Индияда абанын булганышы кооптуу чекке жетти
Делиде бийлик жолдордогу машинелердин санын азайтуу үчүн чукул чараларды көрүп жатат. Абанын булганышы кооптуу чекке жеткендиктен дүйшөмбү күнү мектептер жабылып, элге беткап таркатылууда.
Индиянын борбор шаарын кайрадан ыш каптады. Абадагы майда зыяндуу бөлүктөрдүн концентрациясы нормадан 500 эсе ашты. Бул өз кезегинде жүрөк, өпкө ооруларынын көбөйүп, өтүшүп кетишине алып келүүдө.
Абасы эң булганган калаанын бийлиги чукул чараларды көргөнгө аргасыз. Менчик машинелердин каттамына киргизилген чектөөнү бузгандарга чоң айып пул салынат. Шаар бийлигинин расмий өкүлү 2016-жылы көрүлгөн ушундай эле чаралар абанын булганышын 13 процентке төмөндөткөнүн айтат.
Адатта Делини кара түтүн да ушул ноябрь айында каптайт. Эмне дегенде айланадагы айылдарда жашаган дыйкан чарбалар айдоо талааларын өрттөшөт. Ага кошумча ошол маалга хиндилердин майрамы белгиленип, туш-тушка салют атышат.
Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги жергиликтүү бийликти дыйкандарга чара көрүүгө үндөп жатышат. Мекеменин арызы жогорку сотто каралганы жатат.