Гонконг: демонстранттар ээлеп алган университет полициянын курчоосунда калды
Шаардагы Политехникалык университетте дүйшөмбүгө оогон түнү өкмөткө каршы нааразылык акциясына чыгып жаткан студенттер менен полиция кагылышты. Бул окуу жайын бир канча күндөн бери жүздөгөн активист жаштар ээлеп алып, алдын тосуп, полицияны киргизбей жатышкан болчу.
Студенттер полициянын курчоосунда калган кампустан чыкканга аракет кылганда күч кызматкерлери аларга каршы жаш агызчу газ, желим таяк, желим ок колдонушту. Ошондой эле ондогон студент кармалганы белгилүү болду. Мунун алдында полиция «жапырт башаламандык уюштурду» деген айып менен бул окуу жайында окуган активисттер камаларын эскерткен эле. Ушул тушта кампуста канча адам калганы, канчасы жабыркаганы тууралуу маалымат жок.
Мунун алдында Гонконгдогу сот адам укуктарын чектейт деген жүйө менен өкмөттүн беткап кийүүгө салган тыюусун алып салган болчу.
Шаарда каршылык акцияларынын жаңы толкуну 8-ноябрдагы тоз-тополоңдо 22 жаштагы студент оор жарадар болуп, каза болгонуна байланыштуу башталган.
Шаарда бир канча айдан бери миңдеген адамды көчөгө чыгарган нааразылыкка кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору негиз болгон.
Шаардын жетекчилиги документти парламенттен биротоло кайтарып алган. Бирок демонстранттар Бээжиндин саясатынан чыкпаган жетекчилердин иштен кетишин, калайман нааразылык акцияларында камалгандардын бошотулушун, ашкере күч колдонгон полиция кызматкерлеринин жазаланышын талап кылып жатышат.