Кой-Ташта жабыркаган Самат Курманкулов өз алдынча сүйлөп, басып калды
Чүй облустук милициясынын Москвада дарыланып жаткан башчысы Самат Курманкулов өз алдынча басып, сүйлөп калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда Курманкулов Москвадагы Реабилитациялык борбордо дарылануусун улантууда. Буга чейин ал атайын аппараттын жардамы менен сүйлөп жатса, учурда өз алдынча сүйлөп, басып калды.
Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жарадар болгон. Бир нече күн бою комада жатып, 11-августта Орусиядан келген дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин 12-августта Москвага которулган. Бишкекте ага эки жолу операция жасалган.
Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Курманкулов буга чейин «Эрдик» медалы менен сыйланган. Бүгүн, 11-ноябрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Москвада Самат Курманкуловдон кабар алып, ага сыйлыгын тапшырды. (BkA)