Импичмент маселеси америкалыктарды экиге бөлдү
"Washington Post" басылмасы жана "ABC News" каналы өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыгында респонденттердин 49% АКШнын президенти Дональд Трампты бийликтен кетирүүнү колдой турганын, 47% импичментке каршы экенин билдиришти.
Сурамжылоонун натыйжасына ылайык, республикачылардын 82% импичментти колдобойт, демократтардын ушунча пайызы колдойт.
30-октябрда АКШнын Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча демилгеге байланышкан резолюцияны жактырган. 421 өкүлдүн 232си бул демилгеге макул болгон. Республикачылардын эч бири аны колдогон эмес.
Президентке ишеним көргөзбөө боюнча демилгеге жеткирген чыр Дональд Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин июлдагы телефон сүйлөшүүсүнөн кийин чыккан.
Демократтар анда Трамп өзүнүн саясий атаандашы Жо Байдендин Украинадагы ишин иликтеш үчүн Зеленскийге басым кылганын айтышат. Трамп Өкүлдөр палатасынын импичмент тууралуу чечимин куугунтук катары сыпаттады.