Молдова: парламент өкмөткө ишеним көрсөткөн жок
Молдовада парламент Майя Санду баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алды.
Өкмөттүн отставкасы менен аяктаган жагдайга прокуратура тууралуу мыйзамды өзгөртүү аракеттери негиз болгон. Анда Майя Санду өлкөнүн башкы прокурору кызматына талапкерлерди мындан ары премьер-министр тандайт деген жобо камтылган мыйзам долбоорду сунуштаган. Буга парламенттеги социалисттер каршы болуп, өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыгышкан.
Майя Санду бул долбоорду Венеция комиссиясына жөнөтөрүн, алардын корутундусун күтүү керектигин айткан жана өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесинен баш тартууга чакырган.
Молдова быйыл февраль айындагы шайлоодон кийин конституциялык кризиске кептелген. Москвага ыктаган президент Игорь Додон менен батышчыл Майя Сандунун талапкерлигин колдогон парламент менен Конституциялык соттун ортосунда саясий тиреш болгон.
Европа комиссиясы сентябрь айында Молдованын Еврошаркеттин алдындагы милдеттенмелери боюнча баяндамасын жарыялаган. Андан Кишинёв экономика жана банк тармагындагы бир аз реформа жасаганы белгилеген. Бирок коррупцияга каршы күрөшү «чеке жылытарлык эмес» деп айтылган.
Молдованын эгемен тарыхында парламент ушуну менен төртүнчү жолу өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды.