Журналист Чынара Токонова оорудан көз жумду
4-ноябрда журналист Чынара Токонова 37 жашында оорунун айынан каза болду. Бул тууралуу анын кесиптештери кабарлашты. Алардын айтымында, журналист 3-ноябрда экинчи жолу инсульт болуп, Бишкектеги ооруканалардын бирине жаткырылган болчу.
Чынара Токонова «Булан» институтунда иштеп жаткан. Ал эмгек жолунда КТРК, НТС, 5-канал жана «Санжыра» радиосунда иштеген. 2018-жылы да инсультка кабылган болчу.
«Азаттыктын» жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.