Шакирмаматов күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды
Кыргызстандык спортчу Эдилбек Шакирмаматов Түштүк Кореянын Чхонжу шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.
Ал 82 кг. салмак боюнча финалдык беттеште орусиялык Асланбек Кодзаевге утулуп калды. Мелдеш 9-ноябрь күнү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Самбо федерациясы кабарлады.
Ушул эле күнү 62 кг. салмак боюнча кыргызстандык дагы бир спортчу Эрнис Капаров беттеш өткөрүп, күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпионатында коло байге алды. (BTo)