Мирзиёев өзү тууралуу фильм тарттырат
«Мастерская» деп аталган орусиялык киностудия Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тууралуу даректүү тасма тартууга киришти. Ал Өзбекстанда президенттик шайлоо алдында көрсөтүлөт.
«Мастерская» деп аталган орусиялык киностудия Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тууралуу даректүү тасма тартууга киришти. Ал Өзбекстанда президенттик шайлоо алдында көрсөтүлөт.
Орусиянын жалган маалымат таратуу өнөктүгүнөн Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн арасынан Германия көбүрөөк жабыркап келе жатат. Мындай тыянакка Европа Биримдигинин тышкы байланыштар кызматы келди. 9-мартта жарыяланган баяндамада Германия Орусия тарабынан саясий деңгээлде жана маалымат каражаттары аркылуу жигердүү, ырааттуу чабуулдарга туш болгону белгиленет. Орус бийлиги дезинформация өнөктүктөрүнө тиешесин танып келет. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Евробиримдиктин... Читать дальше...
Бишкекте Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митинг өттү. Чогулгандар "жаңы Конституцияны жаңы парламент кабыл алсын" деген талап менен чыгышты. Талас облусун Бакытбек Нарбеков жетектейт. Ал былтыркы парламенттик шайлоого бийликтеги "Биримдик" партиясы менен депутаттыкка аттанган. АКШ 13 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза бере баштайт. Үч жыл мурун “кара тизмеге” киргендердин көбү мусулман өлкөлөр болчу.
Ката кетирип алган учурда же тааныш эмес көрүнүшкө туш болгон кезде биз «Пенде деген жаңылат, адашат» деген сөз менен өзүбүздү жоошутуп коебуз. Бирок ошол сөз тажрыйбасыз бирөөнүн курмандыгы болгон кишини
Continue reading...КЫЛДАТ БОЛ ЗЫЯН КЕЛТИРБЕ
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна байланыштуу калаа жергесинде үгүт иштери эки күндөн кийин 12-мартта башталат. Элетте болсо расмий жарыш 22-марттан тартып жүрөт. Азырынча 420 айылдык кеңешке талапкерлерди каттоо аяктай элек, ал эми өлкөдөгү жалпы 28 шаарлардагы саясий өнөктүккө 59 партия катышуу ниеттерин билдирди. Бул саясий өнөктүк эмнеси менен өзгөчөлөнүүдө? Партиялар, талапкерлер эмне үчүн көп? Шайлоодогу кызыкчылыктардын кагылышы кандай жүрөт? «Арай көз чарай» рубрикасында ушул маселе талкууланды. Читать дальше...
Бишкектеги Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрындагы чыр артисттердин маяна меселесин кайрадан күн тартибине алып чыкты. Маданият өкүлдөрү бул маселе эчак бышып жетилгенин билдиришүүдө. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын төрт солисти Бишкекте 9-мартта басма сөз жыйынын өткөрүп, акыркы окуя боюнча пикирлерин билдиришти. Кесиптик жамааттын атынан сүйлөп жатабыз деген артисттер Марат Сыдыков, Екатерина Белоус, Фарух Садыркулов жана Айдана... Читать дальше...
8-март күнү саат 19:50 чамасында 102 номуруна кимдир бирөөлөр чалып, Ак-Өргө жаңы конушунда кыз ала качуу болгонун билдиришкен. Окуя болгон жерге кайгуул кызматкерлер келип, 25 жаштагы С. А. аттуу кызды чала тааныш бирөө ала качып кеткенин аныкташкан. Бул тууралуу кайгуул-күзөт кызматы маалымдады. Иликтеп-издөө иштердин натыйжасында 31 жаштагы Н. Р. кыз ала качууга шектелип кармалды. Шектүү убактылуу камоочу жайга киргизилип, бул факты боюнча Жазык кодексинин 175-беренеси (“Мажбурлап никеге тургузуу... Читать дальше...
Эл аралык террордук топтун мүчөлөрү 5-мартта кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 9-мартта кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, кармалган шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу камоочу жайына киргизилген. Алар “Адам өлтүрүүгө даярдануу” фактысы боюнча сотко чейинки ачылган өндүрүш ишинин алкагында кармалган. Иликтөө учурунда бул топ Сириядагы террордук уюмдардын жетекчилери тарабынан башкарылып турганы, Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаалды курчутуу... Читать дальше...
Кытай чет өлкөлөргө сапарга чыгууну көздөгөн жарандары үчүн COVID-19 илдетинен эмделди деген санариптик документ чыгарды. Сертификатта адамдын вакцинациядан өтүп-өтпөгөнү жана коронавирус анализинин жыйынтыгы жазылат. Расмий кагазды Кытай жарандары WeChat деген социалдык тармактагы программадан чыгарып алса болот. 9-мартта Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү документ "дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүү жана чек аралардан өтүүнү жеңилдетүү үчүн" киргизилгенин билдирди. Ошол эле маалда... Читать дальше...
Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүү боюнча эксперттик топ түзүлдү. Анын алгачкы отуруму бүгүн 9-мартта өттү. Президенттик аппараттын маалыматына караганда, муну менен 2018-жылы кабыл алынган "2040-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы" программасына өзгөртүү киргизилди. Аппарат жетекчи Сүйүнтбек Касмамбетов белгилегендей, өзгөртүүлөр учурда жүрүп жаткан конституциялык реформага, мамлекеттик башкаруу системасындагы өзгөрүүлөргө жана коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилүүдө. Читать дальше...
Беларустун оппозициялык «Nexta» маалымат каражаты Александр Лукашенконун байлыгын жана кымбат баалуу белектер үчүн орус олигархтарын калкалаган коррупциялык схемаларын ашкерелеген даректүү тасманы чыгарды. «Золотое дно» деп аталган бир жарым сааттык тасмада Лукашенкого жана анын жакындарына тиешелүү делген 18 турак жай тууралуу кеп болот. Алардын арасында Минскидеги Көз карандысыздык сарайы, Витебск облусундагы «Крупенино» эс алуучу жайы, Брест облусундагы «Вискули» хутору бар. Иликтөөдө өзүн... Читать дальше...
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 18-мартта Москвада Ооганстан боюнча эл аралык конференция өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралу ТАСС агенттиги 9-мартта кабарлады. Бирок, иш-чаранын чоо жайы кенен айтылган жок. Мунун алдында эле Батыш маалымат каражаттары АКШ ооган жергесиндеги согушту токтотуу боюнча планды иштеп чыкканын жазышкан. Ал долбоордо жаңы Конституция кабыл алынгыча жана шайлоо өтмөйүнчө Кабулдагы азыркы өкмөттү убактылуу администрацияга алмаштыруу сунуш кылынган. Reuters маалымдагандай... Читать дальше...
Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өттү. Акциянын катышуучулары долбоорду четке кагууну, Жогорку Кеңештин таркашын, тез арада парламенттик шайлоо жарыялоону талап кылышты. Борбордук Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин имаратынын жанында өткөн митингдин катышуучулары Конституциянын жаңы долбоорун кескин сынга алышты. Алар документте президенттин ыйгарым укуктары эбегейсиз кеңейтилип, бирок анын жоопкерчилиги каралбаганын айтышты. «Парламент таркасын!», «Хандыкка жол жок!», «Стоп... Читать дальше...
Социалдык тармактарда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго таандык хан сарай курулуп жатат делген видео тарады. Тасмадагы маалыматты мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров четке кагып, «Азаттыкка» берген интервьюсунда ал курулушка мэрдин тиешеси жоктугун билдирди. Коомдук тармактарда жана «Ютубда» Ош шаарынын мэри эжесинин атына катталган жерге хан сарай курдуруп жатат делген видео жайылууда. Аны автору «Бул имарат бүтсө, Раимдин үйү да жолдо калат» деп сүрөттөгөн. Мэриянын басма сөз... Читать дальше...
9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өттү. Акциянын катышуучулары долбоорду четке кагууну, Жогорку Кеңештин таркашын, тез арада парламенттик шайлоо жарыялоону талап кылышты. Алар конституциялык реформага байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн президентти жана депутаттарды сотко бергени жатышат.
Беларуста Александр Лукашенконун «май көл-сүт көл» жашоосун, анын байлыгын жана кымбат баалуу белектер үчүн орус олигархтарын калкалаган коррупциялык схемаларын ачыктаган документалдуу тасма жарыкка чыкты. «Nexta» ресурсу жарыялаган «Золотое дно» деп аталган бир жарым сааттык тасмада Александр Лукашенкого жана анын жакындарына тиешелүү делген 18 турак жай биринин артынан бири ачыкталат. Алардын арасында Минскидеги Көз карандысыздык сарайы, Витебск облусундагы «Крупенино» эс алуучу жайы, Брест облусундагы «Вискули» хутору бар. Читать дальше...
COVID-19 илдетине каршы Орусия өндүргөн “Sputnik V” вакцинасы Европа Биримдигинин аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен алгачкы жолу Италияда чыгарыла башташы мүмкүн. Ал эми Европалык Дары-дармектер агенттигинин Башкаруу кеңешинин башчысы Криста Виртумер-Хохе айымдын бул вакцинаны бир беткей шашылыш колдонууга каршы чакырыгы Орусиянын дары жасоо компаниясынын сынына кабылды. 8-мартта Москвада жайгашкан Орусия Тикелей инвестициялар кору (ОТИК, орусча РФПИ, англисче RDIF) менен Швейцарияда жайгашкан... Читать дальше...
"The Dipolomat" басылмасы 3-марттагы макаласын Кыргызстандын дүйнөлүк рейтингде “эркин эмес” өлкө деп таанылганына кеңири токтолду. "Freedom House" уюмунун жылдык докладында Кыргызстан 11 сапка ылдый түшүп, региондогу калган жумурияттардын катарын толуктаган. Макаланын автору Кэтрин Пуц жалпы докладдын урунттуу жерлерине токтолуп, дүйнөдө 2020-жылы “демократиянын коргоочулары авторитаризм менен күрөштө жоготууларга туш болушту, эл аралык алкакта тараза ташы зулумдукка ооп баратат” деп шилтеме келтирет. Читать дальше...
АКШ өзү чыгарган вакциналарга каршы Орусия тарабынан атайлап туура эмес маалыматтарды таратуу кампаниясы жүрүп жатат деп Кремлди айыптады. Кошмо Штаттары коронавируска каршы Америкада өндүрүлгөн вакциналарды каралоо боюнча Орусия атайын маалымат кампаниясын жүргүзүп жатканын жарыялады. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Нед Прайс артында Орусиянын атайын кызматы (ФСБ) турган бир нече онлайн-платформа вакциналар тууралуу жалган маалыматтарды таратып келатканы аныкталганын билдирди: «Орусия эски ыкмаларын колдонуп... Читать дальше...
Кабутов биринчи эле раундда атаандашын бүк түшүрдү. Кубаттуу тепкиден соң кулаган таиланддык мушкер өзүнө келе алган эмес.
Европа парламенти Каталониянын мурдагы жетекчиси, аймактын эгемендигин талап кылып келаткандардын жикчил лидери Карлес Пуждемонду жана эки өнөктөшүн – региондун мурдагы саламаттык сактоо министри Тони Комин жана мурдагы билим берүү министри Клара Понсатини иммунитеттен ажыратты. Муну менен алардын Испанияга ыкытмал экстрадициясына жол ачылууда. Кол тийбестиктерин алууну 400дөн ашуун мыйзам чыгаруучу колдоду, 248и каршы добуш берди. Пуждемон жана Комин Европарламентке 2019-жылы, Понсати былтыр шайланган. Читать дальше...
9-март күнү Ош шаарында «Ишкер аялды колдо» аттуу өнөктүктүн ачылышы болду. Иш-чаранын максаты — аймактардагы ишкерликке ынтызар аялдардын бизнес жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн колдоого алуу. Аялдар өндүргөн товарларды сатып алууга чакырган 2 айлык акцияда айылдагы кыз-келиндер өндүргөн товары жөнүндө видео менен бөлүшүп, башкаларга эстафета катары жөнөтөт. Иш-чараны БУУнун колдоосу менен «Айым Баштайт» коомдук уюму уюштуруп жатат. Акциянын башталышында Ош шаарындагы ири дүкөндөрдүн бирине ишкер аялдардын өндүргөн пролдукциялары коюлду. Читать дальше...
АКШ Орусиянын америкалык вакциналарга каршы дезинформация кампаниясы деп атаган аракеттерин айыптады жана мындай көрүнүш менен күрөшө турганын билдирди. Мамлекеттик департаменттин алдындагы борбордун айтымында, ал иштерге катышкан интернеттеги төрт платформанын артында орусиялык атайын кызматтар турат. Ал сайттарда АКШнын “Азык-түлүк жана дары-дармектин сапатын көзөмөлдөгөн департамент жактырган эки вакцинасы тууралуу жалган маалымат жазылган”, - деп айтты тышкы саясий мекеменин өкүлү Нед Прайс. Читать дальше...
Эл аралык Олимпиада комитети (IOC - The International Olympic Committee) Александр Лукашенконун улуу баласы Виктор Лукашенкону Беларустун улуттук Олимпиада комитетинин төрагасы деп таануудан баш тартты. 8-марттагы билдирүүдө эл аралык комитет Беларустун Хоккей федерациясынын башчысы Дмитрий Баскауну улуттук комитеттин аткаруу органынын мүчөсү катары тааныбай турганын маалымдады. Экөө тең бардык эл аралык иш- чараларга, анын ичинде Олимп оюндарына катыштырылбайт. 1997-жылдан бери Улуттук комитетти Александр Лукашенко жетектеп келген. Читать дальше...
10-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Чүй облусунун тоолуу жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар, Нарын облусунун кээ бир жерлеринде кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости