Пакистандагы жарылуудан төрт жоокер мүрт кетти
Пакистандын уруулар байырлаган Түндүк Вазиристан аймагындагы эки башка жарылуудан төрт жоокер мүрт кетти. Рамзак районундагы жолдогу жарылуудан эки жоокер каза таап, дагы бири жараат алган. Ал эми Мир Али шаарындагы жарылуудан эки жоокер мерт болду. Бул жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө «Техрик-и Талибан Пакистандан» бөлүнүп кеткен «Хизбул Ахрар» тобунун согушкерлери алды.
Пакистан 2014-жылы Түндүк Вазиристанды исламчыл согушкерлерден тазалоо максатында аскердик операция баштаган.