Көчө шыпырткан мээрим
Өзбек мигранттары алты айдын ичинде эле мекенине 2 млрд. доллардан ашык салып, которулган акчанын көлөмү боюнча Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн сап башында турат. Ойнижон 20 жылдан бери Орусияда иштейт. Аны орус кесиптештери Коля деп атап алышкан. Коля - Екатеринбургдагы кичирайондордун биринде көчө шыпыргычтардын башчысы. Ал башында кырсыктап, бутун оорутуп алган аялынын операциясына акча чогултуу үчүн Орусияга келген.