпталды. Ал 15 жылга чейин кесилиши ыктымал. Тергөө комитети Тихановский жана айланасындагылар мамлекетке чоң материалдык зыян алып келишкенин, алардын мүлкү жана каражаттары камакка алынганын билдирди. Читать дальше...

Ошто милиция кызматкерлери түзгөн коррупциялык схема аныкталды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Ош шаарындагы № 1 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери түзгөн коррупциялык схеманы аныктады. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, схема мыйзамсыз акча чогултуу максатында түзүлгөн. Иш атайын кызмат тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин (“Пара талап кылуу”) фактысы боюнча сотко чейинки ачылган өндүрүштүн алкагында ачылган. Ага ылайык 10-март күнү Ош шаарынын № 1 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Т. Т. М. кармалган. Маалыматта... Читать дальше...

Орусия "Твиттерге" каршы чара көрө баштады

Azattyk.org 

Орусия өз аймагында “Твиттер” социалдык тармагынын ылдамдыгын жайлата баштады. “Твиттер” компаниясы мыйзам бузганын четке кагып, Орусиядагы соңку чечимдерге тынчсыздануусун билдирди. Орусиянын байланыш, маалымат технологиялар тармагын тескеген Роскомнадзор кызматы "Твиттердин” ылдамдыгын азайтуу 10-мартта башталганын жарыялады. Мекеменин жетекчисинин орун басары Вадим Субботин өлкөнүн аймагында бул операцияны ишке ашырууга техникалык мүмкүнчүлүк бар экенин жана ал колдонула баштаганын билдирди. Читать дальше...



Кыргызстан-Өзбекстан алакасынын жаңы барагы

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, карым-катнаштын жаңы өңүттөрүн талкуулады. Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар макулдашуулар кабыл алынды. Коңшу өлкөлөр экономика, суу-энергетика, чек ара, темир жол жана транспорт багыттарында кызматташат. Ушул эле тармактарда көйгөйлөр да бар. Эки-күндүк иш-сапар Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 11-мартта Өзбекстанга министрлердин, депутаттардын жана өкмөттүн... Читать дальше...

Ош: иштен кеткен вице-мэр шаар башчысын сындады

Azattyk.org 

Ош шаарынын кызматтан кеткен биринчи вице-мэри шаар башчысы Таалайбек Сарыбашевди жана ал жетектеген мэриянын иш жүргүзүүсүн сындап чыкты. 2 ай мурун кызматка келген Ош шаарынын биринчи вице-мэри Жылдызбек Турганбаев кызматтан кетип, анын ордуна мурунку губернатор Байыш Юсуповдун баласы Замир Юсупов келген. Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында кызматкерлердин алмашуусу коомчулукта талкууга алынып, Турганбаев болсо иштен негизсиз эле алынып калганын айтып чыкты. «Саясий көз карашыбыз келишпейт... Читать дальше...

Ташкентте Жапаров менен Мирзиёевдин жолугушуусу өтүүдө

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкент шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. «Куксарой» резиденциясындагы жолугушуунун расмий бөлүгү Ардак кароол ротасынын тизилген жоокерлеринин катышуусу менен өттү. Ушу тапта эки президенттин сүйлөшүүсү жүрүп жатат. Жапаров Ташкентте парламент жана өкмөт жетекчилери менен да жолугушуу өткөрүп, кыргыз-өзбек бизнес форумунун ишине катышат. Кыргыз мамлекетинин башчысы катары Жапаров алгач иш сапар менен Орусияга... Читать дальше...

Булак: Нетаньяхунун Эмиратка сапары болбой калды

Azattyk.org 

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун Бириккен Араб Эмиратына 11-мартка пландалган визити болбой калды. Бул тууралуу Израилдин "Кан" коомдук радиосу сапарды даярдоого катышкан булакка шилтеме менен маалымдады. Маалыматка караганда, Перс булуңундагы аба каттамга байланыштуу маселе чыккандыктан жана премьердин жубайы ооруп калгандыктан сапар үзгүлтүккө учурады. Бирок эки өлкөнүн расмий адамдары визит тууралуу маалыматты бышыктаган эмес. Сентябрда АКШнын арачылыгы менен Израиль Бириккен... Читать дальше...

Масалиев: Конституцияны кабыл алууда мыйзамдар одоно бузулду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев Конституцияны азыркыдай жол менен өзгөртүп жаткандар келечекте жоопко тартылып калышы ыктымал деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн, 11-мартта “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Масалиев билдиргендей, азыркы бийлик мыйзамды кабыл алууда анын жол-жоболорун сактабай, одоно мыйзам бузууларга барды жана "Убактылуу өкмөт кылбадыбы, бизге деле боло берет" деген принцип менен кетип баратат: “Келечекте акыбал өзгөрүп кетсе кайра кайтарууга... Читать дальше...

Референдум мыйзамы парламентти «жандантты»

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду. Документке эми президент кол койсо, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу референдум да өтөт. Айрым депутаттар парламентте долбоорго добуш берүүдө депутаттарга басым-кысым болгонун, айрымдары сессияга катышуу үчүн атайын чет өлкөдөн учуп келгенин айтышты. Кээ бири тергөө абагынан да чыгып келди. Ошентип, Жогорку Кеңеш Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу... Читать дальше...

COVID-19: Вирус менен күрөшкөн бир жыл

Azattyk.org 

Коронавирус инфекциясынын кесепеттерин пандемия деп жарыялангандан бери туура бир жыл өттү. Дүйнө өлкөлөрү жүз миңдеген адамдын өмүрүн алган илдетке каршы алигиче күрөшүп келе жатат. Илдет акыркы бир жылда 118 млн. адамга жугуп, андан 2 млн. 600 миң адам каза тапты. 2020-жылдын 11-марты. Дал ушул күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 3 ай мурдараак Кытайда аныкталган коронавирустун жаңы түрүн глобалдык пандемия деп жарыялаган. Ал күнү уюмдун жетекчиси Тедрос Аданом Гебреисус жаңы вирус Кытайдан... Читать дальше...

Лукашенко Тергөө комитетинин төрагасын алмаштырды

Azattyk.org 

Александр Лукашенко Беларустун Тергөө комитетинин башчысын жана бир катар жетекчилерди алмаштырды. Лукашенконун басма сөз кызматы 11-мартта билдиргендей, Иван Наскечивтин ордуна буга чейин башкы прокурордун орун басары болуп иштеген Дмитрий Хара дайындалды. Ал 9-августтагы президенттик шайлоодон кийин тутанган демонстрацияларда күч түзүмдөрүнүн зомбулугунан жабыркаган карапайым адамдардын арыздарын текшерген мекеме аралык комиссияны жетектеген. Шайлоону өлкөнү 1994-жылдан бери бийлеп келаткан... Читать дальше...

Баткенде аткезчиликке каршы операция учурунда УКМКнын эки кызматкери жараат алды

Azattyk.org 

Баткенде 11-мартта аткезчиликке каршы операция учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) эки кызматкери жеңил жараат алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, атайын кызматтын өкүлдөрү Жазык кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренесинин негизинде жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүү алкагында Баткен районунун Самаркандек айылында ыкчам тергөө иш-чараларын аткарып жатышкан. Ошол учурда Маширап Абдусаламов аттуу тургун... Читать дальше...


Музыкальные новости
Кристина Орбакайте

Выжидала момент: Орбакайте решила лишить Никиту Преснякова части наследства





Rss.plus
Игорь Маковский

Игорь Маковский: оперативный Штаб «Россети Центр» осуществляет усиленный контроль за работой электросетевого комплекса 




Концерты для ветеранов ко Дню Победы провели в Подольске

«Крылья Советов» проиграли «Ахмату»

В Московском Международном Доме Музыки состоялся уникальный концерт “Энергия Музыки” композитора Арсения Трофим

Монсон заявил, что его спортивная карьера практически завершена




Депутат Төрөкуловду камактан чыгаруу себептери айтылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов мамлекетке келтирген зыянды төлөп берүүгө даярдыгын билдиргендиктен, туруктуу жашаган жери бар жана үй-бүлөсүн баккан жалгыз адам болгондуктан үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 11-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Төрөкуловдун үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасынын мөөнөтү 15-майга чейин узартылды. Депутат Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шек саналып, 15-январда эки айга камакка алынган. Улуттук коопсуздук... Читать дальше...

Конгресс пандемиядан жабыркагандарга жардам берүү пакетин кабыл алды

Azattyk.org 

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы пандемиядан жабыркагандарга экономикалык жардам көргөзүү пакетин кабыл алды. Дээрлик 2 триллион долларга бааланган планды президент Жо Байден сунуш кылган. Документти демократтар гана жактырышты, бир да республикачыл мыйзам чыгаруучу аны колдогон жок. Бөлүнгөн каражат эмдөө, чакан бизнести колдоо, жумушсуздарга, балдарга жөлөк пул төлөөгө сарпталмакчы. Америкалык маалымат каражаттары санап чыгышкандай, жардамды тигил же бул көлөмдө үй-бүлөлөрдүн дээрлик 90 проценти алат. Читать дальше...

Баткенден Өзбекстанга жана Тажикстанга өткөн газ тууралуу маалымат төгүндөлдү

Azattyk.org 

Баткенден Өзбекстанга жана Тажикстанга жаратылыш газы мыйзамсыз ташылып кетип жатканы тууралуу маалыматты текшерген жумуш тобу мындай кооптонууга негиз жок деген тыянакка келди. Бул тууралуу 11-мартта “Азаттык” радиосуна Баткен облустук акимчилигинен кабарлашты. Маалыматта айтылгандай, облустук бийлик өкүлдөрү “ОшГаз” мекемесинин атайын адистери менен бирге Кадамжай районунун Ак-Турпак айылына барып, Өзбекстандын аймагындагы газ сактоочу жайларда болушту жана кампаларды кыдырып, газ же башка мунай заттары жок экенин көрүштү. Читать дальше...

АКШ менен Кытайдын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүсү кийинки аптада өтмөкчү

Azattyk.org 

АКШ менен Кытайдын ортосундагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу кийинки аптага - 18-мартка белгиленди.  Аляскада өтө турган ал жыйынга Кошмо Штаттар тараптан Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен, президент Жо Байдендин Коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан, ал эми Кытай тараптан Тышкы иштер министри Ван И, ушул эле мекеменин жогорку өкүлү Янг Жичи катышат. Бул тууралуу 10-мартта АКШнын Ак үйү билдирди. Сүйлөшүүлөрдө бир топ олуттуу маселелер талкууланмакчы. Ошол эле маалда Жо Байдендин администрациясы... Читать дальше...

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун жанында пикет уланды

Azattyk.org 

Алматыда Кытай консулдугунун жанында өтүп келген нааразылык акциясы бейшембиде да уланды. Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылгандар 8-февралдан бери иш күндөрдө ушул жерге чогулуп келет. Алар Казакстан бийлигин да абалга кийлигишүүнү үндөшүүдө. Бейшембиде консулдук жанына келген бир нече аял өзүн жаман сезип, «Тез жардам» чакырууга туура келди. Акимчиликтин жана прокуратуранын өкүлдөрү жерине барып акция «мыйзамсыз» өтүп жатканын айтышты. Өткөн айда пикетке чыккандардын бири, Кытайда калган... Читать дальше...



Москва

Таня Василькова расскажет (и покажет) «Как прожить в браке без брака»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

В рубрике «Я - артист цирка Бурятии» Саян Дондоков - Театр и дети, Культура и Россия, национальный проект




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г


WTA

Саснович пробилась во второй раунд турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России