Чек ара бекетине кол салгандардын бешөөнүн тек-жайы аныкталды
«Султанабад» чек ара отрядына караштуу «Ишкобод» тозотуна кол салгандардын бешөөнүн тек-жайы аныкталды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун тажик кызматы Тажикстандын күч органдарына жакын булагына таянып жазды.
Анын маалыматы боюнча, алардын баары Согди облусунда төрөлгөн. Бирөө өлтүрүлүп, тертөө камакта отурат. Алардын ичинен үчөө аял киши. Тажик бийлиги жана башка булактар азырынча бул маалыматтарды ырастай элек.
«Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстандын күч органдары жүргүзгөн операцияда Малохат Хайдарова, Зулхумор Жумаева, Рахбар Бокиева жана Хусейн Исломов колго түшкөнүн, ал эми Шавкат Исломов атышууда каза болгонун билдирди. Алар 20-25 жашта экени жана кармалгандарга терроризм, адам өлтүрүү, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча иш козголгону айтылды.
6-ноябрга оогон түнү Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагындагы чек ара бекетке куралдуу кол салуу болгон. Андан бир чек арачы жана милиция кызматкери каза таап, 15 жоочу жок кылынды.
Тажикстандын чек ара кызматы куралдуу топ Ооганстан тараптан өлкө аймагына 3-ноябрда мыйзамсыз өтүп келип, 6-ноябрга караган түнү чек ара бекетине кол салганын билдирди. Бул туурасында колго түшкөн жоочуларды суракка алган учурда белгилүү болгон. Чек ара бекети Дүйшөмбү шаарынан 60 чакырым алыстыкта, Өзбекстан менен чек арага жакын жерде жайгашкан.