Өзбекстанда "Hugo Boss" бренди менен костюмдар тигиле баштайт
Өзбекстандын Наманган облусунда "Vakkoni" маркасы менен кийим-кече чыгарган «Люкс плюс сервис» компаниясы эми "Hugo Boss" бренди менен костюмдарды да тиге баштайт.
Тиешелүү келишимди Наманган облусунун башчысы Хайрулло Бозоров менен Германиянын "Hugo Boss" ишканасынын өкүлү түзүштү.
Маалыматка караганда, долбоордун жалпы суммасы 10 миллион долларды түздү. Долбоордун биринчи баскычында 800 жумушчу орун түзүлөт. Кийимдер Европа өлкөлөрүнө жана Орусия менен Казакстанга экспорттолот. (BTo)