«Ойгон, Казакстан» кыймылынын мүчөлөрү эки шаарда митинг өткөздү
Бүгүн, 9-ноябрда Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларында «Ойгон, Казакстан» кыймылынын активисттери өлкөдө саясий реформаны талап кылып митинг өткөрүштү.
«Азаттыктын» казак кызматы нааразылык акциянын алдында полиция бир катар адамдарды кармап кетип, айрымдарына эскертүү бергенин кабарлады.
Митингге «Парламенттик республика», «Мен сүйлөш үчүн уруксат алышым керек эмес» деген чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.
Казакстанда жаштардын «Ойгон, Казакстан» кыймылы быйыл июль айында түзүлгөн. Алар Казакстанда партия жана коомдук бирикмелерди түзүү үчүн коюлган чектөөлөргө каршы болуп, шайлоо мыйзамдарын кайра карап чыгууну, саясий реформаны талап кылып келишет. (BTo)