Зеленский Конституциялык соттун төрагасын кызматтан алды
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн Конституциялык сотунун эки мүчөсүн кызматтан бошотту. Бул кадам “паракорлукка каршы реформага” байланыштуу анын Конституциялык сот менен араздашуусун тереңдетти. 27-марттагы жарлыгы менен Зеленский Конституциялык соттун төрагасы Александр Тупицкийди жана дагы бир сот мүчөсү Александр Касмининди "Украинанын көз карандысыздыгына жана улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирип жатат" деген жүйө менен кызматтан алды. Эки сотту тең Орусияны жактаган мурдагы президент Виктор Янукович дайындаган. Читать дальше...