Анкара жоочу деп шектелген чет өлкөлүктөрдү депортациялай баштады
Түркия 11-ноябрда "Ислам мамлекети" террорчул тобунун мүчөсү деп шектелген Кошмо Штаттарынын жаранын өз мекенине жөнөттү.
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги, 14-ноябрда Германиянын жети жараны дагы депортацияланарын маалымдады.
Өткөн аптада түрк ички иштер министри Сулейман Сойлу Анкара "Ислам мамлекети" террордук уюмунун колго түшкөн чет өлкөлүк жоочуларын 11-ноябрдан тарта алардын өз мекенинде жарандыктан ажыратылганына карабастан жөнөтө баштарын маалымдаган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон буга чейин Сириянын түндүгүндө күрд кошуундарына каршы жортуулда "Ислам мамлекети" террордук уюмунун 300дөй чет өлкөлүк мүчөсү кармалганын жарыялаган.
Андан сырткары түрк түрмөлөрүндө башка мамлекеттердин жихадчы деп айыпталган бир миңден ашуун жарандары отурат.
Эрдоган Европа мамлекеттерин "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулуп кеткен жарандарынын тагдырына кайдыгер деп бир канча ирет айыптаган. АКШнын президенти Дональд Трамп дагы Европа өлкөлөрүн Сириядагы лагерлерде кармалып турган жарандарын алып кетүүгө чакырган.
Анкаранын Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулу маалында абактарда, лагерлерде кармалып турган жүздөгөн жоочу качып кеткени белгилүү болгон.
Британия баштаган бир катар Европа мамлекеттери "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен жарандарын атуулдуктан ажыраткан. Ошондуктан депортацияланган жарандарын кабыл алар-албасы алар баргандан кийин белгилүү болот.