ТИМ Саймаитиге таандык делген автоунаанын чоо-жайын тактоодо
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитиге таандык делген автоунаанын чоо-жайын тактап жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу учурда бул иш менен алектенүүдө.
«Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөнү кабарланды. Ал киши колдуу болгон жердин жанында анын автоунаасы табылганы жана унаага консулдуктардын бирине таандык делген жасалма номер тагылганын түрк басылмалары жазып чыкты.
Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган.(BkA)