"Freedom House": Казакстанда интернет эркиндиги начарлады
"Freedom House" эл аралык уюму Интернеттеги эркиндиктин абалы боюнча жылдык баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, интернет эркиндигин эң көп бузган мамлекет Кытай болуп чыкты.
Мурдагы советтик жумурияттардын арасынан Балтика өлкөлөрүн кошпогондо Интернет Армения жана Грузияда гана эркин. Ал эми Кыргызстанда жана Украинада жарым-жартылай эркин болуп чыкты.
Укук коргоочулардын баасында, Азербайжан, Беларус, Казакстан, Орусия жана Өзбекстанда эркин эмес.
"Freedom House" баяндамасында изилдеген 65 өлкөнүн 33үндө Интернеттин эркиндиги начарлаган. Казакстан абал начарлаган өлкөлөрдүн тизмесинде баш сапта жайгашкан.
Изилдөөдө казак бийлиги мобилдик түйүндөрдү, интернет булактарды тосмолоо, социалдык тармактарга, мессенжер, маалымат сайттарына кирүүгө чектөө киргизүү өңдүү чараларды көрүп жатканы айтылат.
Андан тышкары "бийлик мобилдик байланыш рыногун монополизациялоого, электрондук көзөөмөл жабдыктарын киргизүүгө аракет кылып жатышы Интернеттеги эркнидикти чектөөгө алып келүүдө", - деп кошумчалайт уюм.