Пакистандын соту оппозиция лидери Мариям Навазды күрөөгө бошотту
Лахордун жогорку соту 4-ноябрда «Пакистан мусулман лигасы» партиясынын төрага орун басары Мариям Навазды 64 миң долларга күрөөгө бошотту. Быйыл августта Пакистандын Антикоррупциялык соту Мариям Навазды ал акционер болгон кант заводунун ишине байланыштуу камакка алган.
Лахордун Жогорку соту 25-октябрда Мариямдын атасы, мурдагы премьер-министр Наваз Шарифти да саламаттыгына байланыштуу күрөөгө коё берген. 69 жаштагы Шариф коррупцияга айыпталып, жети жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. 21-октябрда аны чукул чара көрүп, тез жардам чакырып ооруканага жеткиришкен.
Мариям Наваз ушундан кийин, атасынын ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу 24-октябрда камактан күрөөгө бошотуу тууралуу арыз менен кайрылган.