Түркия: чектөөлөрдөн четте калбаган кыргызстандыктар
1-марттан тарта Түркия карантин чектөөлөрүн четинен ала баштады. Жаңы эрежеге ылайык коронавирус жуктуруп алгандар аз катталган аймактарда ресторан жана коомдук жайлар ачылды. Бирок кечки саат 9дан кийинки комменданттык саат күчүндө калат. Түркияда кафе жана сулуулук салондорун иштеткен кыргызстандык ишкерлер да пандемиянын кесепетин өз жон териси менен сезип жатат. Түркиянын бардык аймактарында былтыр ноябрдан бери ресторан-кафелерде тамактанууга тыюу салынган. Кардарлар тамак-ашты үйгө алып кеткенге уруксат берилген. Читать дальше...