Испанияда кайрадан мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө
Сурамжылоолор премьер-министр Педро Санчестин партиясы алдыда келатканын, бирок жеке өзү өкмөттү түзө ала турган санда мандат ала албай турганын көрсөтүүдө.
350 орундуу парламентке быйыл экинчи жолу мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Апрелдеги добуш берүүдөн кийин Санчестин Испан социалисттик жумушчу партиясы өкмөттү курай албай, падыша Филипп VI жаңы шайлоо жарыялаган.
Алдын ала сурамжылоолор оппозициядагы "Элдик" партия менен эскичил-популисттик "Добуш" партиясы турумун күчтөндүрүшү ыктымалдыгын көрсөтүүдө. Маданияттын көп түрдүүлүгүнө, Испанияга мусулман мигранттарын кабыл алууга каршы чыккан "Добуш" партиясы 15% чейин добуш алышы мүмкүн.
Шайлоо Каталония автономиясында кырдаал чыңалып турган учурга да туш келди. Каталониянын көз карандысыздыгы боюнча референдумду испан бийлиги тааныбай, автономиянын ошондогу лидерлерин узак жылдарга абакка кескен. Буга байланыштуу борбордук бийликке каталондордун нааразычылыгы күчөгөн.
Сурамжылоолор бул шайлоодон кийин Каталониянын көз карандысыздыгын жактагандар борбордук парламентте турумун сактап, атүгүл бекемдей турганын көрсөтүүдө. Мындай шартта кайра эле өкмөт куроодо ит жыгылыш абал түзүлүшү күтүлүп жатат.