Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2021

Новости за 02.03.2021

Түркияда калктын он пайызы коронавирустан эмделди

Azattyk.org 

Түркияда карантин чектөөлөрү четинен алына баштаганын президент Режеп Тайып Эрдоган 1-мартта кабарлады. Жаңы эрежеге ылайык коронавирус жуктуруп алгандар аз катталган аймактарда ресторан жана коомдук жайлар ачылат.

COVID-19 – инсульт менен инфаркттын шыкакчысы

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус менен ооруп айыккандар арасында инсульт жана жүрөк оорусу күчөгөндөр болууда. Инсульт болгондордун жарымынан көбүнүн мурдагы анализдеринде вирус табылса, вирустан айыккандардын арасында жүрөктүн чел кабыгын суу басып калуу, жүрөк булчуңдарынын жабыркоосу жана инфарктка чалдыккандар арбын. "Күтүүсүз инсульт көбөйдү" Бишкектеги "Веданта" клиникасы 2020-жылдын июнь, июль айында кызыл зонага айланып, жалаң коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылаган. Күз айларынан тарта бул оорукана инсульт... Читать дальше...

Тарыхты өзгөрткөн инсан 90 жашта

Azattyk.org 

СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв 90 жашка чыкты. Ал Коммунисттик партиянын башкы катчысы кезинде эле ачыктык жана реформаларга багытталган айкындык жана кайра куруу саясатынын демилгечиси болгон. Горбачев өз мааракесинин алдында кайра курууну өз жашоосунун маңызы деп атады.



Навальный иши: АКШ жети орус аткаминерге санкция салат

Azattyk.org 

2-мартта Вашингтон чалгын кызматтары оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды ууландыруунун артында Федералдык коопсуздук кызматынын (орусчасы - ФСБ) өкүлдөрү турган деген «ишенимдүү тыянакка келгенден» кийин Орусиянын жогорку даражалуу жети аткаминерине санкция салганын жарыялады. АКШнын «кара тизмесине» Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников, президент Владимир Путиндин администрация жетекчисинин орун басары Сергей Кириенко, коргоо министринин орун басары Алексей Криворучко... Читать дальше...

«2021-жыл да кыргыз экономикасы үчүн кыйын болот»

Azattyk.org 

Кыргызстандын экономикасы 2021-жылдын алгачкы айларында эле төмөндөй баштады. Ички дүң өнүм, тышкы соода, инвестиция жана башка көрсөткүчтөр 2020-жылы кыйла төмөндөгөн. Алар быйыл да артка кетет деп күтүлүп жатат. Ал арада азык-түлүктүн, күйүүчү майдын кымбатташы коомчулукту бир сыйра дүрбөлөңгө салууда. Мурдагы экономикалык жөнгө салуу министри, соңку президенттик шайлоодо талапкер болгон саясатчы Жеңишбек Байгуттиев мына ушул маселелер боюнча "Азаттык" менен ой бөлүштү.

Балыкты колдон талашкан браконьерлер

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө жасалма уруктандыруу жолу менен өстүрүлгөн Ысык-Көл жилингир (форель) балыгынын майда чабактары көлгө коё берилди. Бул иштер жыл сайын көлдөгү балыктын санын сактап гана эмес, көбөйтүү максатында жүргүзүлүп келет. Белгилей кетсек Ысык-Көлдүн балыгын кармоого мораторий салынган. Балык чарба департаментинин Ысык-Көл жана Нарын аймактар аралык бөлүмү 2008-жылдан бери көлдүн балыктарын икра чачуу мезгилинде кармайт. Ихтиологдор балыктын уругун алып, аны балык чарба заводунда 4 айдан жарым жылга чейин өстүрүп, көлгө коё берип келатат. Читать дальше...

Президент Садыр Жапаров Эл басы Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Azattyk.org 

Бүгүн 2-мартта өткөн жолугушууда тараптар эки мамлекет ортосундагы кызматташууну мындан ары да тереңдетүү боюнча пикир алмашты. Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровдун келишин кубаттап, өткөн президенттик шайлоодо Кыргызстан эли ага чоң ишеним артканын белгиледи. Кыргыз президентинин ишине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагында Казакстан менен Кыргызстан президенттеринин ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугуна токтолду. Читать дальше...

Муралиев: Эгемендик үчүн Горбачёвго ыраазыбыз

Azattyk.org 

Мурдагы СССРдин мамлекет башчысы Михаил Горбачёв 2-мартта 90 жашка чыкты. Горбачёвдун ишмердигинин Кыргызстан үчүн ролу жана мааниси кандай болду? Мамлекеттик ишмер, мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиев "Азаттык" үналгысына маек курду.



Армян президенти Башкы штабдын башчысын кызматтан алуу сунушун кайрадан четке какты

Azattyk.org 

Армениянын президенти Армен Саркисян өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Оник Гаспарянды кызматтан алуу боюнча премьер-министрдин сунушун кайрадан четке какты. Президент Конституциялык сотко кайрылып, “Аскер кызматчынын макамы жана аскердик кызмат жөнүндө” мыйзамды карап чыгууну өтүндү. Муну менен премьер-министр Никол Пашиняндын сунушунан кайрадан баш тартты. Арменияда соңку бир аптадан бери саясий кризис күчөп жатат. Былтыр күзүндөгү алты апталык согуш Армения, Азербайжан жана... Читать дальше...

Ооганстанда үч журналист кол салуудан каза болду

Azattyk.org 

Ооганстанда эки кол салуунун натыйжасында үч журналист мерт болду. Өлкө чыгышындагы Желалабад шаарындагы атышуудан “Enikass TV” телеканалынын эки кабарчысы мүрт кетти. Бул окуяда дагы бир жайкын тургун көз жумду. Ал эми үчүнчү журналист болсо Нангархар провинциясынын Касбех районундагы атышууда мерт болду. “Enikass TV” телеканалы кабарчылары өлгөнүн ырастады. Телеканалдын директор Залмай Латифи “алар кол салууга туш болгон учурда кеңсеге келе жатышкан”,-деп билдирди. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Читать дальше...

БШК: Шаардык кеңештерге 59 партия талапкерлердин тизмесин сунуштады

Azattyk.org 

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү 1-мартта аяктады. Борбодук шайлоо комиссиясынын (БШК) 2-марттагы маалыматына ылайык, 11-апрелде өтө турган шайлоодо 28 шаардык кеңешке 59 партия талапкерлерин сунуштады. Мунун ичинен 27 партия Бишкек шаар кеңешине, Каракол шаардык кеңешине 18, Балыкчы шаар кеңешине 14, Талас шаардык кеңешине 11, Баткен, Кант жана Ош шаар кеңештерине ондон партия... Читать дальше...

Кримтөбөл Камчыбек Көлбаев абактан чыкты

Azattyk.org 

Кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Камчыбек Көлбаев тил кат менен абактан чыкты. Нур-Султанда Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев кыргыз-казак алакасын талкуулашты. Бишкек аскердик-техникалык жардам ала турган болду. Өзбекстан кытайлык компания менен бирге вакцина иштеп чыкты. Ташкент вакцина коронавирустун жаңы түрлөрүнөн эффективдүү коргой аларын билдирди. Буга чейин коңшу өлкө орусиялык “Спутник V” вакцинасын каттоодон өткөргөн.

АКШ менен Еврошаркет Орусиянын төрт аткаминерине санкция киргизди

Azattyk.org 

АКШ менен Евробиримдик 2-мартта оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышына жана камалышына байланыштуу Орусияга каршы аракеттерди макулдашты. 1-мартта европалык дипломаттардын арасындагы булактар билдиргендей Евробиримдикке мүчө мамлекеттер Кремлдин келишкис сынчысынын камалышына тиешеси бар Орусиянын сот системасындагы жана укук коргоо органдарындагы жогорку даражалуу төрт аткаминерге санкция киргизүүнү жактырышты. Санкцияга туш болгондор Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин... Читать дальше...

Коомду агарткан Кондучалова

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, совет мезгилинде 20 жылдан ашуун Маданият министрлигин жетектеген Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу 27-февралда А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында салтанаттуу жыйын өттү. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Алгач мамлекет башчысы Күлүйпа Кондучалованын өмүр жолуна арналган сүрөт көргөзмө жана жаңы жарык көргөн китептер, театрдын оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн «Малахит» залы менен таанышып чыкты. Читать дальше...

Абжалиевдин УКМК аныктаган байлыгы

Azattyk.org 

Мыйзамсыз баюуга шектелип, кылмыш иши козголгон парламент депутаты Алиярбек Абжалиев өзүнө коюлган айыпты “курулай доомат” деп билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет парламент депутаты Алиярбек Абжалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен сотко чейинки териштирүү иштери башталганын 1-мартта маалымдады. УКМК Абжалиевге тийиштүү делген кыркка чукул кыймылсыз мүлктүн сүрөттөрүн жарыялады. “Абжалиев менчик ишканалардын кызыкчылыгын алдыга сүрөгөн, мамлекеттик... Читать дальше...

Жогорку сот ЖЭБ боюнча ишти кайра кароодон баш тартты

Azattyk.org 

Жогорку сот 2-мартта Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан кароодон баш тартты. Соттолгондордун адвокаттарынын арызы канааттандырылган жок. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти. Маалыматка караганда чечим акыркы жана даттанууга болбойт. Буга чейин адвокаттар жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо тууралуу арыз менен Жогорку сотко кайрылышкан. 2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту жылуулук борборун... Читать дальше...

Атамбаевдин мурдагы басма сөз катчысы УКМКга чакырылды

Azattyk.org 

Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезде президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүн жетектеген Алмаз Үсөнов 2-мартта Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылды. Ал УКМКнын мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевге карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу эки сааттан ашык сурак берип чыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу Сегизбаевдин шайлоо штабынын өкүлдөрү «Азаттыкка» ырасташты. Үсөновдун өзүнөн жана анын жакындарынан, адвокаттарынан, УКМКдан сурактын чоо-жайы... Читать дальше...

Абдурахманхаджи Муртазалиев КРдин эмгек сиӊирген спорт чебери наамын алды

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Муртазалиев 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге уткан. Ошондой эле ачык имараттагы Азия оюндарынан коло медаль алган.

Өкмөт башчы дарынын баасын көзөмөлдөөгө убада берди

Azattyk.org 

Премьер-министри Улукбек Марипов дары-дармектерге болгон бааларды жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди. Өкмөт башчы бул тууралуу дары-дармектерге бааларды жөнгө салуу маселелерин талкуулаган жумушчу жыйында айтты. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык жыйында тийиштүү мамлекеттик органдарга бир жуманын ичинде дарыларга бааларды көзөмөлдөө механизмдери боюнча сунуш киргизүү, дары тармагындагы өкүлдөр менен иштөө тапшырылды. Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун айтымында, учурда дары-дармектердин... Читать дальше...


Музыкальные новости
Булат Окуджава

Часовой любви. 100 лет Булату Окуджаве





Rss.plus
Концерт

Концерт "Две музы"




СМИ: Самолет Котлас — Москва совершил экстренную посадку в кировском аэропорту

Снег повалил допетровскую иву в «Аптекарском огороде» в Москве

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

Жители Воскресенска отпраздновали День Победы в усадьбе Кривякино




Камчы Көлбаев абактан бошотулду

Azattyk.org 

Кылмыштуу топ түзгөн деген шек менен кармалган Камчыбек Көлбаев эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен абактан бошотулду. Шаардык соттун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова мындай чечимди Бишкек шаардык соту 2-мартта чыгарганын “Азаттыкка” билдирип, андан башка маалымат берген жок. 17-февралда Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 22-мартка чейин узарткан. Улуттук коопсуздук комитети Камчыбек Көлбаевди былтыр 22-октябрда кармаган. Ага Жазык кодексинин «Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу» беренеси менен айып коюлган. Читать дальше...

Кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаев тил кат менен абактан чыкты

Azattyk.org 

Кылмыштуу топ түзгөн деген шек менен кармалган Камчыбек Көлбаев эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен абактан бошотулду. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту 2-мартта чыгарды. Шаардык соттун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова чечим чыкканын “Азаттыкка” билдирип, андан башка маалымат берген жок. 17-февралда Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 22-мартка чейин узарткан. Улуттук коопсуздук комитети Камчыбек Көлбаевди былтыр 22-октябрда кармаган. Ага Жазык кодексинин «Кылмыштуу топ... Читать дальше...

Парламент комитети Конституциянын жаңы долбоорун колдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 2-мартта талкуулап, жактырды.  Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын өкүлдөрү "Азаттыкка" ырасташты. Парламенттин сайтында комитеттин жыйыны 10 мүнөттөй түз ободо берилип, кайра көрсөтүлбөй калды. Эми долбоор 3-марттагы жалпы сессияда биринчи окууда каралат. Жогорку Кеңештин сайтына 9-февралда жарыяланган долбоорду бийлик быйыл апрелде референдумга койгону жатат. Читать дальше...

Евробиримдик менен АКШ Орусияга санкция салат

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар менен Евробиримдик 2-мартта оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышына жана камалышына байланыштуу Орусияга каршы координацияланган аракеттерди көрөрү күтүлүп жатат.

«Матраимовго болушкандар бийликке сес көрсөттү»

Azattyk.org 

28-февралда Ошто “кылмыштуу кирешесин адалдаган” деп шек саналып, эки айга камалган мурдагы бажы кызматкери Райымбек Матраимовду колдогон акция өттү. Ага Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары катышты.

COVAX программасынын алкагында эмдөө башталды

Azattyk.org 

Гананын президенти Нана Акуфо-Аддо COVAX программасынын алкагында коронавируска каршы вакцина алган биринчи адам болуп калды. Бул программа дүйнөдөгү жакыр өлкөлөрдүн жарандарын коронавируска каршы вакцина менен камсыз кылууну көздөйт. 76 жаштагы Аддо өлкө борбору Аккра шаарындагы аскердик госпиталда эмдөөдөн өттү. Ганага 600 миң доза "AstraZeneca" вакцинасы жеткирилген. Ал ортодо Кытайдын саламаттык сактоо эксперттери коронавируска каршы эмдөө боюнча планын жарыялады. Ага ылайык, июнь айына чейин калктын 40 пайызын эмдөө пландалууда. Читать дальше...



Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: фронтовики и труженики тыла внесли бесценный вклад в защиту Родины



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

«Пусть плачут мужчины». Как Окуджава писал песню к «Белорусскиому вокзалу»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Федерация бокса России почтила память героев в День Победы в Чехове

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

Футбольный турнир «Вызов» для студентов станет частью праздничных мероприятий ко Дню Победы


WTA

Касаткина обыграла Марию и вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Анастасия Волочкова

Волочкову спасли на Мальдивах после новости о рождении сына у Вдовина



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России